Информация к новости
  • Просмотров: 5504
  • Автор: admin
  • Дата: 23-09-2022, 16:01

ЖМКлар СОГУШКА ЭМЕС, ТЫНЧТЫККА УМТУЛУШУ ЗАРЫЛ

 23-09-2022, 16:01    Категория: Кыргызча, Жаңылыктар


Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин кайрылуусунда - Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жана согуштук аракеттердин жүрүшү жөнүндө аудиторияга маалымат берген Борбор Азиянын ЖМКсы жана журналисттери өзүлөрүнүн материалдарында тынчтыкка багытталган каражаттарды колдонушу керек деп айтылат.

 

Медиадагы күнүмдүк жаңылыктардын негизги бөлүгүн кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусу ээлегенин медиа айдыңына жүргүзүлгөн анализ көрсөткөн.

 

Аудитория кагылышуу, курмандыктар, зомбулуктар жана аскерлердин аракеттери жөнүндө маалымат алып жатты. Бирок медиаконтенттин көбү согушка басым жасады.

ЖМКда тынчтыкты демилгелөөнүн ар түрдүү варианттарын анализдеген жана сунуштаган, аны чечүүгө багытталган материалдар жокко эсе болду. 

Тынчтыкты орнотуу мектеби журналисттерди жана интернетте контент жаратуучуларды тынчтыкты орнотуучу журналистиканын  ыкмаларын пайдаланууга чакырат.

Бул метод редакторлор менен репортерлорго болуп жаткан окуялардан кайсынысын тандоо керектигин жана кантип бериш керектигин, конфликтиге зордук-зомбулукка түртүүчү реакция кылбаганга мүмкүнчүлүк берет.

Төмөндөгү бир катар сунуштар бул максатка жетүү үчүн силерге жардамчы болот:


1. Тынчтыкты орнотуучу журналистиканын принциптери тынчтыкты куруу аракетин, фактыларга, карапайым адамдарга көңүл бурууну жана чечимдерге багытталгандыкты сунуштайт.

Материалды даярдап жатып өзүңөргө: «Жаңжалдын басаңдашына мен кандай жардам бере алам?» - деген суроо бергиле.

«Каршы тарапка жетүү» методун пайдаланып, согуш араларын бөлгөн карапайым адамдар үчүн жалпы ыкмаларды издегиле.


2. Жаңжалга катышкан тарапты лидерлеринин сөзүн келтирүү менен аныктабагыла. Өзүңөрдүн репортажыңарда «ЖОК»  деген 3 эрежени кармангыла:  
            - конфликтти жумшартпа;
            - Күнөөлүүлөрдү издебе;
            - ой-пикирлер менен дооматтарды аныкталган факт катары жайылтпа.

3. Талаш-тартышты аудиторияга ачык-айкын жеткирүү зарыл. Чек арадагы куралдуу кагылышууну көйгөй катары карап, талаш-тартыштын себептерин көңүл чордонуна коюу абзел.

 

4. Репортаждарда зордук-зомбулуктун көрүнбөгөн кесепеттерине (жаракаттар, структуралык / маданий чыгым) көңүл буруу керек.

 

5. Фактыларга таянып жалган маалыматты ар тараптан ашкерелөө зарыл.

 

6. Куралдуу кагылышууну баяндоодо көңүлдү аскерлерге эмес, адамдардын массасына койгула – кыйынчылыкка туш болгондорго, аялдарга, кары-картаңдарга, балдарга. Азчылыктарга сөз бергиле жана жөнөкөй тынчтыкка данакер адамдарды тапкыла.

 

7. Жеткиликтүү булактардан маалымат жыйноодо тынчтыкты орнотуучу ыкмаларга таянуу абзел жана Борбор Азиянын медиа чөйрөсүндөгү мультитилдүү контекстти эске алуу керек. Региондордогу жергиликтүү тилдерге которулган, ар кайсы тилдерде жайылтылган маалыматтар бир аз туура эмес кабылданышы мүмкүн. Ошондуктан ыкчам маалыматты жарыялоодогу бардык билдирүүлөрдө цитаталарды келтирүүдө жана окуяларды баяндоодо  тактап алуу абдан маанилүү.

 

 Репортажда ЖАСАЛБАЙ турган нерселер:

 

1. Жаңжалды ким баштаганын жазып, күнөөлөөдөн алыс болуу керек. Анын ордуна жалпы проблемаларды табуу туура болот.

                                                                                          

2. Талаш-тартышты бир максатты гана көздөгөн эки каршы тарап катары бербеген жакшы. Мунун логикалык жыйынтыгы – бирөө жеңиши жана бирөө жеңилиши керек. Тынчтыкты жактаган журналист бул эки тарапты көптөгөн топторго бөлүп, көптөгөн максаттардын башын ачып, бир катар жыйынтыктарга жетүү менен бир топ чыгармачылык  потенциалды ачып «ажыратышы» керек. 

 

3. Өз тарабыңдагы лидерлердин сөздөрүн билдирүү менен тараптарга өзүңө карата бир жактуу деген пикир калтырба.

 Анын ордуна чыныгы максатты аныктагыла:

Жаңжал адамдардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этип жатат? Алар кандай өзгөрүүлөрдү каалашууда?

                                                                                 

Лидерлер билдирген позиция жалгыз эле туура жолбу, башкалардын ичинен эң жакшысыбы?                                                                                                                             

4. Зордук-зомбулук саясатынын артыкчылыктарын анын бир гана көзгө көрүнгөн натыйжаларына жараша баалоодон качкыла.

 Анын ордуна салыштырмалуу байкалбаган натыйжаларды издөөгө аракет кылган туура. Мисалга: психикалык травмалардын узак мөөнөткө созулган залакасы, балким, жабыр тарткандар келечекте башка адамдарга карата заалим болот же зомбулук кылаттыр. Же жабыр тарткан топтор башка топторго, башка мамлекеттерге каршы чыгышы мүмкүн.  

 

5. Репортаж жана жаңылыктарда «бузулган», «заалим», «айбандарча» жана «жапайы» деген сын атоочтордон качыңыз.

 Бул сөздөр бир тарапты баяндап жатып, экинчи тараптын эмне кылгандыгына басым жасайт. Анын ордуна жасалган иштер жөнүндө кабардар экендигиңерди билдиргиле, канча маалымат билсеңер ошону бергенге аракет кылгыла.

 

13. «Террорист», «экстремист», «фанатик» деген клишелерди колдонбогонго аракет жасагыла.  Булар дайыма «биз» тараптан «башка тарапка» багытталат. Бул сөздөрдү өзүн баяндоо үчүн эч ким колдонбойт, мындайча айтканда, бул клишелерди пайдаланган журналист эки тараптын бир тарабына жан тарткан болуп эсептелет.  Анын ордуна адамдарды өзүдөрү берген ат менен атоого аракет кылгыла.

 

14. Кийинки чечимдер үчүн бир гана «өз» тараптагы лидерлердин билдирүүсүн күтүүдөн качкыла. Анын ордуна кайдан болбосун, тынчтыкты орнотуучу демилгелерди изилдегиле.

Азыр, медиа чөйрө жалган маалыматтарга толуп турганда тынчтыкты орнотуунун демилгелери  үчүн коомдук пикирди түзүү маанилүү.

 

Муну жаңжалдын пайда болуу себептерин, аны изилдөөгө көңүл бурган аналитикалык жана иликтөөчү репортаждардын жардамы менен ишке ашырса болот. Бул көзгө урунбаган мүмкүн болгон кесепеттердин алдын алууга жардам берет.  

 

 

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры