Информация к новости
  • Просмотров: 929
  • Автор: admin
  • Дата: 22-01-2014, 23:45

Түштүк Кыргызстандын кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде басып чыгарылган жана онлайн басмаларынын журналисттери үчүн тренинг-семинарга катышууга конкурс жарыялайт

 22-01-2014, 23:45    Категория: Кыргызча » Изилдөөлөр » Душмандашуу тилине медиа-мониторинг


Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technology) түштүк Кыргызстандын кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде басып чыгарылган жана онлайн басмаларынын журналисттери үчүн тренинг-семинарга катышууга конкурс жарыялайт.  

Тренинг ЖМКда тынчтыкты орнотууну илгерилетүү, тынчтыкка жетишүү үчүн жаңжалдардын көйгөйлөрүн ачык-айкын талкуулоого журналисттердин жөндөмдүүлүктөрүнө демилге берүү, карама каршы турган жактардын ортосунда "көпүрөлөрдү” түзүү ыктарына, маектешүүгө даяр болгон ар кандай коомдордон жигердүү топторду таап чыгуу техникаларына, бар болгон стереотиптерди талдоого жана аларды бузуу ыкмаларына үйрөтүү максатында уюштурулган.

Түштүк Кыргызстандын журналисттери үчүн төрт күндүк тренинг-семинар Балкандар жана түштүк Кавказ сыяктуу дүйнөнүн жаңжалдуу зоналарында медиа-маек түзүү боюнча иш жүзүндөгү бай тажрыйбасы бар медиа-эксперттердин тажрыйбалуу командасынын кол алдында өткөрүлөт. 

Иш-чара интерактивдүү талкуу, теория менен практиканы айкалыштыруу формасында болуп өтөт.

Тренингдин тили – орус тили, материалды жакшы өздөштүрүү үчүн тренинг-семинарда мамлекеттик тилге синхрондук котормо уюштурулат.

Өткөрүлө турган жер – Бишкек, датасы – 2013-жылдын 14-, 15-, 16-, 17- апрели (келүү – 13-апрель, кетүү -18- апрель). Баардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

Тренинг-семинарга катышуу үчүн 2013-жылдын 1-апрелине чейин www.ca-mediators.com сайтындагы электрондук анкетаны толтуруу же резюмеңиз менен жүйөлүү катты дарек боюнча жөнөтүү зарыл. Жүйөлүү катта эмне үчүн Сиз бул тренингге катышкыңыз келерин, жана андан ары бул Сиздин кесиптик иш-аракетиңизге кандай таасир этерин белгилешиңиз керек. Ошондой эле peacemakingschool@gmail.comэлектрондук адресине паспортуңуздун сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтүү зарыл.  

Конкурстук табыштамалар толук жыйнак болгондо гана каралат.

ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ:

Долбоордун иш-аракети тынчтыкты орнотуу журналистикасын Кыргызстанда жана Борбордук Азияда илгерилетүүгө, тынчтыкты сактоо боюнча механизмдерге үйрөтүүгө, калыс жана чынчыл журналистиканы курууга, аймактардагы кабарчыларды жаңы медиялык технологияларга үйрөтүүгө багытталган.

Туруктуу негизде иштеген Тынчтыкты орнотуу мектебинин алкагында көп деңгээлдүү тренингдер жана вебинарлар, студенттер үчүн стажировкалар жана медиа-волонтерлорду даярдоо жүргүзүлөт.

Узак мөөнөттүү программа катары түзүлгөн SchoolofPeacemakingandMediaTechnologiesСорос-Кыргызстан Фондусу жана АКШнын Демократияны илгерилетүү улуттук институту тарабынан каржыланат. 
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Жоокерлер машине бөлүктөрүнүн базарынын жанында массалык башаламан убагында Ош ш., июнь 2010-жыл

  • Медиация жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тренингдин катышуучулары “Тынчтык мунарасын” куруп жатышат, Бишкек, апрель, 2011-жыл

  • Стереотиптерди бузуу боюнча журналисттер үчүн тренинг, Бишкек, апрель, 2012-жыл

  • Мультиулуттук журналисттик топтордо командалык репортаждарды жасоо боюнча семинар, Бишкек, август, 2012-жыл


Он-лайн курс




Билим берүү жана тренингдер


Зордукчул экстремизм  менен медианы жана калкты маалымат менен кабардар кылууну күчөтүү аркылуу күрөшүү

Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектеби,Network ofSocial Mediators, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык…

Калганы


Вебинарлар


Медиаторлуктагы уюштуруу саясаты

Калганы


Наши услуги


ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕ

ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕГруппа независимого мониторинга, экспертизы и анализа Школы миротворчества оказывает поддержку, проводит  консультации и внесудебную экспертизу по вопросам, связанным с высказываниями или распространением информации в Интернете.

ПОМНИТЕ: независимая оценка спорного контента является весомой доказательной базой при рассмотрении дел и может повлиять на его исход. Инструменты и практики квалификации контента, разработанные и применяемые в экспертизах Школы миротворчества базируются на последних мировых разработках анализа онлайн контента позволяют делать квалифицированные выводы и заключения. 

Эксперты Школы миротворчества входят в группу авторов-разработчиков МЕТОДИЧЕСКОГО РУКОВОДСТВА по проведению  комплексной судебной психолого-лингвистической и религиоведческой экспертизы в Кыргызской Республике, которая была издана в марте 2017 года и станет одним из главных документов для Центра судебных экспертиз Минюста КР.

 

 

 

Подробнее

Медиа-инновациялар лагери



Ичкериден кароо





Өнөктөштөр