Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту


ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИ

 14-01-2022, 15:52

 

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИ"Шайлоо алдындагы дискурста кастык тилин” изилдөө Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин эксперттери тарабынан КРда Интерньюстун "Медиа-К" долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 28-августунан 15-ноябрына чейин жүргүзүлдү.

ЖМКда жана интернетте парламенттик шайлоо өнөктүгү басаңыраак чагылдырылды жана кастык тили орточо болгондугу байкалды. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчётуна ылайык, социалдык тармактардагы жек көрүүнү козуткан сөздөрүнүн булагы – онлайн-талкуулардагы араздаштыруучу тил болуп калды.

2021-жылдагы шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки дискурста кастык тилинин төмөндөшүн эксперттер сөз эркиндигин чектөөгө багытташы мүмкүн болгон өзүнө цензура кылуунун күчөөсү деп эсептешүүдө. Бул "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга жана өлкөдөгү саясий жана конституциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу Жогорку Кеңешке (КР Парламентине) шайлоонун бир жылга кеч жарыяланышы себеп болушу мүмкүн.

Дагы башка факторлор - COVID-19 оорусуна жана вакцинацияга байланышкан маселелердин көбүрөөк талкуулангандыгы болду. Ошондой эле коомчулуктун үзгүлтүксүз саясий өзгөрүүлөрдөн жана шайлоолордон социалдык чарчоо адамдардын талкууга тартылуусун төмөндөттү. Мындан бөлөк, социалдык тармактардын платформалары өзүлөрү көзөмөлдөгөн кастык тилин жана жалган маалыматтарды активдүү өчүрө баштады.

 

Медиамониторинг маалында троллдордун активдүүлүгү катталды. Эксперттер бул сапар да троллингде бир жыл мурун өткөн парламенттик үгүт маалында жана 2021-жылдын декабрь жана январь айларында өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо учурунда документтештирилген окшош стилистика жана тоналдуулугу катташкан.

Изилдөөдөгү маалымат боюнча этникага шилтеме кылган комментарийлер жана посттор бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү аудитория үчүн актуалдуу болуп эсептелет. Бул маселе шайлоо тематикасындагы онлайн дискуссияларда такай талкууланып турган. Ошондой эле эксперттер кастык тилинин динамикасын талдап, сабырсыздыктын түрү боюнча он бир трендин катташкан, изилдөөнүн ар кайсы аралыгында ошол тренддердин себебин аныкташкан.

Ошондой эле ачык дискурстагы жек көрүүчү клишелер, конфликтогендик стереотиптер, араздаштыруучу тил классификацияга бөлүштүрүлдү. Толук талдоо жыйынтыктоочу отчетто берилген.

Изилдөөчүлөрдүн бийликке сунуштоосу:

- КРда басмырлоого каршы мыйзамды тез арада кабыл алууга шарт түзүү зарыл, аны иштеп чыгуу боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча Комитеттин 2019-2022-жылдарга ведомстволор аралык иш-чаралардын планына киргизилген;

- Бардык деңгээлдеги билим берүүчү программаларга, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн да кептик этиканы киргизип, адамдын тийиштүүлүгү жөнүндө суроо берүү этикага жатпай турганын жана аны ачык дискуссияда көтөрүү туура эместигин түшүндүрүү зарыл;

Донордук агенттиктер жана эл аралык уюмдарга кастыкты козутууга арналган иштердин эл аралык методдорун бөлүшүүгө жардамдашуу, Кыргызстанда сөз эркиндигин өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоо менен биргеликте кастык тилине үзгүлтүксүз медиамониторинг жүргүзүүнү колдоо;

ЖМК, журналисттер жана интернет-колдонуучулар үчүн негизги сунуштамалар социалдык тармактагы өзүнүн аккаунтундагы комментарийлерди (жаап салуу же өчүрүү эмес!) башкаруу тажрыйбасына багытталган. Бул цензурага кабылбоо, сөз эркиндигин жана плюрализмди колдоо үчүн абдан маанилүү.

«ЖМКлар редакциялык эрежелерин жаңыртуусу, жек көрүүчү контент, комментарийлер, анын ичинде троллингдик комментарийлер менен иштөөнүн так каражаттарын түзүшү зарыл. Журналисттер үчүн өзүнүн жеке аккаунтунда шайлоо кампанияларын чагылдырган материалдарды жарыялап жатып, окуяларга комментарий берген атайын этикет иштеп чыгуусу керек» - делет докладда.

Уюм жөнүндө. Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби – медианы өнүктүрүүнү, коом менен байланышууну, сөз эркиндигин жайылтууну, медиадагы кастык тили жана дискриминация менен күрөшүүнү максат кылган уюм. Медиа-изилдөөлөргө жана онлайн-контентти экспертизалоого, ЖМКда, интернетте жана публикалык дискурста кастык тилин иликтөөгө, сезимтал тематикага кампанияларды уюштурууга, журналисттерге жана онлайн контентти уюштуруучуларга, укук коргоочуларга, анын ичинде талаш-тартыш бар аймактарда тренингдерди уюштурууга адистешкен.

www.ca-mediators.net;

https://www.facebook.com/peacemakingS/;

peacemakingandmediaca@gmail.com

 

 

 

 

 

 






КРда ШЫЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИ

 29-11-2021, 12:46
КРда ШЫЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИ
2-чыгарылышта Кыргызстанда 2021-жылдын парламенттик шайлоо алдындагы тема боюнча тандалган интернет-басылмалардагы жана социалдык тармактардагы 29-сентябрдан 15-ноябрга чейинки улантылып жаткан кастык тилин, кемсинтүүчү клишелерге, стереотиптерге жана талаш чыгарган билдирүүлөргө (формулировкаларга) көп тилдүү медиамониторинг жана талдоонун жыйынтыгы көрсөтүлдү. Эксперттер келе жаткан шайлоо жөнүндөгү материалдар боюнча  талдоого алынган аралыкта 66 онлайн-ресурста, анын ичинде Facebook, Twitter Instagram жана You Tube группаларынын форумдарында жана жеке баракчаларында жайгаштырылган колдонуучулардын контентин  изилдешкен. 
 
Катталган кастык тилинин динамикасын талдоо изилдөөнүн мурдагы жолкусуна салыштырмалуу бир аз (+1,5%) өскөндүгүн  байкаган. 
Эгерде өткөн медиамониторинг аралыгында алар сегиз болсо, мунусунда – он. Эксперттер шайлоо алдындагы дискурска троллдордун кайра "кайткандыгын” белгилешкен, ал бул отчётто ачык билдирүүнүн белек түрү катары талдоого алынды.
 
Троллингде бир жыл мурдагы парламенттик үгүт маалында жана өткөн жылдын декабрында жана 2021-жылдын январында өткөн президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоолордо документтештирилген окшош нарратив, араздаштыруучу  тил, клишелер, тоналдуулук жана коннотациялар аныкталды. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча бул факт троллдордун мурдагы эле командасы иштеп жаткандыгынан кабар берет. Алар башка ник алганы менен алардын билдирүүсү көбүнчөсү мурдагы эле кептик чабуул коюп жүргөн персоналарга багытталган. 

Октябрь жана ноябрдагы билдирүүлөрдө оппоненттерге карата адамгерчиликсиз метафораларды колдонуунун деңгээли түштү. Бирок кастык тили башка – этникалык, гендердик жана тилдик категорияларга жогорулаган. 

Жыйынтыктардын ичинде ЖМКнын мурдагы жылкы парламенттик кампанияга караганда активдүүлүгүнүн төмөн болгондугу байкалды. Ал убакта медиа чөйрө партиялар жөнүндө маалыматка, альтернативдик  материалдарга каныккан эле, ал эми интернет-форумдар эркин талкууларга бай болчу. 
Парламенттик шайлоо тууралуу маалыматтардын астындагы көптөгөн жаңылыктар ленталарына комментарийлер же жарыяланбай, же ылганып, катуу модерациядан өтүүдө. Интернеттеги пикир лидерлери да өтө активдүү эмес жана этият болушууда, бул алардын контентинен байкалды. 
Бул аянтча бир топ тарыды жана журналисттер менен кээ бир колдонуучулардын өзүн цензуралоосу, чектөөсү бар  экендигин изилдөөчүлөр байкаган. 
Балким бул талапкерлердин сынына бийликтин реакциясына, ошону менен катар талапкерлерге "өзүнүн сөзүнө жооп берүүсү”  жөнүндө эскертүүсүнө байланыштуудур. 
Медиа мониторингдин бардык аралыктарынын жыйынтыгы  боюнча сунуштамаларынын пакети шайлоодон кийинки финалдык отчётто жарыяланат. Ал эми аралыктагы этапта эксперттер саясий каршылаштарды, ар кандай идеологияларды жана диний уюмдарды сындоо талкууларда тыюу салынбашы керектигин, бул плюрализмдин жана сөз эркиндигинин эл аралык укуктук стандарттарынын алкагына жатаарын эске салат.    





ШАЙЛОО-21 АЛДЫНДАГЫ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИ

 20-10-2021, 13:35
 ШАЙЛОО-21 АЛДЫНДАГЫ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИ1-чыгарылыш Кыргызстанда 2021-жылдын парламенттик шайлоо алдындагы тема боюнча тандалган интернет-басылмалардагы жана социалдык тармактардагы 28-августтан 28-сентябрга чейинки улантылып жаткан кастык тилин, кемсинтүүчү клишелерге, стереотиптерге жана талаш чыгарган билдирүүлөргө (формулировкаларга) көп тилдүү медиамониторинг жана талдоонун жыйынтыгы болуп эсептелет.

Медиамониторинг сандык жана сапаттык ыкмаларга – сынчыл дискурс-талдоого жана контент-талдоого негизделген. Маалыматты топтоонун жана аны документтештирүүнүн алгачкы баскычында талдоонун компьютердик лингвистикалык системасы, ачык ресурстар[1] менен катар контентти атайы индикаторлордун жана каражаттардын[2] жардамында кол менен жыйноо ыкмасы пайдал

Негизги талдоо ЖМКдагы жаңылыктын алдындагы, социалдык тармактардын барактарындагы жана группалардын колдонуучуларынын комментарийлерине, ошондой эле визуалдык контентке жүргүзүлдү.

Отчётто берилген материалды кайрадан басып чыгарууда булак шилтемеси милдеттүү түрдө берилиши керек. БАдагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебине тийиштүүлүгү так эмес материалдарды пайдалануу үчүн авторлордон алдын ала уруксат суроо талап кылынат.

Баяндамадагы бир катар мисалдар кастык тилин жана жек көрүүнүн башка түрлөрүн камтыган булактарга шилтеме берип келтирилген. Бул мисалдар кайра жарыялоо максатын көздөбөйт жана изилдөө максатында келтирилген, түзүүчүлөр ал материалдардын мындан аркы жайылышына жоопкерчилик албайт.

Бул басылмада колдонулган материалдардын, репортаждардын, макалалардын посттордун аталыштары, визуалдык контент баяндама түзүүчүлөрдүн көз карашын билдирбейт, ал изилдөө аралыгындагы талданган медиа тексттердин шилтемеси катары гана каралат.

 

Отчет БАдагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби тарабынан КРдагы Интерньюстун Медиа-К долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул басылма АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби жооптуу жана ал USAID-дин, АКШнын Өкмөтүнүн же КРдагы Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

 

 


[1] Mention, Tweet Deck, News Briefs

[2] Медиамониторингдин жана изилдөөнүн методологиясы 13-бетте.

 

 

 






КРда ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИ

 20-10-2021, 13:24

КРда ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИБорбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин эксперттериАКШнын өнүктүрүү (USAID) боюнчаэл аралык агенттигинин каржылоосундагы Кыргыз Республикасында Интерньюстун Медиа-К долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 28-августунан 28-сентябрына чейинки «КРда шайлоо алдындагы дискурста кастык тили» медиамонитрингинин 1-чыгарылышын сунуштайт.

 

Бир ай бою изилдөөчүлөр КР Жогорку кеңешине депутаттарды шайлоо темасындагы кастык тилинин тренддерин, динамикасын изилдешти, жек көрүүнүн форма менен түрлөрүнталдашты. Ага тандалып алынган 63 онлайн-ресурс, анын ичинде форумга жайгаштырылган колдонуучулардын контенти, Facebook, Twitter жана Instagram группаларынын жана жеке баракчалары да кирген.

Эксперттер бул шайлоо кампаниясынын аралыгындагы документтештирилген кастык тилинин деңгээли 3,5%ды түзгөндүгүн, бул өткөн 2020-жылдагы парламенттик шайлоодогуга караганда 2% төмөн экендигин белгилешти. Ачык дискурска мындай таасир берүү бир нече факторлор менен байланышкан. Алардын ичинде өлкөдөгү саясий жана конституциялык өзгөрүүлөрдүн айынан шайлоонун бир «жылга кечиккендиги», COVID-19 пандемиясына байланышкан кырдаал, электр энергиясынын кымбаттоосу, баалардын өсүүсү, Кумтөр алтын кен ишканасынын мамлекеттик башкаруусуна өткөндүгү, мыйзамдардын жаңы КР Конституциясына ылайык инвентаризацияланышына окшогон бир катар коомдук көйгөйлөрдүн актуалдуу болушу таасир берди.

 

Башка жыйынтыктардын ичинде кастык тилин жайылтуучулар бутага белгилүү саясатчыларды, жана эмки шайлоого да партиялык тизме же бир мандаттуу округдардан аттанаарын билдирген ЖКнын депутаттарын, ошондой эле аял-талапкерлерге жана саясий партиялардын тарапташтарын алгандыгы, дискуссиялык группаларда кемсинтүүчү клишелер, жаңжал чыгаруучу стереотиптер, карама-каршылыктуу жана уят лексика, ошондой эле адамгерчиликсиз метафоралар менен эмоционалдык жана маданий коннотациялар пайдалангандыгы көрсөтүлдү.






ОНЛАЙН-ЧӨЙРӨДӨ КАСТЫК ТИЛИНЕ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА АНЫ ТАЛДОО УЛАНТЫЛУУДА

 3-05-2021, 16:02

ОНЛАЙН-ЧӨЙРӨДӨ КАСТЫК ТИЛИНЕ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА АНЫ ТАЛДОО УЛАНТЫЛУУДА

ЖМК коомго онлайн-чөйрөдө жакшыраак багыт алуусуна жардам бериши керек. Бүгүнкү күндөгү орун алган жек көрүү риторикасы, троллинг жана жалган маалымат шарттарында так ишеничтүү булактарды аныктай билүү, сапаттуу маалыматты жана фактыларды жалган маалыматтардан ажырата алуу, объективдүү журналисттик иликтөөнү жүргүзө билүү абзел.

Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби Кыргызстандагы Интерньюстун АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Медиа-К» долбоорунун колдоосунда жана кастык тилине улантылып жаткан мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун алкагында онлайн чөйрөдөгү кептик агрессиянын учурларын документтештирүүдө.

Ачык мейкиндиктеги кастык тилинин динамикасы анын өтө жогорку деңгээлде калгандыгын көрсөтүүдө.

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата алынган жыйынтыктар, мониторинг жасалган контенттин дээрлик үчтөн биринин ар кандай формадагы жек көрүүчүлүк сөздөрүн камтыгандыгын көрсөттү. Бул айрыкча КРнын Конституциясын өзгөртүү боюнча өткөн референдуму, 2021-жылда[1] өткөрүлгөн жергиликтүү жана мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо туурасында онлайн-талкууларда өзгөчө байкалды.

Сабырсыздыктын жана бурмаланган маалыматтардын толкуну 2021-жылдын апрелинин акыркы күндөрүндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жөнүндө кабарлар пайда болуп, күчөгөндө да аныкталды.

COVID пандемиясы маалындагы кризистен улам күч алган Кыргызстандагы мазмундуу коомдук-саясий күн тартиби журналисттерди жана интернет колдонуучуларды өз пикирлерин жигердүү билдирүүгө түртүүдө. Бирок бул маалыматтык таштандылар, текшерилбеген маалыматтар жана атайын бурмалоолор менен коштолууда.

Ушундан улам, эксперттер социалдык тармактардагы аныкталган жана жасалма аккаунттардан тараган кастык тили, троллинг жана дайыма эле ишенимдүү боло бербеген билдирүүлөрдүн ортосундагы корреляцияны катташкан. Үзгүлтүксүз маалымат агымы, кептик агрессия, дезинформацияаудиториянын арасында эмнеге ишениш керек деген суроону курч коюуда. Ошондуктан, ал маалымат фактылары жана алардын жайылыш масштабы, маалыматты бурмалоо процессинин башкы катышуучу адамдары жана алардын максаттары жөнүндө журналисттик иликтөөлөр өтө зарыл[2].

Бул жерде туура маалыматты коргоо жана жайылтуу үчүн контент түзүү жана жайылтуунун жаңы жолдорун пайдаланган ЖМК башкы ролду ойношу керек. Аудиторияны маалыматты сын көз менен баалоосуна үндөп, жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, медиа сабаттуулугун жакшыртуусун колдогон ЖМК.

Пикирин эркин билдирүү укугун сактап, аны коргоо зарылдыгы жөнүндө өкмөттөрдүн жана коомчулуктун маалым болушун жогорулатуу максатын көздөгөн Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү журналисттерге жана Интернеттеги контент жаратуучуларга жогорку стандарттарды жана этиканы сактоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Бул маалыматтык экологияны жакшыртууга жана кастык тили менен жалган билдирүүлөргө жооп кайтаруунун узак мөөнөттүү чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи.



1.2020-жылдын 15-декабрынан 2021-жылдын 1-май айы аралыгындагы талдоо.





COVID-19 пандемиясы үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө алып келди

 15-03-2021, 12:38

COVID-19 пандемиясы үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө алып келдиКыргызстандагы кризистик борборлордун адистеринин пикиринде, уланып жаткан эпидемия шартында кесепеттерди жумшартуу үчүн таасирди күчөтүү жана чаралардын атайын комплексин иштеп чыгуу талап кылынат.

Коронавирустун жайылышы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө "тымызын пандемия” – аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун күчөшү менен коштолууда. Кыргызстан да бул көрүнүштөн четте калган жок.

Жергиликтүү укук коргоочулар үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыгуучу стресске түрткү болгон жана аялдар менен балдарга карата зомбулук коркунучун күчөткөн социалдык обочолонуу маалында документтештирген айрым кейстерге көңүл буруп жатышат.

Адатта үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын аты-жөнү жана окуясы алардын жеке коопсуздугу үчүн ачыкка чыгарылбайт, бирок кээ бир кейстер ачыкталып, көйгөй канчалык курч экени көрүнүп турат.

Мисалы, карантин учурунда Ысык-Көл облусунда жашаган бир аял кичине балдарына байланыштуу "ишеним телефонуна” кайрылган. Күйөөсү жана кайындары аны үйдөн кубалап жиберип, балдарын алып калышкан. Дагы бир аял кошунасынын сексуалдык зомбулугуна кабылганын айтып кайрылган. Жардам сураган келиндердин дагы бири күйөөсүнүн жана кайындарынын ур-токмогуна кабылып жатканын айтып берген. Өлкө аймагы боюнча каттоого алынган мындай окуялар аз эмес.

"Сезим” кризистик борборунун маалыматына караганда, 2020-жылы карантин учурундагы бир ай аралыгында эле Бишкектен жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынан жардам сураган 92 кайрылуу түшкөн.

КРнын Теңчилик үчүн Коалициясынын мүчөсү болгон «Шанс» кризистик борборунун кызматкерлери да үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынан кайрылуу көбөйгөнүн белгилешти.

Алардын айтымында, 2020-жылдын биринчи жарымында эле жардам сурап телефон чалгандар он эсе көбөйгөн. Аялдар жакындарынын уруп-согуусуна, басымына жана зомбулуктун башка да түрлөрүнө кабылып, натыйжада ден соолугу жана психикалык саламаттыгы жабыркаган, алардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун изилдөөчүсү Хиллари Марголис Кыргызстанда зомбулукка кабылганын айтууга аракет кылган аялдар абдан катуу  басымга дуушар болушу коркунуч жаратып жатканын белгилөөдө.

Мунун баары коркуунун айынан, зомбулуктун курмандыгы арыз жазып, жазык ишин козгото ала турган мыйзам бар экенине жана ага карата жасалып жаткан ырайымсыз мамиледен арылууга жардам берүүчү кызматтарга карабастан болууда.

Бирок пандемия жана социалдык обочолонуу маалында жумушсуздуктун көбөйүшү, айлык маяна албай калуу, мектептердин жабылышы зомбулукка кабылып келген аялдардын коркунучун ого бетер күчөттү.

Ошол эле учурда, кризистик борборлордун адистери белгилегендей, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы биргелешип реакция жасоону күчөтүү маанилүү.

Бул чаралардын катарында алар өзгөчө кырдаал учурунда Шелтер кызматтарын калыбына келтирүү жана ылайыкташтыруу, иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу, укук тартибин коргоо жана медицина мекемелери менен, "базалык” деп эсептелүүчү жана өкмөттүн планына кирүүчү социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөр менен кызматташтык түйүнүн бекемдөө зарылчылыгын атап жатышат.

Макала Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин "Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылды.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.





МАЙЫПТУУЛУГУ БАР АЯЛДАР КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН ЧЕГИНДЕ

 27-02-2021, 07:31

МАЙЫПТУУЛУГУ БАР АЯЛДАР КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН ЧЕГИНДЕЖарымынан ураганы калган үй, короодо агып жаткан сууга жеткенге мүмкүнчүлүктүн жоктугу, дарынын жетишсиздиги – бул 34 жаштагы Айгеримдин (аты өзгөрүлдү) COVID-карантин маалында башынан өткөргөн кыйынчылыктардын толук эмес  тизмеси. Ал кол арабанын жардамы менен жүргөн майыптуулугу бар ички мигрант аял.

Пандемия күчүнө кирген маалда киргизилген карантин учурунда Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилген жана медициналык кызмат чектелүү болгон учурда Айгерим өтө кыйынчылыктарда жашады. Ал Пандемия баштала элек учурда Баткенден Бишкекке келип, майыптуулугу бар  адамдар үчүн тренингдерге катышып жүргөн жана андан кийин үйдөн иштей баштаган.

Бирок COVID-19  анын пландарын өзгөрттү.

Анын дене табы көтөрүлүп, алы куруп бир нече күн кыйналды. Айгерим өтө кыйын кырдаалга туш келди, себеби ага ажатканага баруунун өзү эле чоң түйшүк жаратты. Өз алдынча суу алып, суусунун кандыруу мүмкүнчүлүгү да кыйынчылыкка турду.

Мурда жардам берип жүргөн, Чүй облусунун жанындагы айылда жашаган ассистент коменданттык сааттын жана Бишкек шаарына санитардык-карантиндик посттон өтүүгө тыюу салынгандыктын айынан Айгеримге жете албай жатты.

Майыптуулугу барлардын көбүнүн мындай оор кырдаалга кептелгендиги мындай адамдардын социалдык коргоо системасынын даярдыгынын жоктугуна байланыштуу ого бетер тереңдеген. Алар кыйналышып, дене табы ысып жатышты, медициналык кызматка жана дары-дармектерге жеткиликсиз  болушту.

«Кыргызстанда карантин киргизилгенде мындай өзгөчө кырдаалда калган адамдарга жардам берүү үчүн маалыматтын топтому жок болчу», – дейт үч жүз майыптуулугу бар жарандын башын бириктирген «Равенство» майыптуулугу бар адамдардын бирикмеси» КБнын төрайымы  Гульмира  Казакунова.

Дагы башка көйгөй – өзгөчө кырдаалдарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жардам берүү механизмдеринин укуктук базасынын жоктугу болду. Ошондуктан, активисттер бул оор кырдаалда жардамдарды  колунан келишинче өзүлөрү уюштурушту же персоналдык арыздар менен профилдик уюмдарга кайрылып жатышты.

Пандемия маалында калктын аялуу катмарына карата стигманын жана басынтуунун көбөйгөн, ал фактыларды КРдагы Теңчилик үчүн коалициянын эксперттери документтештиришкен.

«Назик Кыз» уюмунун маалыматы боюнча бул расмий эмес бирикмеге кирген майыптуулугу бар көптөгөн аялдар карантин маалында ачкачылыкта калышкан. 2020-жылдын апрелиндеги пандемияда капыстан киргизилген Өзгөчө кырдаалга байланыштуу алардын басымдуу бөлүгү өзүлөрүнүн пенсияларын же жөлөк пулдарын  ала албай же банктан чыгара албай калышкан. Майыптуулугу бар адамдардын өз алдынча банкка жетүүсү жана кезекке туруусу өтө кыйынга турган, себеби коомдук транспорт дагы иштеген эмес.

«Майыптуулугу бар аялдардын ачкачылыгынын кооптуу деңгээли, медициналык жардамга жеткиликтүүлүгү, жашоого каражатсыз калуусу алардын колдоо жана жардам алууга мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты», – дешет  коалициядагылар.

2020-жылы КРдагы бир катар уюмдар чыгарган «КРдагы аялдардын жана эркектердин абалына COVID-19 оорусунун таасири. Оперативдүү гендердик талдоо» деген изилдөөнүн маалыматына караганда алгачкы таанылган майыптуулугу барлардын ичинен аялзатынын саны 43%ды түзгөн.

Карантин маалында майыптуулугу бар аялдар репродуктивдүү саламаттык тармагындагы медициналык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу кошумча түйшүктөргө жана чакырыктарга туш болгон.

Макала Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин "Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылган.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.





АЯЛ-ЖУРНАЛИСТТЕР ОНЛАЙН-ТАРМАКТАГЫ ГЕНДЕРДИК КЫРДААЛ БОЮНЧА КЫРДААЛДЫ ТАЛКУУЛАШТЫ

 21-02-2021, 21:41

АЯЛ-ЖУРНАЛИСТТЕР ОНЛАЙН-ТАРМАКТАГЫ ГЕНДЕРДИК КЫРДААЛ БОЮНЧА КЫРДААЛДЫ ТАЛКУУЛАШТЫАял-журналисттер жана активисттер онлайн-тармактагы гендердик кырдаал жана стигма боюнча кырдаалды талкуулашты, басынтууну айырмалоону жана ага каршы күрөшүүнүн каражаттарын, агрессивдүү кырдаалдарда өзүнүн психо-эмоционалдык абалын жакшыртуу үчүн тобокелчилик факторлорун баалоону үйрөнүштү.

Семинар Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар тарабынан Canada Fund for Local Initiatives (CFLI) колдоосунда уюштурулган.

Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келген катышуучулар ЖМКда, Интернетте жана ачык дискурста аялдарга карата стереотиптин, стигманын деңгээлине мониторинг жүргүзүү, документтештирүү жана талдоо аркылуу гендердик теңчиликти жана аялдардын укугун жайылтууга багытталган долбоордун алкагындагы тренингде чогулушкан.

Өзүнүн кесиптик ишмердигинде коркутууга, агрессияга жана стереотиптүү мамилеге кабылган көпчүлүк журналисттер жана активисттер интернет-чөйрөдө гендердик сабырсыздыкты заманбап аныктоонун усулдарын, терс кесепеттерди жумшартуу үчүн алдын алуучу техникаларды жана жолдорду билишти.

Басынтууну аныктоо жана классификациялоо боюнча топторго бөлүштүрүлгөн практикалык сабактарда катышуучулар басынтуунун түрлөрүн аныктоого жана алардын айырмасын ажыратууга үйрөнүштү.

Акыркы сессияда журналисттердин жана активисттердин иш маалындагы психоэмоционалдык абалын талдоого көңүл бурулду. Тобокелчилик факторлорун аныктоого багытталган аналитикалык көнүгүүлөр жана интерактивдүү дискуссия жана коргонуунун персоналдык механизмдерин иштеп чыгуу көптөрүнө ички резервди кантип иштетүү керектигине жана зарылчылык келип чыкса өзүндөгү ички психологиялык жардам берүүнү кантип уюштуруу керектигин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Ошондой эле иш-чарада Кыргызстанда аялдарга карата көп жайылтылып колдонулган стереотиптерди, сабырсыздыкты жана коркутууларды аныктаган «Кыргызстандын медиатармагындагы гендердик стереотиптер» аттуу изилдөөнүн бет ачары өттү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча бир катар сунуштамалар даярдалган жана аларды иш-чаранын катышуучулары талкуулашты. Сунуштамалар бийликтегилерге, ЖМКларга жана жарандык коомдун уюмдарына жөнөтүлөт.






Пандемия майыптуулардын медицинага жеткиликтүүлүгүн чектеди

 21-02-2021, 07:34

Пандемия майыптуулардын медицинага жеткиликтүүлүгүн чектедиПандемия маалында чектөө иш-чаралары Кыргызстандагы социалдык  аялуу топторду басынтууну күчөтөт жана алардын укугун чектейт.

Майыптууларды басмырлоо фактыларын документтештирген активисттер  жалгыз калган майыптууларга, көзү начар көргөндөргө жана начар уккандарга, ошондой эле менталдык жактан майыптарга жекече кам көрүү керектигин айтышууда.  

Социалдык жардам көрсөтүүчү атайын топтор, «ишеним телефондору», жашоого маанилүү дары-дармектердин кошумча тизмеси жана кайра калыбына келтирүү бөлмөлөрү – бул пандемия маалында майыптууларга колдоо көрсөтүүчү жана өмүрүн сактап калчу аргалар.  

Аскар Турдугулов, активист, «Жизнь после травмы позвоночника» (Омуртка жаракат алгандан кийинки жашоо), видеоканалын алып баруучу, майыптуулардын кырдаалдарына көз салган блогер. Ал  карантин маалында менталдык жактан жабыркаган адамдар эмне болуп жаткандыгын түшүнө да алышкан жок дейт. Мына ошонун  кесепетинен кээ бирлер депрессияга түшүп кетишти, кээ бири андан да жаман абалда болду. Бирок, эч жактан жардам келген жок деген оюн билдирген. 

«Жакында менталдык майыптыгы бар бир кыз өтүп кетти – дейт блогер. – бул көңүл чөккөндүгүнөн болду».  

Турдугулов Кыргызстандагы  2020-жылдын мартында катталган COVID-19 пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдын киргизилишиндеги медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктүн бузулушуна көңүл бурдурган. 

Ал «туура эмес дарылоо  же өз убагында дарылабоону», «дарыгерлердин жоктугун», «[Майыптууларга] үйгө дарыгерлерден эч ким келбей койгондугун» факт катары келтирген. Мындан бөлөк, анын сөзү боюнча «гуманитардык жардам [майыптууларга] көрсөтүү зарылчылыкка жараша эмес, баш-аламан болгон». 

Кыймыл-аракети чектелген, майып араба пайдалангандар COVID-19 оорусунун биринчи толкунунда транспорттук чектөө киргизилгендигине жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишмердигинин өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу физикалык жеткиликтүүлүгү чектелген – дейт Балдардын укугун жана кызыкчылыгын жайылтуу боюнча Коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын изилдөөчүлөрү. 

«Эгерде бирөө жарым COVID-19 менен ооруп калса алар инфраструктуранын ыңгайлашпагандыгынын жана финансылык каражаттарынын жоктугунун жана дары ала албагандыгынын айынан КТдан өткөнгө, өпкөсүн рентгенге тарттырганга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болгон», – делет Ассоциация жакында жарыялаган отчетунда.

Карантин маалында майыптыгы бар аялдардын арасында ачка калгандар көп болгондугун Теңдик үчүн Коалиция, адам укуктары  жана басынтуунун бардык формалары жана ксенофобияга каршы күрөшкөн  Кыргызстандын расмий эмес   бир катар уюмдары каттаган. 

Өзгөчө кырдаал маалында майыптуу аялдардын көбү өзүнүн жөлөк пулун же пенсияларын ала албай же банк эсептеринен албай калышкан. Майыптуу адамдарга өз алдынча банкка барууга жана ал жерде кезек күтүүгө өтө оор болгон, себеби коомдук транспорт иштебей жаткан. 

Мында кырдаал жашоо менен аёосуз күрөшүүгө мажбурлаган деп белгилейт Коалиция.

Майыптуу, үзгүлтүксүз жардамга муктаж аялдардын дагы бир тобу саламаттык сактоо системасына жеткиликтүүлүктө кыйынчылыкка кептелишкен, ал эми алардын жардамчылары аларга жете алышкан эмес.  

Жалгыздап жашаган майыптуу адамдар Кыргызстандагы  өзгөчө кырдаал  жарыяланган шаарлар боюнча эркин жүрө алган эмес. 

Майыптуу адамдарга ошол оор мезгилде негизинен ыктыярчылар жана ӨЭУлар  жардам берип жатышты, бирок бул жеткиликтүү болгон эмес. 

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын март айынан баштап бул макала жарыяланган аралыкта Кыргызстанда COVID-19  менен ооругандардын  саны 85 071 жеткен, ал эми алардын ичинен  1 426 каза болгон. 

Күн сайын чыккан статистикада оорунун саны мурдагы жылкыга салыштырганда аз көрүнгөнү менен укук коргоочулар  пандемия коркунучу бар дешүүдө. 

Ошондуктан мамлекет адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугунун кепилдеши жана  басынтуудан алыс болуусун камсыздашы керек.

Анан да бийликтегилер майыптууларга жардам берүүдө ишти жакшы башкарышы үчүн Турдугулов бардык операторлордон акысыз чала турган ишеним телефон каналын, ал эми начар уккандар үчүн Telegram-бот  ачууну сунуштады. 

Майыптуулардын укугун жайылтуунун башка чарасына ооруканаларга жеткиликтүүлүк, кезек күтүүдө жана тез жардам чакырууда тоскоолдуксуз тейлөө болушу керек.  Буга ошондой эле, өтө муктаж дары-дармектердин тизмесин дагы кошуу туура.  

«Социалдык коргоонун райондук башкармачылыгында майыптуу жалгыз жашаган адамдардын тизмеси болушу керек. Биринчиден мына ошолорго барып, алардан кабар алып, телефон чалыш керек болчу. Бирок, эч ким анткен эмес»,- дейт активист.

2019-жылы Кыргызстан БУУнун Майыптуулардын укуктары жөнүндө конвенциясына кошулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жеткиликтүү чөйрө жана инфраструктура менен камсыз кылуу, аларга бардык укуктар менен эркиндиктерди камдоо, ошондой эле жакынкы 10 жылга финансылык пакет каралган бул программаны ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган. 

Фото Аскар Турдугуловдун жеке архивинен

Макала Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылган. 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт. 





ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ЖАНА КИЙИНКИ ДИСКУРСТА КАСТЫК ТИЛИ ЖАНА САРКАЗМ

 16-02-2021, 13:27

Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун "Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 15-декабрынан 22-январга чейинки аралыкта жүргүзүлгөн "Шайлоо алдындагы жана кийинки дискурста кастык тили жана сарказм” изилдөөсүн сунуштайт.

Бул изилдөө көп тилдүү медиамониторингдин жана тандалып алынган онлайн медиа жана социалдык тармактардын контентиндеги Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо тууралуу талкууларда учураган кастык тилинин анализине негизделет.

Президенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы кастык тилинин документтештирилген деңгээли парламенттик шайлоо мезгилиндеги көрсөткүчтүн жарымына барабар болгону аныкталды. Бирок бул коомдо талаш-тартыштын маданияты же тармактык этиканын деңгээли жогорулаганын билдирбейт.

Эксперттер муну үгүт кампаниясынынпассивдүүлүгү, талапкерлердин бир өңчөй курамыменен шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өткөнү, ошондой эле ар түрдүү коомдук-саясий окуялар көп болуп кеткенинен улам журналисттер, колдонуучулар жана спикерлер "социалдык түгөнүүгө" дуушар болгону менен түшүндүрүшүп, бул себептер ошол учурдагы жагдайларга кызыгууну азайтып, коомдук талкууга да өз таасирин тийгизди деп белгилешет. Изилдөөчүлөр кастык тилинин тенденцияларын жана динамикасын изилдеп, аны чыдамсыздыктын түрлөрү боюнча классификациялашкан жана бир тенденция экинчи тенденциянын жайылышына түрткү берген себептерди аныкташкан.

Диаграмма 1. 2020 жана 2021-жылдардагы шайлоо дискурстарында талданган материалдардагы чыдамсыздык тенденцияларынын салыштырма динамикасы

Мындан тышкары, социалдык тармактарда жана форумдарда Интернеттеги жалпыга маалымдоо каражаттарындагы адепсиз лексика, жаргон жана кордоо сөздөрүнкамтыган материалдардын астынан бир катар куйкум жана маскаралоокомментарийлерижана сүрөттөр табылды. Маскаралоо, сарказм сөздөрү конкреттүү бир адамдыаудитория тарабынан негативдүү кабыл алышынкүчөтүү жана кастык тилин жашыруу үчүн колдонулган.

Ошондой эле интернеттеги талкууларда жана ЖМКларда түрдүү пикир келишпестиктерди чакырган, оппоненттердин позицияларын бурмалоогобарган туура эмес аргументациялар документтештирилди. Баяндамада кастык тилинин мындай лексикаларынын түрү Батышка каршы риторикада көрүнгөнү, талапкерлерге жана ар түрдүү инсандарга чындыкка туура келбеген паралеллдер айтылып, аларды жаныбарлар менен салыштырып, гумандуулукка жатпаганметафораларды түзүшкөнү айтылат.

Эксперттер аудиторияга коомдук дискурста толеранттуу технологиялардын натыйжалуулугун түшүндүрүү максатында маалыматтык кампанияларды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү, пикирлердин плюрализмин жана сөз эркиндигин эске алуу менен саясий туура лексика жана стилистиканы жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялык практикасына киргизүү боюнча ишти улантууну сунушташат. Ошондой эле азчылыктардын, калктын социалдык жана басмырланган топторунун үнүн жакшы чагылдырып, аудиторияга алардын конституциялык укуктарын түшүндүрүп берүү керек, ошондой эле медиада жарыяланган макалалардын астында жооптуу журналистика (модерация, алдын-ала модерация) менен иштөө керек. медиа.







  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры