Информация к новости
  • Просмотров: 3091
  • Автор: admin
  • Дата: 23-07-2014, 10:52

Эран Френкель: «Көп түрдүүлүк биримдикте, биримдик көп түрдүүлүктө»

 23-07-2014, 10:52    Категория: Кыргызча, ЖМКнын көп түрдүүлүгү, Жаңылыктар


Эран Френкель: «Көп түрдүүлүк биримдикте, биримдик көп түрдүүлүктө»Бул аспекттерсиз кайсы коом болбосун толеранттуу жана гармониялуу боло албайт. Журналисттер этникалык, тилдик, маданий көп түрдүүлүк жөнүндө маалымат берип жатып, адамдарга теңчилик, ишеним жана жоопкерчилик сезимин берет.Мындай ойду испан медиа-эксперти Эран Френкель айтууда.Өзүнүн бул көз карашын ал бир далай практикалык тажрыйбасы менен далилдейт. Эран Македонияда 10 жыл бою, мамлекетте дүйнө жүзү боюнча эң ири этникалык жаңжал пайда болуп жаткан учурда жашап иштеген. Эран жергиликтүү журналисттерди позитивдүү процесстердин бөлүгү кылыш үчүн окуткан жана масс медиа менен кызматташкан. Бүгүн ал дүйнө жүзүндөгү ЖМКлар менен этникалык, инклюзивдик жана тынчтыкты орнотуучу журналистика жаатында өзүнүн билимдери менен бөлүшүүдө.

Эран Френкель июль айынын 7- 11инде Бишкекте тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар Мектеби тарабынан "Сорос – Кыргызстан” Фондунун "ЖМК аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу” долбоорунун алкагында "Маалымат эркиндиги” программасы боюнча кыргызстандык журналисттердин көп түрдүүлүктү чагылдырууда көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингдин аягында биз Эран Френкелдин бир нече суроого жооп берүүсүн өтүндүк.

- Эран, Сиз тренингде көп түрдүүлүк – журналистиканын негизги маселелеринин бири деп көп жолу белгиледиңиз. Эмне себептен ЖМКда көп түрдүүлүк темасын чагылдыруу абдан олуттуу?

- Муну бир нече себептен жасаган туура. Биринчиден, жакшы журналист болуу үчүн көп түрдүүлүктү кабыл алуу керек. Журналисттер көп түрдүүлүк боюнча өзүнүн материалынын баардык деңгээлинде кеп кылып жатканда бул социалдык капиталды жана социалдык биримдикти өнүктүрүүгө көмөк кылат. Бул коомдогу ишенимди түзгөн кыштар. ЖМК көп түрдүүлүк жөнүндө кабар берип жатып, адамдардын теңчилик сезимин камсыздайт, бул болсо өз кезегинде ишенимдик сезимине салымын кошот. А ишеним мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошот. Анан да бул абстракттуулук эмес, реалдуу.Албетте, бул эртең эле боло калбаса да, келечекте болсо да бирок сөзсүз болот. Көп түрдүүлүк боюнча материалдар адамдарды саясий процесстерге катышууга мотивациялайт. ЖМКда көп түрдүүлүктү жайылтуунун дагы бир себеби «эмне себептен бул жөнүндө сөз кылып жатабыз?» деген суроого ар түркүн көп жооптор болушу керек. Этникалык өзгөчөлүк жана талаш-тартыштар болгон учурда каршылашкан топтордун позициясы бир түрдүү деген ойго карабай, чындыгында тигил же бул проблеманы чечүүдө бир жамаатта дайыма эле ынтымактуулук боло бербейт. ЖМКнын принципиалдуу дагы бир маселелеринен болуп ар бир жамааттын өзүндө ар кандай ой пикирлер жана көз караштар, тажрыйба жана билим бар экендигин көрсөтүү. Журналисттер ошол нерселердин баарын ал жамааттан тыш кылып бериши керек.

- Сиздин бүткүл дүйнө боюнча масс медиада иштөө тажрыйбаңызга таянсак – ЖМКда көп түрдүүлүк жөнүндө кеп кылуу үчүн кандай шарттар, жагдайлар себептер болушу керек? Же бул тема журналисттердин көз алдында такай болушу керекпи?

- Теориялык көз караш менен айтканда бул теманы дайыма ойдо кармоо – жеңил, бирок практика жүзүндө бул бир топ оор эле. Теория боюнча журналист ачыктык, өзү иштеп жаткан аудиториянын алдында жоопкерчиликтүүлүк деген сапаттарга ээ болушу керек. Ал башка этностун өкүлү болгон коллегалардан кесиптик жардам алышы зарыл. Көп түрдүүлүк боюнча материалдын үстүндө иштеп жатып, журналист керек болгон маалыматты жыйып жана түшүнө албайт. Ошондуктан ага мындай иште башка этникалык топтордон болгон кесиптештеринин жардамын четке кагып болбойт. Журналисттин башка этностор менен жалпылык сезими болушу зарыл, бул цех боюнча коллегалар болобу, же карапайым адамдарбы баары бир. Анан да журналист бир нече тил билиши керек. Бирок, мындай түрдөгү журналистиканын практикасы жөнүндө кеп болгондо репортерлордун ишинде тоскоолдуктар бар экендигин моюнга алып коюш керек. Ошого байланыштуу алар да ошол тоскоолдуктарды жеңип кете албай калышат. Тренингде биз буларды талкууладык, ошондой буркан-шаркан талкуубуздун негизги темасы ЖМКнын коммерциализацияланышы жана журналистика болду. Эгерде кайсы болбосун ЖМК нын башкы максаты катары анын контекстиндеги өндүрүлгөн материалдар болушунча киреше алып келүү болсо калганынын [анын ичинде көп түрдүүлүктү чагылдырууга жоопкерчилик да] баары экинчи планга сүрүлүп ташталат. Мен мында маселенин жеңил чечилишине көзүм жетпейт. Мындай мисал келтирейин: тренингдин алдында мен «CNN» каналынын жаңылыктар бөлүмүн карадым. Сюжеттердин биринде журналист үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жөнүндө айтып берип жатты. Ал өзүнүн материалынын ар бир каарманынан окуяны сенсация кылуучу майда-чүйдөнү айттырууга басым жасап жатты. Адамдар ага каршылык кылышты, а журналист баары бир талап кылып жатты, себеби ал ошол адамдардан сенсацияны ала алса анын рейтинги көтөрүлмөк. Бул журналистиканын өтө деле жакшы мисалы эмес. Ал эми Кыргызстанды ала турган болсок көп түрдүүлүктү коомдук телеберүүдө толук түрдө берсе болот, себеби анын милдети пайда көрүү эмес, коомдун кызыкчылыгына кызмат кылуу.

- Сиздин оюңуз боюнча эгер журналисттер ошондой абдан сезимтал темалар жөнүндө кеп кылып жатканда алар тыштан карап турушу керекпи же ошол тармактагы өзгөрүүлөрдүн аракетине шыкак берүүчүлөр болушу керекпи?

- Журналистти ЖМКнын каражаты катары кароо татаал. Жалпыга маалымат каражаттары – аныктоо боюнча өзгөрүүлөрдүн каражаты. Журналисттер коомдогу өзгөрүүлөргө алып келээрин факт катары моюнга алыш керек, алардын таасиринин аркасында адамдар бир нерсеге мамилесин жана жүрүм-турумун өзгөртөт. Ошого карабай «журналистика» деген сөздүн артында көп жумуш турат. Макала жазуунун же репортаж тартуунун алдында журналисттер өзүнүн материалынын темасына жакшылап даярданганы дурус. Журналист коомчулук жөнүндө материал даярдап жатканда гана эмес, дайыма ойлонушу керек. Мен кесипке болгон мамилеге так ошентип баа бермекмин.Үйдө улутчул болуп, ал эми жумушка келгенде көп түрдүүлүктү колдогондукка мен ишенбейм, журналисттер мындай кылышпайт.

- Эран, эгер Сиз өткөргөн тренингге кандай баа бересиз, анын актуалдуулугуна жана журналисттер үчүн пайдалуулугуна?

- Этникалык көп түрдүүлүктү чагылдыруу – өтө олуттуу жана керектүү тренинг. Бирок бул жерде бир нече проблема бар:чечимди редакторлор кабыл алышат, а биз журналисттерди окутуп жатабыз. Эгерде эртең аларын редакторлору журналисттердин ишинде эч нерсени алмаштыргысы келбесе өткөрүлгөн тренингдин натыйжасы кандай болот? Ошондуктан тренингдерге ЖМКда чечим кабыл алган редакторлорду, жоопкер адамдарды, медиячыларды тартуу зарыл. Македонияда тренингдер алгач редакторлор үчүн өткөрүлгөн, анда алар эч болбосо көбүн түшүнбөсө да этникалык көп түрдүүлүк идеясын кабыл алышты. Ошондо гана алар анын маанисин түшүнөт, мына ошол көп натыйжа бере баштайт. Эгерде бизде практикага көп убакыт болсо мен ага да көңүл бөлмөкмүн: алар Бишкектин көчөлөрүндө ары-бери басышмак, жаңы материал чогултушмак тренинг маалында алган билимдерин пайдалануу менен материал жазышмак; алар даярдалган тексттер менен бөлмөдө иштешпей, көчөдө иштешмек.

 

- Эран, Сиз көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча журналисттерге кандай кеңештерди бересиз?

- Мен кыргызстандык журналисттердин этникалык көп түрдүүлүк боюнча жөнөкөй нерселерди, практикаларды чагылдыруу ыңгайлуу жана көнүмүш дейм: алар мультиулуттук жана мультидиний Кыргызстанды курууга кантип жардам беришери дайын болду. Бирок аларга конфликттин контекстинен сырткары көп түрдүүлүк, маданияттын түрү жана этникалык жамааттар жөнүндө маалымат берүү ыңгайсыз. Себеби жамааттардын талаш-тартышы жана ар түрдүүлүгү – бул такыр башка нерселер. Сиздер көп түрдүүлүктү качандыр бир талаш-тартыш болуп өткөндүгү үчүн даярдашыңыз керек эмес, бул сиздин болгон турпатыңыз экендигинен, бул сиздин жашооңуздун бөлүгү жана бул нормалдуу экенинен кабар бериши зарыл. Журналисттерге көп түрдүүлүктү талаш-тартыштын контекстинде эмес чагылдырууга үйрөнгөнү оң, жана алар бул тармакта көп тажрыйба жыйышы керек.


Автор: Алика Карабаева, "ММКлар аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу” долбоорунун координатору. 
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры