Информация к новости
  • Просмотров: 871
  • Автор: admin
  • Дата: 17-04-2014, 17:22

“ЖМК аркылуу ар түрдүүлүктү жайылтуу” долбоору ишке кирди

 17-04-2014, 17:22    Категория: Кыргызча, ЖМКнын көп түрдүүлүгү, Жаңылыктар


Долбоор маданий жана этникалык ар түрдүүлүк боюнча контентти өнүктүрүүгө, КР ЖМКдагы этника аралык диалогдун конструктивдүү ролун күчтөндүрүүгө, ар кандай тилдеги маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган, толеранттуулукту жайылтуу.

Долбоордун алкагында ар түрдүүлүк темасын чагылдыруунун деңгээли жана оригиналдуу медиа контенттердеги ар кыл тилдердин суроо-талаптары анализге алынат. Бул изилдөөнүн негизинде адистер толеранттуулукту, көп тилдүүлүктү, жарандык өзүн таанууну тарбиялоону максат кылган ар түрдүүлүктү таратуу идеясынын механизмин иштеп чыгышат.

Мунун дагы бир негизги компоненттери катары этника саясатынын ишке ашырылышына жооп бере турган бийлик өкүлдөрүнүн, саясатчылардын, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы коомдук дебаттар болот. Талкуунун жыйынтыгы боюнча аудториянын ар түрдүүлүк жана тил укуктарынын маселелериндеги маалымдуулукту жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштар иштелип чыгат.

Мындан бөлөк, жогорку компетенттүү чет элдик машыктыруучулардын алдында жергиликтүү телеканалдардын, радиостанциялардын жана он-лайн репортерлорунун редакцияларда ар түрдүүлүктү уюштуруу маселелеринде маалымдуулугун жогорулатуу, көп маданияттуу коомдо репортаждарды даярдоо көндүмдөрүнө үйрөтүү, азчылыктардын укуктарын чагылдыруу, дискриминациялык көрүнүштөрдү жоюу ошондой эле мультимедиялык технологиялар боюнча семинарлар уюшулат.

Журналисттер сапаттуу контентти түзүү жана ар түрдүүлүктү жайылтуу идеясын ишке ашыруу үчүн күчтүү мотивация алышат.

Долбоордун ишке ашырылышынын этаптары боюнча маалымат “Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин” (www.ca-mediators.net) жана «Сорос – Кыргызстан» фондунун ( www.soros.kg) сайтында, социалдык тармакта (https://www.facebook.com/peacemakingkg?ref=hl) жарыяланат жана электрондук таркатмада жөнөтүлөт.

Уюм жөнүндө:
“Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби Кыргызстанда жана Борбор Азияда тынчтыкты орнотуучу журналистиканы алгалатууга, тынчтыкты орнотуунун механизмдерин үйрөтүүгө, обьективдүү жана адилеттүү журналистиканы орнотууга, аймактардагы репортерлорду жаңы медиялык технологияга үйрөтүүгө, ЖМКда жана Интернетте душмандашуу тилине изилдөө жүргүзүүгө багытталган. “Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин” алкагында көп деңгээлдүү тренингдер жана вебинарлар өткөрүлөт, студенттер жана медиа-волонтерлорду даярдоо жүргүзүлөт.
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год