Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту


ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЛИ ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЭМЕС

 13-10-2022, 01:44

ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЛИ ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЭМЕСМектептерде инклюзияны жайылтууда кеминде бюрократия, андан дагы психологиялык коопсуз чөйрөнүн жоктугуна чейин тобокелчиликтер бар.

Он үч жаштагы Назира (аты өзгөрүлдү) угуучу аппарат колдонот, ал жабдуу ага айлана-чөйрөнү жакшы түшүнүүгө жардам берет. Кыз кичинекей кезинде кулагы кереңдигин компенсациялоо үчүн имплант жайгаштыруу боюнча операция жасаттырган.

 

Ал биринчи класстан  баштап Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде окуган.  Себеби анын мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу  кадимки мектептерге алышкан эмес. Энеси Назиранын өнүгүүсү  жакшы болсун деп, беш жылдан кийин башка мектепке окутууну чечет. 

 

«Кызымды сүйлөгөн чөйрөгө которуш керек болчу – дейт энеси. – Ал жерде [адистештирилген мектепте] манжалардын жардамы менен сүйлөшүүчү атайын [баарлашуунун өзгөчө түрү - эскертүү] дактилдик түрүн жана жандоону гана үйрөтөт, себеби сүйлөй турган чөйрө жок».

 

Назиранын ата-энеси Бишкектеги үйүнөн алыс эмес жайгашкан жатак мектеп табышкан. Бул жалпы билим берүүчү  мектеп жетим

жана кароосуз калган балдарга арналган эле. Ал жакка аны сынак убакытка үч айлык мөөнөткө алышты жана тез көнүп кетиши үчүн алтынчы класска эмес, төртүнчү класска бөлүшөт.

Назиранын энеси мугалимдер менен такай байланышта болуп, кызынын жаңы мектепке көнүүсү кандай өтүп жаткандыгын, ал мектепте кандай ийгиликтерге жетишкендигине көз салып турду. Педагогдор апасынын бардык суроолоруна оң маанайдагы жоопторду берип жатышты.

 

Бирок бир окуя баарын өзгөрттү: бир жолу Назира сабактан качып кетип, үйүнө да көпкө чейин барбай койгон. Аны ата-энеси, мугалимдер, милиция издеди. Өспүрүм  кечинде өтө кеч келгенде анын психологиялык абалы начар эле.

 

Назира кулагы укпагандыгы үчүн классташтарынын  шылдыңдаганын, анын угуучу аппаратын жана мүмкүнчүлүгү чектелүүлүгүн угуза, катуу талкуулагандыгын айтып берген. Мунун баары аны шок кылып, ал ошол класста андан ары окуй албайт.

 

Мындай окуя эмне себептен болду деп, түшүндүрмө үчүн кыздын ата-энеси мектептин жетекчилигине кайрылганда, окуу жайдын администрациясы кызды сабакка катышпагандыгы үчүн окуудан чыгарууга чечим чыгарган. Анан да, Назираны адистештирилген жатак-мектепке, тактап айтканда мурдагы окуган мектепке которууну кеңеш берген. 

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инклюзивдүү билим берүүгө жеткиликтүүлүгү Кыргызстандын үч мыйзамында – «Билим берүү жана илим жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» бекитилген. Инклюзия балдардын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгүнө, жөндөмүнүн деңгээлине жана диагнозуна карабастан бирге окууга мүмкүнчүлүк берген форма.

 

Улуттук статистикалык комитеттин 2021-жылдын март[1] айындагы маалыматы боюнча Кыргызстандагы 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын саны 32 миңди же ошол курактагы жалпы балдардын 1,3%ын түзгөн.  Ошол 32 миң баланын 10%ы гана адистештирилген мектептерде окушат.

 

Кыргызстан  2019-жылы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу жөнүндө Эл аралык конвенцияны кабыл алган жана 2019-2023-жылдарга чейин Инклюзивдик билим берүүнү өркүндөтүү жөнүндө  Программаны кабыл алган.

 

Бирок адистер мектептерде инклюзияны жайылтууга кедерги болгон бир катар көйгөйлөрдү белгилешүүдө.

 

«Көптөгөн фонддор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте стандарттарды, методикаларды, индивидуалдык пландарды жана пилоттук долбоорлорду иштеп чыгышкан, - дейт Мамлекеттик саясатты анализдөө борборунун директору, билим берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын изилдеген Алмаз Тажыбай. – бирок [Программа]дагы деле тоң моюн бюрократиянын, саясий эрктин жоктугунан жана бюджетте акча жок деген шылтоонун айынан ишке кире элек».

 

Тажыбай балдардын  жана алардын ата-энесинин инклюзияга укугунун бузулгандыгы жөнүндө бир катар башка кейстерди мисал катары келтирди. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ар бир райондо ачылган атайын комиссиялар аркылуу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин  билдирүүсү менен  [балдарды]адистештирилген интернаттарга бөлүштүрүшөт.  

 

Көптөгөн ата-энелер балдарынын башка балдар менен биргеликте мектепте окуусун, алардын да окуу жайларды тандоо укугунун болушун каалашат.

 

Дагы бир көйгөй – жалпы билим берүүчү мектептерде психологиялык коопсуз чөйрөнүн жоктугу болууда. Назиранын башынан өткөн окуя буга күбө.Ал окуганга аракет кылган мектепте өзгөчө балдар менен иш алып барган атайын балдардын психологу жок эле, ал эми педагогдор Назираны мектептин жалпы чөйрөсүнө көндүрө алган жок.

 

Классташтардын бейбаштанып басынтуусу  жана кордоосу кулагы начар кызды өзүнө кол салдырууга да түртө жаздады.

 

«Ошол окуядан кийин кызым балкондон секиргиси келди, мен аны араң алып калдым»,-деп ыйлайт Назиранын энеси ошону айтып берип жатып.  

 

 

Макала «Азчылыктардын жана маргиналдашкан топтордун укугу жөнүндө медиа-контентке үйрөтүү жана жасоо аркылуу медиа-эркиндикти, көп түрдүүлүктү жайылтуу»  долбоорунун алкагында,Canada Fund for Local Initiative (CFLI) колдоосунда даярдалды.

 

 






  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры