Информация к новости
  • Просмотров: 2611
  • Автор: admin
  • Дата: 18-09-2022, 15:16

Инга Сикорская: чыр-чатактарды чагылдырууда тынчтыкты орнотуучу журналистика

 18-09-2022, 15:16    Категория: Кыргызча, Вебинарлар


Инга Сикорская: чыр-чатактарды чагылдырууда тынчтыкты орнотуучу журналистикаТынчтыкты орнотуучу журналистика же тынчтык журналистикасы деген эмне экенин, анын эл аралык практикада кандай аталарын билесиӊерби?

Бул – позитивдик журналистикабы?

Бул – бийлик кѳйгѳйдү кантип чечип жатканы жѳнүндѳ айтып берген баяндардын эсебинен чыр-чатактарды жумшартуубу?

Же бул – чагылдырып жаткан жаӊжалдын калыс хронологиясына негизделген фактылар менен пикирлердин теӊдемиби?

Жогорудагы үч суроонун бири дагы тынчтыкты орнотуучу журналистика болуп эсептелбейт. Себеби, журналистиканын бул багыты таптакыр башка принциптерге негизделген.

Тынчтык журналистикасындагы үч «БОЛБОЙТ» эрежеси:
– Чыр-чатакты жумшартууга БОЛБОЙТ; – Чыр-чатакта күнѳѳлүүлѳрдү издегенге БОЛБОЙТ; – Пикирлер менен талаптарды аныкталган факты катары тираждоого БОЛБОЙТ.

Тынчтыкты орнотуучу журналистика редакторлор менен кабарчыларга конфликттерди чагылдырууда ТАНДОО мүмкүнчүлүгүн берет. Башкача айтканда, алар аудиториянын конфликтке карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуусун камсыздоо үчүн кайсы фактыларды жана кандай контекстте берүү туура боло тургандыгын чече алат. Жаӊжалдар медиалардагы күндѳлүк жаӊылык билдирүүлѳрүнүн негизги бѳлүгүн ээлейт жана эл зордук-зомбулук жѳнүндѳгү маалыматты тынчтыкты сактоо үчүн  иш-аракеттин стандарттуу багыты сыпатында кабыл алып, түшүнѳт.

Бул болсо, маалымат ресурстарында алдыӊкы орундагы сенсациялуу жана согуш жѳнүндѳ жаӊылыктарга суроо-талап менен бирге, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын ролу да ѳсүп жатканын түшүндүрѳт. Журналисттер бейпилдик демилгелерин жаратуу үчүн коомдук пикирди пайда кылуу менен чыр-чатактын, согуштун же зомбулуктун ар кандай перспективаларын түшүнүү максатында  изилдѳѳ, талкуулоо жана диалог түзүү кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ тийиш.

Тынчтык журналистикасы – редакторлор менен кабарчылар коомго чыр-чатакка карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуу мүмкүндүгүн берүү максатында аудиторияга кайсы окуяларды жана кандай жол менен билдирүү керектигин тандоосу.

Эл аралык журналистиканын тарыхында ММКлар чыр-чатактарды козутуу боюнча айыпталган учурлар да бар. Кѳбүнчѳ бул же конфликттик абалды туура эмес чагылдырууга, же жеткилеӊ текшерилбеген маалыматка байланыштуу.

Ошондуктан, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын принциптерин түшүнүү этнос аралык, конфессия аралык, бир диндин ичиндеги, топтор аралык жана социалдык конфликттер сыяктуу эӊ татаал маселелерди чагылдырууда чыгармачыл ык-амалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Тынчтык журналистикасынын аспаптары тѳмѳнкү маселелерди чагылдыруу үчүн колдонулат:

  • этнос аралык
  • конфессия аралык
  • бир диндин ичиндеги
  • топтор аралык
  • социалдык чыр-чатактар.
  • Тынчтык журналистикасынын принциптери:

    Тынчтыкка багыттуулук

    Биринчи жана эӊ негизги эреже: эгер силер жогорудагы конфликттердин бирин чагылдырып жатсаӊар, анда проблеманы  тѳмѳнкү 3 негизги аспект боюнча изилдеп чыгуу зарыл:

    а) бул конфликттин тараптары кимдер

    б) чыр-чатактын ар бир тарабынын максаттары эмне

    с) тараптарды чырга алып келген эмне кѳйгѳйлѳр бар.

    Элден чыр-чатактар алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасирин тийгизгенин, кандай ѳзгѳрүүлѳр болушун каалаганын, лидерлеринин позициясы жалгыз жана мыкты натыйжа болуп-болбогонун сурагыла.

    Ошондой эле, тараптарды алардын лидерлерине гана цитата келтирип сыпаттабагыла.

    Бул эрежелерди сактоо менен, силер конфликттин эки тарабы үчүн бирдей баяныӊардын «оӊуштуу» деп аталган жалпы бейпил багытын пайда кылып, аны чечүү үчүн талкуу жарата аласыӊар. Мындай иш-аракетиӊер менен чырдашкан эки тарапты бирдей карайсыӊар,  репортажыӊарда экѳѳ теӊ «жеӊишке жете алат». Ошентип, балансты камсыздаган болосуӊар.

    Мисалы, кишилердин социалдык топторунун: шаардын кичи райондорундагы парк аймагына жакын кѳп кабаттуу үйдѳ жашаган, жер, экология үчүн күйүп-бышкан  жарандар менен базарда иштеген, жеке турак-жайлары жок, медициналык кызматтар жеткиликтүү болбогон ички мигранттардын ортосунда чыр чыкты. Алар балдарын алып барып, дарылатып турчу оорукана жакын жерде орун алгандыктан, парктын аймагына жайгашып алышты. Кичи райондун тургундары буга каршы чыгып, ортодо чыр-чатактар башталды.

    Аудиторияда ар бир тараптын муктаждыктары боюнча күмѳн саноолор болбошу үчүн силер бул эки проблеманы теӊ бирдей даражада кѳрсѳтүүгѳ тийишсиӊер. .

    Баяныӊардын  оӊуштуу багыты ошондой эле кѳӊүлдү конфликтке буруу жана келип чыгуусу мүмкүн болгон КѲРҮНБѲГѲН кесепеттердин алдын алуу максатында жаӊжалды проблема катары карап чыгуу үчүн ачык мейкиндикти түзүү дегенди да билдирет. Кѳрүнбѳгѳн кесепеттерге оору, травма, зордук-зомбулук, структуралык, маданий, экологиялык зыяндар кирет.

    Фактыларга багытталуу

  • Иш-аракеттеги экинчи принцип – бул фактыларга гана багытталып, бардык тараптардын калпын чыгаруу жана кыйдылыктардын бетин ачуу. Фактыларга багытталууда ар бир тараптан бирдей кѳлѳмдѳ маалымат алып, аларды текшерип чыгышыӊар керек.

    Бизде мисалы үчүн, кандайдыр бир социалдык конфликтти иликтѳѳдѳ  кыйдылык катары, жаӊжалдын тараптарынын артында турган жана таптакыр башка максаттарды кѳздѳгѳн кээ бир адамдар же саясий күчтѳр; балким кайсы бир олигархтардын коммерциялык кызыкчылыктары аныкталып чыгышы мүмкүн. Мунун баарын фактологиялык маалыматтарды издѳѳ жана салыштыруу жолу менен анализдеп чыгуу талап кылынат.

    Массаларга жана катардагы кишилерге багытталуу

    Тынчтык журналистикасындагы үчүнчү эреже – бул массаларга жана катардагы кишилерге багытталуу.

    Маргиналдуу топтордун, азчылыктардын сѳздѳрүн уккула, алардын ичинен кайсы тарапка тиешелүү экендигине карабастан, «тынчтыкты орнотуучуларды» тапкыла. Репортажыӊар кандай таасирге ээ болорун ошондо кѳрѳсүӊѳр.

    Жеке практикаман бир мисал келтирейин.

  • 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндѳ болгон этнос аралык жаӊжал учурунда мен ал жакка барып, окуя болгон жерден материал даярдап жатканда, жѳнѳкѳй элдин ичинен ѳздѳрүнүн тобунда кадыр-барктуу, чатакташкан тараптарды жараштыруу үчүн чечкиндүү лидерлердин потенциалдуу тибин бѳлүп чыктым. Алар чатакташкан тараптардын ичинде жашаган, бирок эки жак менен теӊ бирдей сүйлѳшүп, аларды кѳндүрѳ алган кишилер болчу. Кан тѳгүлгѳн абалды жѳнгѳ салуу боюнча аракеттерин байкап, ѳзүм үчүн эске алып койдум. Кийин, алар менен маектешип, «Кыргызстанда калыӊ элге күчү жеткен эр азаматтар» деген аталыш менен материал жаздым. Корутунду катары, зомбулукту эскалациялоону токтотуу үчүн ортомчулук ык-амалдарды колдонуу сунушталган. Натыйжада, тынчтыкты орнотуучу материалда кайраттуу жарандарга жасалган басым аудиториянын кѳӊүлүн тынчтыкты сүйгѳн коомго бурууга, ал эми бийликтегилерге  – жаӊжалды токтотуу боюнча жердик демилгелердин күчүн кѳрсѳтүүгѳ жардам берди

    Чечимге багытталуу

    Тынчтык = зомбулуксуздук + чыгармачылык.

    Ошентип, биз тынчтыкты орнотуу журналистикасынын ЧЕЧИМГЕ БАГЫТТАЛУУ деп аталган тѳртүнчү принцибине келип жеттик. Бул болсо, биз баяныбызда Тынчтык = зомбулуксуздук + чыгармачылык  деген формуланы кеӊири колдоно алабыз дегенди түшүндүрѳт.

    Ѳзүӊѳргѳ «Конфликтти деэскалациялоого жардам бериш үчүн эмне кыла алам?» деген маанилүү суроону бергиле.  Тактап айтканда, жаӊжалдын масштабын кичирейтүү, чыӊалууну азайтуу, тынчтык процессине ѳтүү. Бул чындап эле эӊ сонун милдет эмеспи! Чыгармачылыктын аудиторияга чагылдырылып жаткан окуянын кѳрүнбѳгѳн жактарын кѳрсѳтүүдѳ экендигин түшүнүү менен жооп түзгүлѳ. Бул принципти ишке ашыруу ыкмаларынын бири болуп, «карама-каршы тарапка жетүү» эсептелет. Кесипкѳй журналисттер эки тарап үчүн жалпы мааниси бар нерселер жѳнүндѳ окуя, баяндарды табуу аркылуу чатакташкан тараптардын ортосундагы барьерлерди жеӊип чыгууга жардам бере алышат.


    Мисалы, буларга экологиялык проблемаларды чечүүдѳгү жалпы ык-амалдар, бизнестин келечеги, саламаттыкты сактоо кызматтарына мүмкүндүк алуу же айыл чарба иш-аракеттерин жүргүзүүнүн жаӊы ыкмалары кириши мүмкүн. Ал эми баяндар эки жак теӊ бѳлүшѳ турган чечимдер тууралуу айтып берүүгѳ тийиш.

    Жогорудагы шаардыктар менен ички мигранттардын ортосундагы социалдык конфликттин мисалында кѳп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын арасынан ички мигранттар менен алардын маселелерин чечкен жана түрдүү себептерге байланыштуу мигранттар бара албаган ведомствонун ортосунда  арачы боло турган кадыр-баркка ээ лидерди таап чыгууга болот. Ички мигранттардын парк аймагына жайгашуусу  –болгону конфликттик аспап!

    Тынчтыкты орнотуучу журналистика конфликтке сезимтал окуяларды чагылдыруудагы негизги – тараптарды сыпаттоодо эч качан кастык тилин колдонбоо эрежесин катуу сактайт.

    Кишилер кабылган окуяны сүрѳттѳп берүү үчүн эмоционалдык сѳздѳрдүн туура эмес колдонулушуна ЖОЛ БЕРБЕГИЛЕ.

    "Геноцид”- бүтүндѳй элди жок кылуу.
    "Трагедия” – бирѳѳнүн катасы же алсыздыгы ѳлүмгѳ алып келген драманын формасы.

    "Кыргын” – куралсыз жана коргоосуз кишилерди атайылап ѳлтүрүү.

    "Бузук”, "таш боор”, "ырайымсыз” "варвардык” террорист, фанатик, экстремист, фундаменталист.

    Бул жек кѳрүүчүлүк лексикасы карама-каршы тараптын сүрѳттѳѳсүндѳ гана колдонулат. Ал эми журналист мындай  тилди колдонсо, анда тараптардын бирин жактап жаткан болот. Башкача айтканда, объективдүүлүк менен калыстык сакталбай калат.

    Кѳнүгүү

     


     

    Эми тынчтыкты орнотуучу журналистиканын элементтери боюнча салыштыруу кѳнүгүүсүн аткарып кѳргүлѳ. Эки жаӊылыкты анализдеп чыгып, алардын кайсынысы тынчтыкты орнотуучу журналистиканын моделине туура келерин аныктагыла. Себебин кѳрсѳткүлѳ. Муну түшүнүү үчүн ѳзүӊѳргѳ берген суроолордун тизмесин түзгүлѳ.

    Скачать упражнение миротворческая журналистика

     

     

  • https://school.cabar.asia/ky/video/inga-sikorskaja-chyr-chataktardy-chagyldyruuda-tynchtykty-ornotuuchu-zhurnalistika/
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры