Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту


Инга Сикорская

 24-01-2014, 00:09
Инга Сикорская мансаптык журналист жана медиа-эксперт, Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин негиздөөчүсү жана директору болуп саналат. Жаңжалдан кийинки мезгилде тынчтыкты орнотуу журналистикасы боюнча концепцияны Кыргызстан үчүн иштеп чыккан, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Ооганстан кабарчылары үчүн жаңжалдуу репортаждар, жаңжалдар зоналарында иштөө жана эл аралык стандарттар боюнча тренингдерди жана мастер-класстарды өткөрөт. Бир нече жыл редактор болуп иштеп, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британ институтунун (IWPR) 70тен ашык аналитикалык макалаларынын автору болгон, башка Интернет-басмаларда, телекөрсөтүүдө жана радиодо 400дөн ашык жарыялоолордун жана изилдөөлөрдүн, анын ичинде 2010-жылдын июнунда болуп өткөн ош окуяларынын эпицентринен болгон репортаждардын жана сүрөттөрдүн автору болуп эсептелет. 2012-жылы Ооганстанда болгон, ал жерде согуштун тескери жагы жөнүндө сүрөттөрдүн сериясын жасаган жана "Аял журналист Ооганстандан көрүнөө репортаждарды кантип жасашы керек” деген сунуштарды даярдаган. http://newreporter.org/2012/10/15/kak-zhenshhine-zhurnalistu-delat-vizualnye-reportazhi-iz-afganistana/



Ариф Алиев

 24-01-2014, 00:08
Ариф АлиевАриф Алиев, Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебине тренер катары 2011-жылы кошулган. Ал – кесипкөй журналист, медиа-чөйрөдө бай тажрыйбасы бар.  Мектептин эксперттик командасынын мүчөсү болгондон кийин ал түштүк Кыргызстандын ЖМКнын журналисттери жана редакторлору үчүн өзгөчө окутуу усулдардын бир катарын иштеп чыккан. Ал тынчтыкты орнотуу жана этностук журналистика жагынан адистешкен, Азербайжандын «ЙениНесил» Журналисттер Союзунун төрагасы болуп эсептелет.



Теван Погосян

 24-01-2014, 00:06
Теван Погосян натыйжалуу байланыштар, сүйлөшүүлөр жана жаңжалдарды башкаруу ыктары боюнча биринчи эксперт жана тренер болуп эсептелет, ал 2010-жылы Кыргызстандан жана Өзбекстандан болгон катышуучулар үчүн Тынчтыкты орнотуу мектебинин тренингдеринин сериясын ачкан.Анын тренингдик билимдери Кеннеди атындагы Башкаруу мектебинин, АКШнын Гарвард университетинин, АКШнын Кемриджден болгон Жаңжал Менеджмент Тобунун тастыктамалары менен аныкталган, ал эми анын стереотиптерди бузуу техникалары, сүйлөшүүлөрдүн элементтери, алдын ала терс кабыл алуунун себептери боюнча автордук иштери азыркы учурга чейин Кыргызстандын активисттери жана журналисттери тарабынан колдонулат.



Эран Френкель

 24-01-2014, 00:04
Эран ФренкельЭран Френкель -медиа жана социалдык өзгөрүүлөр чөйрөсүндөгү адис, тынчтыкты орнотуу журналистикасы, жаңжалдан кийинки зонада командалык репортаждарды өндүрүү боюнча эл аралык тренер. 2012-жылы  түштүк Кыргызстандан болгон кабарчылардын көп улуттуу тобун ийгиликтүү окуткандан кийин биздин Мектептин командасына кошулган. Кыргыз журналистикасы үчүн жаңы болуп эсептелген бул концепция буга чейин Балкандарда Македонияда ушул сыяктуу долбоорду жаңжалдан кийинки мезгилде ишке ашыруу учурунда ийгиликтүү колдонулган. Иш-аракетинин алкагында Эран кениялык жаштар топторун жана коомдук топторду жаңжалды өзгөртүү үчүн массалык маалыматтын программаларын иштеп чыгууга үйрөткөн. 



Вячеслав Лихачев

 24-01-2014, 00:03
Вячеслав ЛихачевВячеслав Лихачев советтен кийинки мейкиндикте этносаясий конфликтология, ксенофобия, саясий экстремизм, улут жана улутчулдук теориясы чөйрөсүндөгү  эксперт болуп эсептелет. Ал 2012-жылы Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин эксперттеринин командасына кошулган. Вячеслав душмандыктын тилин жана жаңжалга алып келе турган стереотиптерди табуу үчүн медиа-мониторингдин инструменттери боюнча Мектептин окутуу усулдарынын иштеп чыгуучусу болуп эсептелет жана "Эл алдындагы дискурста душмандыктын тилинен кантип кутулса болот” темасына вебинарларды өткөрөт. 



Ашот Меликян

 24-01-2014, 00:01
Ашот МеликянАшот Меликян 2011-жылы Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин тренердик командасынын мүчөсү болгон. Улуттар аралык жаңжалдарды чагылдыруу, тынчтыкты орнотуу жана карама каршы турган тараптардын ортосунда тынч мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө бай тажрыйбасы бар болуп, ал түштүк Кыргызстандын журналисттерин окутуу үчүн тренингдик материалдардын иштеп чыгуучуларынын бири болуп эсептелет. Бул усул биргелешкен долбоорлордун жүрүшүндө Армения менен Азербайжандын кабарчылары жана медиа-уюмдары алган тажрыйбага негизделген. 2011-жылдан тартып усул Мектептин окутуу курсуна ийгиликтүү киргизилген. Ошондой эле, Ашот Ереван университеттеринде журналистиканы окуткан, ЖМКдын Ассоциациясынын директору жана Еревандык пресс-клубдун программаларынын координатору болгон.




  • Жоокерлер машине бөлүктөрүнүн базарынын жанында массалык башаламан убагында Ош ш., июнь 2010-жыл

  • Медиация жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тренингдин катышуучулары “Тынчтык мунарасын” куруп жатышат, Бишкек, апрель, 2011-жыл

  • Стереотиптерди бузуу боюнча журналисттер үчүн тренинг, Бишкек, апрель, 2012-жыл

  • Мультиулуттук журналисттик топтордо командалык репортаждарды жасоо боюнча семинар, Бишкек, август, 2012-жыл



Карта инцидентов




Билим берүү жана тренингдер


АДАМ УКУКТАРЫН ЧАГЫЛДЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГГЕ КАТЫШУУ ҮЧҮН СЫНАК

Борбор Азиядагы Тынчтыкты Орнотуу жана Медиа Технологиялар Мектеби Бишкекте 2022-жылдын октябрынын аягында, ноябрь айынын башында,…

Калганы


Вебинарлар


Инга Сикорская: чыр-чатактарды чагылдырууда тынчтыкты орнотуучу журналистика

 

Инга Сикорская: чыр-чатактарды чагылдырууда тынчтыкты орнотуучу журналистикаТынчтыкты орнотуучу журналистика же тынчтык журналистикасы деген эмне экенин, анын эл аралык практикада кандай аталарын билесиӊерби?

Бул – позитивдик журналистикабы?

Бул – бийлик кѳйгѳйдү кантип чечип жатканы жѳнүндѳ айтып берген баяндардын эсебинен чыр-чатактарды жумшартуубу?

Же бул – чагылдырып жаткан жаӊжалдын калыс хронологиясына негизделген фактылар менен пикирлердин теӊдемиби?

Жогорудагы үч суроонун бири дагы тынчтыкты орнотуучу журналистика болуп эсептелбейт. Себеби, журналистиканын бул багыты таптакыр башка принциптерге негизделген.

Тынчтык журналистикасындагы үч «БОЛБОЙТ» эрежеси:
– Чыр-чатакты жумшартууга БОЛБОЙТ; – Чыр-чатакта күнѳѳлүүлѳрдү издегенге БОЛБОЙТ; – Пикирлер менен талаптарды аныкталган факты катары тираждоого БОЛБОЙТ.

Тынчтыкты орнотуучу журналистика редакторлор менен кабарчыларга конфликттерди чагылдырууда ТАНДОО мүмкүнчүлүгүн берет. Башкача айтканда, алар аудиториянын конфликтке карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуусун камсыздоо үчүн кайсы фактыларды жана кандай контекстте берүү туура боло тургандыгын чече алат. Жаӊжалдар медиалардагы күндѳлүк жаӊылык билдирүүлѳрүнүн негизги бѳлүгүн ээлейт жана эл зордук-зомбулук жѳнүндѳгү маалыматты тынчтыкты сактоо үчүн  иш-аракеттин стандарттуу багыты сыпатында кабыл алып, түшүнѳт.

Бул болсо, маалымат ресурстарында алдыӊкы орундагы сенсациялуу жана согуш жѳнүндѳ жаӊылыктарга суроо-талап менен бирге, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын ролу да ѳсүп жатканын түшүндүрѳт. Журналисттер бейпилдик демилгелерин жаратуу үчүн коомдук пикирди пайда кылуу менен чыр-чатактын, согуштун же зомбулуктун ар кандай перспективаларын түшүнүү максатында  изилдѳѳ, талкуулоо жана диалог түзүү кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ тийиш.

Тынчтык журналистикасы – редакторлор менен кабарчылар коомго чыр-чатакка карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуу мүмкүндүгүн берүү максатында аудиторияга кайсы окуяларды жана кандай жол менен билдирүү керектигин тандоосу.

Эл аралык журналистиканын тарыхында ММКлар чыр-чатактарды козутуу боюнча айыпталган учурлар да бар. Кѳбүнчѳ бул же конфликттик абалды туура эмес чагылдырууга, же жеткилеӊ текшерилбеген маалыматка байланыштуу.

Ошондуктан, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын принциптерин түшүнүү этнос аралык, конфессия аралык, бир диндин ичиндеги, топтор аралык жана социалдык конфликттер сыяктуу эӊ татаал маселелерди чагылдырууда чыгармачыл ык-амалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Тынчтык журналистикасынын аспаптары тѳмѳнкү маселелерди чагылдыруу үчүн колдонулат:

  • этнос аралык
  • конфессия аралык
  • бир диндин ичиндеги
  • топтор аралык
  • социалдык чыр-чатактар.
  • Тынчтык журналистикасынын принциптери:

    Тынчтыкка багыттуулук

    Биринчи жана эӊ негизги эреже: эгер силер жогорудагы конфликттердин бирин чагылдырып жатсаӊар, анда проблеманы  тѳмѳнкү 3 негизги аспект боюнча изилдеп чыгуу зарыл:

    а) бул конфликттин тараптары кимдер

    б) чыр-чатактын ар бир тарабынын максаттары эмне

    с) тараптарды чырга алып келген эмне кѳйгѳйлѳр бар.

    Элден чыр-чатактар алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасирин тийгизгенин, кандай ѳзгѳрүүлѳр болушун каалаганын, лидерлеринин позициясы жалгыз жана мыкты натыйжа болуп-болбогонун сурагыла.

    Ошондой эле, тараптарды алардын лидерлерине гана цитата келтирип сыпаттабагыла.

    Бул эрежелерди сактоо менен, силер конфликттин эки тарабы үчүн бирдей баяныӊардын «оӊуштуу» деп аталган жалпы бейпил багытын пайда кылып, аны чечүү үчүн талкуу жарата аласыӊар. Мындай иш-аракетиӊер менен чырдашкан эки тарапты бирдей карайсыӊар,  репортажыӊарда экѳѳ теӊ «жеӊишке жете алат». Ошентип, балансты камсыздаган болосуӊар.

    Мисалы, кишилердин социалдык топторунун: шаардын кичи райондорундагы парк аймагына жакын кѳп кабаттуу үйдѳ жашаган, жер, экология үчүн күйүп-бышкан  жарандар менен базарда иштеген, жеке турак-жайлары жок, медициналык кызматтар жеткиликтүү болбогон ички мигранттардын ортосунда чыр чыкты. Алар балдарын алып барып, дарылатып турчу оорукана жакын жерде орун алгандыктан, парктын аймагына жайгашып алышты. Кичи райондун тургундары буга каршы чыгып, ортодо чыр-чатактар башталды.

    Аудиторияда ар бир тараптын муктаждыктары боюнча күмѳн саноолор болбошу үчүн силер бул эки проблеманы теӊ бирдей даражада кѳрсѳтүүгѳ тийишсиӊер. .

    Баяныӊардын  оӊуштуу багыты ошондой эле кѳӊүлдү конфликтке буруу жана келип чыгуусу мүмкүн болгон КѲРҮНБѲГѲН кесепеттердин алдын алуу максатында жаӊжалды проблема катары карап чыгуу үчүн ачык мейкиндикти түзүү дегенди да билдирет. Кѳрүнбѳгѳн кесепеттерге оору, травма, зордук-зомбулук, структуралык, маданий, экологиялык зыяндар кирет.

    Фактыларга багытталуу


Калганы


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее

Медиа-инновациялар лагери



Ичкериден кароо





Өнөктөштөр