Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту


ЖАШТАРДЫН КАТЫШКАН ЛАБОРАТОРИЯЛАР АЛАРДЫН САЯСИЙ ЖАШООГО ТАРТЫЛУУСУНА ДЕМ БЕРЕТ

 2-11-2018, 18:56
ЖАШТАРДЫН КАТЫШКАН ЛАБОРАТОРИЯЛАР АЛАРДЫН САЯСИЙ ЖАШООГО ТАРТЫЛУУСУНА ДЕМ БЕРЕТ

2017-жылы "Балдардын укугун коргоо лигасы” КФнун долбоорлорунун менеджери Асель Юсупова жаштар катышкан "Муундардын диалогу” устаканасында модератор болду.

Лаборатория адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин XIфестивалынын алкагында өттү.

Аселдин ою боюнча "Муундардын диалогу” эң маанилүү устаканалардын бири болду, себеби жаштар коомго инновациядан чыгармачылыкка чейинки көп нерсени жана жаңы чыгармачылык ой-жүгүртүүнү сунуштай алышат деп эсептейт.

- Менин көз карашым боюнча, инновациялык укук коргоочу лабораториялар диалог түзүүчү аянтчанын жаңы формасы эле эмес, бул глобалдык проблемаларды белгилеп алуу жана аны издөө, ой-пикир алмашуу үчүн платформа, жаңы чакырыктарга жооп берүү, бул урматтоого жана ишенимге негизделген эркин диалог. Демократияны курууда алардын катышуусу жарандардын активдүү позициясын шарттайт, социалдык жоопкерчиликти бекемдейт жана демократиялык процесстердин жана институттардын бекемделишине шарт түзөт. Бүгүнкү жаш адамдар – бул эртеңки лидерлер жана чечим кабыл алуучу адамдар. Лабораториялардын ишинин жыйынтыгы боюнча биз жаштардын коомдук турмушка тартылуусунун зарылчылыгы, алардын саясий институттардын ишине катышуусуна көмөктөшүү керектиги жөнүндө рекомендациялардын пакетин кабыл алдык. Эгерде жаштар өзүлөрүнүн укугун билишсе, ошого жараша алардын жарандык коомдун ишмердигине, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматтардын ишмердигине катышуусу боюнча мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Жаштарды тартуунун механизмдери ар түрдүү болушу мүмкүн, жаштардын парламентинен баштап эл аралык уюмдардын ишмердиги менен аракеттешүүдөн ыктыярчылык ишмердикке чейин, мамлекеттик кызматка орношуу жана чечим чыгаруу процесстерине катышуу, отчеттуулукту камсыздоо боюнча демилгелерден укук реформалары жана жаштар уюмдарына колдоо көрсөтүүгө чейин.

Бүгүнкү күнү саясий тармак тажрыйбанын керектөөлөр менен айкалышындагы жаштардын энергиясы жана новаторлугунун негизинде жашаруусу талап кылынууда. Жаштарды саясий диалогго катышууга тартуу жана алар үчүн өтө маанилүү болгон социалдык, экономикалык, экологиялык жана маданий маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстеринде жаштар менен аракеттешүү маанилүү иштердин бири болушу керек.

Мына ушундай эле көрүнүш коомдук ишмердикте да зарыл. Жаштардын инклюзивдик катышуусун жакшыраак камсыздоо максатында программаларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууда жарандык аң-сезимдин жана ыктыярдуу ишмердиктин өнүгүүсүнө кам көрүү. Жарандык активисттердин жана укук коргоочулардын командасын татыктуу жаш активисттер менен толуктоо жана жаштар менен тажрыйба бөлүшүү, аларды агартуу боюнча алгылыктуу иштерди жасоо!

 

Тема боюнча жаңылыктар: 2018-жылдын ноябрындагы бардык инновациялык лабораториялар жөнүндө бул жерден окусаңыз болот.






АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА XII ФЕСТИВАЛДЫН КАЙСЫ НЕГИЗГИ КОМПОНЕНТТЕРИН БИЛҮҮ КЕРЕК

 2-11-2018, 18:23
АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА XII ФЕСТИВАЛДЫН КАЙСЫ НЕГИЗГИ КОМПОНЕНТТЕРИН БИЛҮҮ КЕРЕК


1.2018-жылдын фестивалынын күн тартибине жана инновациялык укук коргоочу лабораторияларга беш компонентти киргизүү жарандык агартуу үчүн кеңири аянтчаны түзүүгө жана жарандардын бардык деңгээлдерде чечим кабыл алуу процессине катышууга багытталган. Адамдардын тартылуусу жана катышуусу – бул коммуникациянын үзгүлтүксүз процесси жана ал өз учурунда бийликтин айкындыгына жана отчеттуулугуна дем берип коомчулуктун ишенимин жаратат.


2. Беш компонент Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүүсүнө жардамдашканга жөндөмдүү бардык жарандар үчүн өзүнчө чакырык катары эсептелет. Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнүн 20140-жылына чейинки Улуттук стратегиясы иштелип чыккан[1] Ал Максатка демократия жана адам укуктарынын принциптерин кармануу менен гана натыйжалуу жетсе болот. Беш компонентти ишке ашыруу ошол ишенимден кайтпай жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.


3. Беш компонент көнүмүш алкактан чыгууга мотивациялайт, дүйнөгө жана ар бир адамдын мүмкүнчүлүгүнө жаңы көз караш менен кароого, инновацияларды издөөгө жана пайдаланууга, ТӨМгө жетүү үчүн жардамдашуу үчүн кызматташууга шарт түзөт. Бул ааламдык чакырык кылган биздин дүйнө үчүн эң жаңы жол: өзүбүздү өзгөртүү менен айланада да чоң өзгөрүүлөргө жетишүү.

 



[1] http://www.president.kg/kg/okujalar/12775_2018_2040_ghildari_kirgiz_respublikasin_nktrnn_uluttuk_strategiyasi_bekitildi


 




 







ЖАРАНДЫК АГАРТУУ ЖАНА АДАМДАРДЫН ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ПРОЦЕССИНЕ КАТЫШУУ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ПЛАТФОРМА

 28-10-2018, 00:35
ЖАРАНДЫК АГАРТУУ ЖАНА АДАМДАРДЫН ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ  ПРОЦЕССИНЕ  КАТЫШУУ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ПЛАТФОРМА 

"Бир Дүйнө Кыргызстан-2018” адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин XII эл аралык фестивалын өткөрүүнүн аралыгында Туруктуу өнүктүрүүнүн алкагындагы укук коргоо мамилесин коштогон инновациялык лабораториялар жана мастер-класстар өткөрүлөт.Бүгүнкү күнү саясий жана диний фундаментализмдин ааламдык чакырыктары коомдук коркунуч алып келип, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешип тынчтыкта жашоого тоскоол кылууда.

 

Лабораториялар 13-15-ноябрда, Бишкек шаарында өткөрүлөт.

 

Иш-чаранын катышуучулары балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эмгек укуктары, жабык мекемелерде кыйноо боюнча окуялар жөнүндөгү инструменттердин жана сунуштамалардын үстүндө иштешет.

«Ааламдык шторм: фундаментализмдин өсүүсү жана келечекке коркунуч» лабораториясы адамдын теңдиги жана нарктуулугу маселесине басым жасайт, укук коргоочулар финансылык сабаттуулук көйгөйүн жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө тышкы карыздын таасирин талкуулашат. Бишкек мэриясынын Өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте "Шаарлар шаарларга: жарандардын ролу, өнүгүү максатында өнөктөштүк” өнөрканасы уюштурулса, аялдар ӨЭУларынын форуму башка уюмдар менен биргеликте: укук коргоо мамилесин коштогон Туруктуу өнүктүрүүдөгү дүйнөлүк тажрыйбаны пайдалануу менен "Кантип өз өлкөңдүн ээси боло аласың” деген маселени изилдешет.

Документалдык кинодогу инновациялар боюнча мастер-классты Чыгыш Европа жана Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн жетектөөчү адистери алып барышса, Теңдеш коалициясынан уюштурулган коалиция теңдештик жана дискриминацияга каршы принциптери жөнүндө агартууга басым жасайт.

Иш-чаранын акыркы күнү жарандык коомдун уюмдары үчүн саясий мейкиндикти өнүктүрүүгө арналат. Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби мастер-классты негизги өнөктөштөр менен биргеликте: демократия + адам укуктары + адилет жана айкын бийлик туруктуу өнүгүүнүн кепилдиги принцибине таянуу менен өткөрөт.

 

«Бул жылы лабораториялардын форматы өткөн жылкыга караганда өзгөчө, себеби алар актуалдуу проблемаларга багытталган, - дейт "Альтернатива” Борборунун жетекчиси Лира Асылбек. «Өнөрканалар жетектөөчү эксперттерге, жарандык бирикмелердин өкүлдөрүнө жана бийликтегилерге бүгүнкү күндүн негизги чакырыктарына басым жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Адам укуктарынын ишке ашуусуна эмне жана ким тоскоолдук кылып жаткандыгын, айланада эмне болуп жатканын, ошол коркунучтарды кантип азайтуу керектигин, кайсы өлкөлөрдө позитивдүү өзгөрүүлөрдүн натыйжасы бар экендигин, ошол коркунучтарды кантип төмөндөтүш керектигин түшүнүүгө жана позитивдүү өзгөрүүлөр үчүн бийлик, бизнес структуралары менен тең өнөктөштүктү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Тажрыйба, пикиралмашуу, коомдогу маанилүү проблемалардын үстүндө иштөө мыкты инновациялык мамилени жана чечимдерди табууга жардам берет. Мында Интернет технологиялар дагы уникалдуу роль ойнойт.

 

Лабораториялардын программасы мында LAB_2018_FINAL_russ.pdf [1,03 Mb] (cкачиваний: 4) LAB_2018_FINAL__eng.pdf [967,98 Kb] (cкачиваний: 4)

 

Маалымат: адамды өнүктүрүүнүн конфигурациясы жөнүндө.

Адамдар: Адам өнүгүүсү адамдардын жыргалчылыгын жакшыртууга ыклас коюлган, экономикалык өсүү автоматтык түрдө бардыгы үчүн жыргалчылыкка жетет дегенди алдын ала болжолдогон эмес. Кирешенин өсүүсү анын аяккы жыйынтыгы эмес, өнүгүүнүн каражаты катары каралган.
Мүмкүнчүлүктөр: Адам өнүгүүсү адамдар үчүн орчундуу болгон жашоого көбүрөөк эркиндик берет. Иш жүзүндө бул адамдардын жөндөмүн өнүктүрүү жана аны пайдаланганга мүмкүнчүлүк берүү дегенди туюнтат. Мисалга, билим алуу көндүмдөрдү калыптандырганга жардам берет, бирок адам иштегенге мүмкүнчүлүгү болбосо же жергиликтүү эмгек рыногуна туура келбесе ал көндүмдөрдүн пайдасы жок. Адам өнүгүүсүнүн негизине үч компонент жатат: адам узак, саламаттыктагы жана чыгармачыл жашоону жашашы зарыл, татыктуу жашоо деңгээли үчүн керектелүүчү ресурстарды билиши жана ага жеткиликтүү болушу керек.

Тандоо укугу: Адам өнүгүүсүнүн негизинде кеңири тандоо мүмкүнчүлүгү жатат. Адамдарга мүмкүнчүлүктөр берилет, ошого карабастан алар аны пайдаланганга милдеттүү эмес.
Адамды эч ким бактылуу болот деп кепил боло албайт, ал эми адамдын өзүнүн тандоосу – анын жеке чечими. Өнүгүү процесси – адам өнүгүүсү – бери дегенде адамдар үчүн, жеке жана коллектив үчүн, алардын потенциалынын толук кандуу өнүгүүсү жана жемиштүү жана чыгармачыл жашоосунун жүргүзүү үчүн акыл-эс менен калчанган мүмкүнчүлүктөргө чөйрө түзүп бериши керек.





ФЕСТИВАЛДАРДЫН ТАРЫХЫНАН ҮЧ МААНИЛҮҮ ОКУЯ

 26-10-2018, 23:24

ФЕСТИВАЛДАРДЫН ТАРЫХЫНАН ҮЧ МААНИЛҮҮ ОКУЯКыргызстанда өткөрүлгөн 11 фестивалда дүйнө жүзүнүн 450 өлкөсүнөн документалдык кинолор, анын ичинде Чыгыш Европа жана Борбор Азиядан келген документалистика да көрсөтүлгөн. Фильмдердин бардыгы коомдогу укуктуулук аң-сезимди калыптандырууга жана адамдын социалдык проблемалары жана укугу жөнүндө тасма тарткан режиссёрлорду колдоого багытталган.

 

«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоочу кыймылдын жетекчиси, фестивалды уюштуруучу Төлөйкан Исмаилова Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралардын маанилүү экендигин айрыкча белгилеген мурдагы фестивалдардан мисал келтирди.

Документалдык фильмдердин эл аралык фестивалынан 11 сүрөтү

Төлөйкан Исмаилова:

 

Бул 2010-жылдагы фестиваль эле, анда биз биздин бийликтин тышкы саясатка келгенде канчалык деңгээлде алсыз экендигине күбө болгонбуз. Бизге белгилүү укук коргоочу, Уйгур дүйнөлүк конгрессинин жетекчиси Рабия Кадырдын өмүр баяны жөнүндө "Сүйүүнүн 10 шарты” деген тасмасын көрсөтпөй, тыюу салышкан. КР Президентинин Администрациясынын экс-башчысы, атайын кызматтар Кытайдын Кыргызстандагы Элчилиги жактырбайт дешкен.

Биздин иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн мыкты эксперттердин келгендиги суктандырат, айрыкча бизге таасир бергени - "One World" адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин эл аралык фестивалынын мурдагы директору фестиваль Игорь Блажевич Прагадан эки жолу келди. Ал биздин фестивалды элдик деп белгиледи! Ал активдүү жаштардын жана лидерлердин катышуусунда өткөрүлөт. Келечегибиз бар! Алар чыгармачыл келишет, жана "стигмасы” жок. Фестивалдын темалары дайыма аялуу адамдардын толгоосу жеткен проблемаларын көтөргөндүгүнө байланыштуу, биз дүйнөдө эмне болуп жаткандыгынын баарын билебиз жана талаш-тартыштардын алдын алуу менен алектенгенге жана Туруктуу өнүгүүнү айтып жатып, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин жогорку принциптерине көңүл койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар.

 

 

3.Анан албетте, үчүнчүсү, бул – фильмден кийин көрсөтүүлөр менен дискуссиялар гана болбостон, өнөктөштүктүн жана тилектештиктин аянтчасы түзүлүүдө, тажрыйба алмашуу, жарандык көпүрөлөрдүн өнүгүүсү жүрүүдө. Эң негизгиси – кыргыз тилинин өнүгүүсү, себеби бардык документалдык фильмдер көрүүчүлөргө субтитрлер менен көрсөтүлөт. Бул фестиваль ар бир адам үчүн!

 

Дүйнө жүзүнөн, анын ичинде Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн келген 450 документалдык фильм.

 

Иш-чара ар жылы чыгармачыл жана инновациялык форматта өткөрүлөт, себеби ал катышуучу фестиваль.

 

Аялуу адамдардын толгоосу жеткен орчундуу проблемаларын көтөрөт, биз дүйнөдө эмне болуп жаткандыгынын баарын билебиз жана талаш-тартыштардын алдын алуу менен алектенгенге жана Туруктуу өнүгүүнү айтып жатып, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин жогорку принциптерине көңүл койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар.





«АДАМ НАРКТУУЛУГУ ҮЧҮН!» ТЕМАСЫНДАГЫ ХII ЭЛ АРАЛЫК УКУК КОРГООЧУ ДОКУМЕНТАЛДЫК ФИЛЬМДЕР-2018 ФЕСТИВАЛЫ

 23-10-2018, 08:35

«АДАМ НАРКТУУЛУГУ ҮЧҮН!» ТЕМАСЫНДАГЫ ХII ЭЛ АРАЛЫК УКУК КОРГООЧУ ДОКУМЕНТАЛДЫК ФИЛЬМДЕР-2018 ФЕСТИВАЛЫ

«Адам нарктуулугу үчүн!» темасындагы ХII Эл аралык укук коргоочу документалдык фильмдер-2018 фестивалы

БУУнун адам укуктары боюнча Жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналды жана "Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз” деген девиз боюнча өтөт. Жыл сайын өтүүчү «Бир Дүйнө-Кыргызстан» уюштурган фестиваль бишкекте, 2018-жылдын 12-16-ноябрында Бишкекте өткөрүлөт.

 

Конкурска Кыргызстан, Норвегия, Швеция, Китай, Чехия, Швейцария, Россия, Германия, Польша, Бельгия, АКШ, Австралия, Индия, Улуу Британия, Канада, Украина, Парагвай, ТАРдай 18 мамлекетинен 55 фильм келген. Комиссия алардын ичинен эң мыкты жана күчтүү картиналарды тандаган.

 

Бул жылдагы документалдык фильмдердин сценарийи балдардын, аялдардын жана аялуу топтордун, жабык мекемелердеги кыйноолорго, мигранттарга, дискриминациядан запкы тарткан жана соттук адилеттүүлүккө жеткенге мүмкүнчүлүгү жок адамдарга арналган. Ошондой эле кинотасмалар экологиялык жактан кооптуу аймактарда жашаган жана оор менен жакырчылыктан жабыр барткан адамдар айтат. Темалардын палитрасы өтө түрдүү, бирок аларды бир нерсе бириктирет – ар бир адамдын татыктуу жашоосуна жалпы адамзаттык камкордук.

 

Фестивалдын идеясын бул жылы Бишкек шаарынын мэриясы, борбордун акимияттары колдоду жана документалдык тасмалар шаардын ар бир районунун кинотеатрларында: «Манас», «Россия», «Октябрь» жана «Ала-Тоо» кинотеатрларында көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр үчүн эшик ачык. Ар бир тасмадан кийин документалисттер менен жолугушуу өтөт жана көрүүчүлөр алар менен баарлаша жана өзүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышат. Талкууга аудитория менен кошулуп тасманын каармандары, бийлик өкүлдөрү, эксперттер жана журналисттер катышат. Фильмдерди талкуулноонун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштамалар жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарына, адам укугу боюнча улуттук укук коргоо институттарына жөнөтүлөт жана тилектештик тармактары боюнча жайылтылат.

 

Фестивалдын акыркы күнүндө конкурстук эмес негиздеги, иденттүүлүгү айкашкан коомчулук туш болуп жаткан дискриминациялоо жана социалдык адилетсиздиктерге тийиштүү ар кандай маселелерди ачкан фильмдер көрсөтүлөт.

«Биздин фестиваль бир нече жылдан бери – долбоор эмес, тилектештердин, активисттердин, искусство адамдарынын жана укук коргоочулардын биргелешкен волонтёрдук иши экендигине сыймыктанабыз», - дейт Бир Дүйнө Кыргызстан укук коргоочу кыймылынын директору Төлөйкан Исмаилова. – Бүгүн биз жаңы мамилени, инновациялык жолдорду издеп жатып, укук коргоочу күн тартиби жана гендердик теңчилик менен Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясына натыйжалуу салым кошконго умтулуп жатабыз».

 

Кинофестиваль Кыргызстандын бийлигинин аймактарда чакан жана орто ишкердикти колдоо, инвестицияларды тартуу, региондорду өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган долбоорлорду кредиттөө боюнча финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирүүнү колдоонун жаңы форматында өтөт[1].

Фестивалдын алкагында бийлик жана бизнестин өнөктөштүгү аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон, туруктуу өнүгүүнүн максатына арналган 10 инновациялык лаборатория жана мастер-класстар, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн креативдүү ыкмалары өткөрүлөт. Лабораториялар жарандык агартуу үчүн платформаларды түзөт, чечим кабыл алууда жарандардын катышуусун стимулдаштырат, анын ичинде өнүгүү маселелеринде КРда ак ниет башкаруунун принциптерин сүрөмөлөп жатып, мамлекеттик деңгээлде дагы жаңы саясатты шарттайт[2]. Бул мастер-класстык сабактарды «Бир Дүйнө Кыргызстан» улуттук жана эл аралык өнөктөштөрдүн патронаждыгы алдындагы белгилүү атактуу чет элдик жана регионалдык эксперттер өткөрүшөт. А кинодокументалисттер үчүн мастер-класста өзүнүн тажрыйбасы менен казакстандык «Партизандык кино» медиа-тобу бөлүшөт.

 

Маалымат үчүн: Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө укук менен эркиндиктин негизги темаларын көтөрүп жаткан активдүү аракеттеги Жарандык Платформа болуп эсептелет. Бул Борбор Азиядагы укук коргоо тармагындагы документалдык чындыкты талкуулоо үчүн ар кайсы өлкөдөгү кинематографисттерди тартуу менен талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк берген фестиваль болуп эсептелет.

Бул жылы 70 жылдыгын белгилеп жаткан адам укуктарынын жалпы декларациясы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган[3]. Бул документ ар бир адам ээ болгон жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктардын бири-бирине көз карандылыгын жарыялайт.

Толугураак маалымат үчүн: www.birduino.kg

https://www.facebook.com/birduinofest/?notif_id=1540181629171346&notif_t=page_admin&ref=notif

E-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com тел: +996312 383330

 

 

 

 

 

 

 



[1] Указ президента КР об объявлении 2018 года
Годом развития регионов, http://www.president.kg/ru/sobytiya/ukazy/5794_prezident_sooronbay_gheenbekov_podpisal_ukaz_ob_obyavlenii_2018_goda_godom_razvitiya_regionov
[2] https://rus.azattyk.org/a/28385722.html, http://www.gov.kg/?page_id=16966
[3]http://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/declhr.shtml




ИСЛАМОФОБИЯ ЖАНА АНЫН ОНЛАЙН МЕДИА, СОЦИАЛДЫК СЕТТЕРДЕ ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ

 30-03-2018, 17:02

ИСЛАМОФОБИЯ ЖАНА АНЫН ОНЛАЙН МЕДИА, СОЦИАЛДЫК СЕТТЕРДЕ ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫБул мааламаттык баракча «Зомбулук коштогон экстремизмди медиа аркылуу жайылтууга каршы күрөшүү жана кабардар болууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин коз карашына дал келбеши мүмкүн.

Аталган теманы 2017-жылдын октябрь-ноябрь айларында жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланышын иликтеген учурда, Кыргызстанда исламофобия жана жек көрүүчүлүк кеңири таралган көрүнүш экендиги аныкталды. Иликтөө учурунда эксперттер айрым кооптуу көрүнүштөрдү, тагыраак айктанда, кээ бир маалымат каражаттары ислам менен экстремизм түшүнүктөрүн окшоштук катары чагылдырган учурларды кездештиришкен. Авторлордун 60 пайызы ислам деген сөздү ислам дини же исламдык экстремизмге тишеси жок учурларда да колдонушкан. Ошентип, эстремизм менен исламдын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар деген ой, окурмандарга кыйыр түрдө таңууланып үстөккө босток айтылган. Мындай жек көрүүчүлүк сезим жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган текстерде, комментарийлерде, репортаждарда, айрым алып баруучулардын сөздөрүндө камтылган.





Тренинг 2018-жылдын 26,- 27-, 28- февралында

 23-01-2018, 15:15

Тренинг 2018-жылдын 26,- 27-, 28- февралында Борбордук Азиядагы Тынчтыкты OрнотууЖана Медиатехнологиялар Мектеби Америка Кошмо Штатынын Бишкектеги элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен «Массалык маалымат каражаттары аркылуу экстремизм жана башка терс көрүнүштөрдүн жайылышын алдын алуу» деген теманын алдында өтүүчү үч күндүк тренинге катышууга журналисттердин арасында сынак жарыялайт. Тренинг 2018-жылдын 26,- 27-, 28- февралында Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Бардык чыгашалар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

Окутуу программасы учурдагы олутуу көйгөйлөрдү жана журналисттердин актуалдуу муктаждыктарын эске алууу менен түзүлдү. Тренингдин катышууучулары экстремизм, терроризм жана ага байланышкан маселелерди чагылдыруунун техникалары жана инструменттери жөнүндө маалымат алышат. Ошондой эле, алар душмандашуу тили жана анын байланыш өзгөчөлүгү медиа чөйрөсүндө радикалдык маанидеги маалыматтын таралышына кандай таасир бере тургандыгы жөнүндө окушат. Андан сырткары, журналисттер жана интернет колдонуучулардын кандай катачылыктары экстремизмдин жайылышына алып келээри тууралуу кабардар болушуп, журналисттик этика жана укуктук коопсуздук боюнча өз билимдерин бекемдешет. Тренингди бай тажрыйбага ээ эл аралык жана жергиликтүү эксперттер өткөрүшөт. Тренинге катышуу сынагына Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш курагы 35 жашка чейинки журналисттер жана медиа кызматкерлер чакырылат.Катышуучулар сынактын негизинде тандалып алынат. Сынактан өткөндөр тренингдин бардык программаларына башынан баштап аягына чейин катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Сынакка катышу үчүн peacemakingschool@gmail.com электрондук дарегине төмөнкү документтерди жөнөтүү зарыл:

- тренинге катышуу билдирмеси (билдирменин формасын сайттан ca-mediators.netалсаңыз болот)

- резюме(CV)

- паспорт көчүрмөсү.

Баардык талаптарга жооп берген билдирме гана каралат.

Билдирмени берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2018-жылдын 16-февралында 17-00 аяктайт.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген кайрылуулар каралбайт.

 





МАКАЛАНЫ ЖАРЫЯЛОО АЛДЫНДА ЫКЧАМ ТЕШЕРҮҮ ЫКМАЛАРЫ

 13-12-2017, 11:46

Эгерде сиз журналист, редактор, контент түзүүчү же элдин алдында чыгып сγйлөөгө даярданып жаткан спикер болсоңуз анда өзүңүз жазган макаланы, кандайдыр бир маалыматты, репортажды же өз сөзүңүздү коомчулукка жарыялоо алдында жазылган материалдын маңызын ЫКЧАМ ТЕКШЕРγγ максатында СӨЗСЗ түрдө бир аз ТЫНЫГУУ жасап алганыңыз оң болот. Анткени, ыкчам текшерүү учурунда сиз өз материалыңыздын мазмуну жана андагы жарыяланган сүрөттөр кимдир бирөөнүн же кайсыл бир социалдык топтун кыжырын кайнатып, алардын аң-сезимине тескери таасирин тийгизбеши үчүн ага дагы бир сыйра көз жүгүртүп чыга аласыз. Бул учурда сиз өзүңүзгө өзүңүз жогорудагыдай мазмундагы суроону бир нече жолу берүү менен өз материалыңызды дыкаттык менен дагы бир жолу текшерип, талдап андан соң гана «жарыялоо» деген кнопканы басып, таратканыңыз жөндγγ болот. Мындай аракет менен сиз кимдир бирөөлөрдүн кыжырын кайнаткан материалды таркатуудан жана андай материалдын ээси сиз болуп калуу коркунучун алдын ала аласыз.

ТӨМӨНДӨ сиздин макалаңыздын, маалыматыңыздын же коомчулукка арналган кандайдыр бир маалымат иретинде жасалган материалыңыздын мазмуну боюнча өзүңүзгө-өзүңүз бере турган суроолордун түзүмү берилген. Көпчүлүк учурда журналисттер коомчулукка чагым салгандыгы үчүн айыпталышат. Иш жүзүндө чындыгында эле коментаторлор өз сөздөрүндө айрым учурда кимдир бирөөлөрдүн кыжырын кайнаткан же кадыр баркын түшүргөн сөздөрдү колдонуп жиберишет жана алардын сөздөрү башка бирөөлөр тарабынан шилтеме келтирилип коомчулуктун калың катмарына тарап кетет. Мындай окуяларга талдоо жүргүзүп келгенде, көчүлүк учурларда журналисттер, ММК жана макала авторлору кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирилип айтылган сөздөрдү өзгөртүүсүз жарыялап жибергендиги үчүн айыпталышкандыгын көрүүгө болот. Тагыраак айктанда, ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Көпчүлүк учурда журналистер, ММК жана контент түзүүчүлөр кайсыл бир жеке кызыкчылыгын ойлогон саясатчы же коомдук ишмерлердин ойлонбой айткан сөзүнөн улам жогорудагыдай айыпка жыгылышкан учурлар кездешет.

Ошондуктан сиз өзүңүз шилтеме келтирген адамдын ким экендигин, анын кадыр-баркын жакшылап талдап, ошону менен бирге эле ал айткан маалыматты, фактыларды же кимдир бирөөнүн дарегине жасаган айыптоолорун дыкаттык менен текшерип чыгууңуз зарыл.






Зордукчул экстремизм менен медианы жана калкты маалымат менен кабардар кылууну күчөтүү аркылуу күрөшүү

 12-12-2017, 14:54

Зордукчул экстремизм  менен медианы жана калкты маалымат менен кабардар кылууну күчөтүү аркылуу күрөшүү Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектеби,Network ofSocial Mediators, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен медианы жана калкты маалымат менен кабардар кылууну күчөтүү аркылуу экстремиздин жайылышын алдын алуу боюнча долбоорду ишке ашырууда.

 

Долбоордун эксперттери тарабынан жүргүзүлгɵн медиа жана интернет тармагын иликтөөсүнүн жыйынтыгы өлкөдөгү диний терс кɵрүнүштɵрдɵн улам келип чыккан карама-каршылыктуу маалымат башка маалыматтын түрлөрүнө караганда, экстремисттик идеологиянын таралышына олуттуу өбөлгө болоору айтылган. Көбүнчө өлкөдөгү ар кандай медиа борборлору интернет аркылуу таратылган маалыматты колдонуу менен материал даярдашат. Мындай учурда алар коомчулукка ар түрдүү маалымат берүү менен катар, өздөрү кимдир бирөөлөрдүн азгыруусуна кирип, кайсыл бир экстремисттик идеяны таратуучу болуп калганын байкабай калышат. Ошол эле мезгилде, ар кандай түз алып көрсөтүүчү интернет сайттардын аң-сезимге ɵтɵ таасирдүү видео, аудио же сүрөттөрү ошол бойдон колдонулган учурлар кездешет. Өз мезгилинде мындай ыкмалар менен жазылган жаңылыктар зордукчул экстремизмдин идеялары өзгөртүүсүз таратып калат.

Иликтөөнүн жыйынтыктарына таянуу менен долбоордун кызматкерлери массалык маалымат каражаттарындагы жана интернет айдыңындагы зордукчул экстремизм идеяларынын таралышынын алдын алуу боюнча сунуштарды жана аны менен күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгышты. Алардын катарына журналисттер жана коомчулук менен байланышчу адистерди окутуу программасы, ошондой эле медиакампания кызматкерлери коомчулуктун кеңири катмарында тараган жогорудагыдай көйгөйлүү маселелерди кантип туура чагылдыруу ыкмалары жөнүндө мыкты жол жоболор камтылган.

Аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында медиадагы терс көрүнүштөрдүн орун алышына жол бербөө максатында экстремисттик идеялардын жайылышын алдын алуу үчүн биз өз-ара түшүнүүчүлүктү күчөтүү ыкмасын колдонобуз. Бүгүнкү күнү коомчулукта ар кандай экстермисттик идеялар таралып жаткан учурда журналисттер жана коомчулук менен иш алып баруучу адистер үчүн экстремисттик идеялардын жайылышына каршы күрөшүүдө зарыл болгон колдомо куралдары жетишсиз болуп калган учурлар кездешүүдө. Ошондуктан, биздин башкы максатыбыз, аларды керектүү колдонмо материалдар менен жетишээрлик деңгээлде камсыз кылуу» - дейт Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектебинин директору Инга Сикорская.

 

Долбоордун алкагында журналисттер жана интернет активистери экстремисттик идеялардын жайылышын дароо таанып билүүсүнө зарыл болгон заманбап ыкмаларды колдонууга үйрөтүлөт. Экстремизм жана терроризмди чагылдырууда жогорудагыдай ыкмаларды колдоно билүү, ислам маселесин терең түшүндүрүү жана түз эфирде таратылган тескери таасирдеги күчтүү маалыматтарды туура колдонууга жардам берет.





КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТҮ ЧАГЫЛДЫРУУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНМО

 30-11-2017, 10:24
КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТҮ ЧАГЫЛДЫРУУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНМОБул колдонмо журналисттерге, контент түзүүчүлөргө жана медиа тармагындагы адистерге көп түрдүүлүк тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт. ЖМК коомго этникалык, маданий, тил жана башка көп түрдүүлүк формаларын түшүнүүгө, ар түрдүү топторго маалымат алууга жана жайылтууга, өз көз карашын билдирүүгө, пикир алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө өз салымын кошо алат.
Бул колдонмо журналисттик материалды даярдоодо этикалык талаптар менен журналисттик стандарттарды сактоо максатында колдонуу үчүн мультимаданий маселелерди чагылдыруунун усулдарын, ыкмаларын жана каражаттарын, Кыргызстандын мыйзамдарындагы жана башка ченемдик актылардагы түшүнүктөр менен терминдерди сунуш кылат. Негизги техникалар этникалык жана маданий көп түрдүүлүктү чагылдырууга байланыштуу болгону менен алар башка социалдык топтор тууралуу материал даярдоодо да керектелиши мүмкүн.
Колдонмодогу бардык материалдарды пайдалануу жана чыгарууда сөзсүз Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебине шилтеме берүү керек.
Колдонмодо келтирилген пикирлер менен көз караштар бул окуу куралын басып чыгарууга колдоо көрсөткөн CanadaFundforLocalInitiatives (CFLI) уюмунун пикирине дал келбеши ыктымал.







  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры