Эгерде сиз журналист, редактор, контент түзүүчү же элдин алдында чыгып сγйлөөгө даярданып жаткан спикер болсоңуз анда өзүңүз жазган макаланы, кандайдыр бир маалыматты, репортажды же өз сөзүңүздү коомчулукка жарыялоо алдында жазылган материалдын маңызын ЫКЧАМ ТЕКШЕРγγ максатында СӨЗСЗ түрдө бир аз ТЫНЫГУУ жасап алганыңыз оң болот. Анткени, ыкчам текшерүү учурунда сиз өз материалыңыздын мазмуну жана андагы жарыяланган сүрөттөр кимдир бирөөнүн же кайсыл бир социалдык топтун кыжырын кайнатып, алардын аң-сезимине тескери таасирин тийгизбеши үчүн ага дагы бир сыйра көз жүгүртүп чыга аласыз. Бул учурда сиз өзүңүзгө өзүңүз жогорудагыдай мазмундагы суроону бир нече жолу берүү менен өз материалыңызды дыкаттык менен дагы бир жолу текшерип, талдап андан соң гана «жарыялоо» деген кнопканы басып, таратканыңыз жөндγγ болот. Мындай аракет менен сиз кимдир бирөөлөрдүн кыжырын кайнаткан материалды таркатуудан жана андай материалдын ээси сиз болуп калуу коркунучун алдын ала аласыз.
ТӨМӨНДӨ сиздин макалаңыздын, маалыматыңыздын же коомчулукка арналган кандайдыр бир маалымат иретинде жасалган материалыңыздын мазмуну боюнча өзүңүзгө-өзүңүз бере турган суроолордун түзүмү берилген. Көпчүлүк учурда журналисттер коомчулукка чагым салгандыгы үчүн айыпталышат. Иш жүзүндө чындыгында эле коментаторлор өз сөздөрүндө айрым учурда кимдир бирөөлөрдүн кыжырын кайнаткан же кадыр баркын түшүргөн сөздөрдү колдонуп жиберишет жана алардын сөздөрү башка бирөөлөр тарабынан шилтеме келтирилип коомчулуктун калың катмарына тарап кетет. Мындай окуяларга талдоо жүргүзүп келгенде, көчүлүк учурларда журналисттер, ММК жана макала авторлору кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирилип айтылган сөздөрдү өзгөртүүсүз жарыялап жибергендиги үчүн айыпталышкандыгын көрүүгө болот. Тагыраак айктанда, ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Көпчүлүк учурда журналистер, ММК жана контент түзүүчүлөр кайсыл бир жеке кызыкчылыгын ойлогон саясатчы же коомдук ишмерлердин ойлонбой айткан сөзүнөн улам жогорудагыдай айыпка жыгылышкан учурлар кездешет.
Ошондуктан сиз өзүңүз шилтеме келтирген адамдын ким экендигин, анын кадыр-баркын жакшылап талдап, ошону менен бирге эле ал айткан маалыматты, фактыларды же кимдир бирөөнүн дарегине жасаган айыптоолорун дыкаттык менен текшерип чыгууңуз зарыл.
Борбор Азиядагы Тынчтыкты Орнотуу жана Медиа Технологиялар Мектеби Бишкекте 2022-жылдын октябрынын аягында, ноябрь айынын башында,…
Тынчтыкты орнотуучу журналистика же тынчтык журналистикасы деген эмне экенин, анын эл аралык практикада кандай аталарын билесиӊерби?
Бул – позитивдик журналистикабы?
Бул – бийлик кѳйгѳйдү кантип чечип жатканы жѳнүндѳ айтып берген баяндардын эсебинен чыр-чатактарды жумшартуубу?
Же бул – чагылдырып жаткан жаӊжалдын калыс хронологиясына негизделген фактылар менен пикирлердин теӊдемиби?
Жогорудагы үч суроонун бири дагы тынчтыкты орнотуучу журналистика болуп эсептелбейт. Себеби, журналистиканын бул багыты таптакыр башка принциптерге негизделген.
Тынчтык журналистикасындагы үч «БОЛБОЙТ» эрежеси:
– Чыр-чатакты жумшартууга БОЛБОЙТ; – Чыр-чатакта күнѳѳлүүлѳрдү издегенге БОЛБОЙТ; – Пикирлер менен талаптарды аныкталган факты катары тираждоого БОЛБОЙТ.
Тынчтыкты орнотуучу журналистика редакторлор менен кабарчыларга конфликттерди чагылдырууда ТАНДОО мүмкүнчүлүгүн берет. Башкача айтканда, алар аудиториянын конфликтке карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуусун камсыздоо үчүн кайсы фактыларды жана кандай контекстте берүү туура боло тургандыгын чече алат. Жаӊжалдар медиалардагы күндѳлүк жаӊылык билдирүүлѳрүнүн негизги бѳлүгүн ээлейт жана эл зордук-зомбулук жѳнүндѳгү маалыматты тынчтыкты сактоо үчүн иш-аракеттин стандарттуу багыты сыпатында кабыл алып, түшүнѳт.
Бул болсо, маалымат ресурстарында алдыӊкы орундагы сенсациялуу жана согуш жѳнүндѳ жаӊылыктарга суроо-талап менен бирге, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын ролу да ѳсүп жатканын түшүндүрѳт. Журналисттер бейпилдик демилгелерин жаратуу үчүн коомдук пикирди пайда кылуу менен чыр-чатактын, согуштун же зомбулуктун ар кандай перспективаларын түшүнүү максатында изилдѳѳ, талкуулоо жана диалог түзүү кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ тийиш.
Тынчтык журналистикасы – редакторлор менен кабарчылар коомго чыр-чатакка карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуу мүмкүндүгүн берүү максатында аудиторияга кайсы окуяларды жана кандай жол менен билдирүү керектигин тандоосу.
Эл аралык журналистиканын тарыхында ММКлар чыр-чатактарды козутуу боюнча айыпталган учурлар да бар. Кѳбүнчѳ бул же конфликттик абалды туура эмес чагылдырууга, же жеткилеӊ текшерилбеген маалыматка байланыштуу.
Ошондуктан, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын принциптерин түшүнүү этнос аралык, конфессия аралык, бир диндин ичиндеги, топтор аралык жана социалдык конфликттер сыяктуу эӊ татаал маселелерди чагылдырууда чыгармачыл ык-амалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Тынчтык журналистикасынын аспаптары тѳмѳнкү маселелерди чагылдыруу үчүн колдонулат:
Тынчтыкка багыттуулук
Биринчи жана эӊ негизги эреже: эгер силер жогорудагы конфликттердин бирин чагылдырып жатсаӊар, анда проблеманы тѳмѳнкү 3 негизги аспект боюнча изилдеп чыгуу зарыл:
а) бул конфликттин тараптары кимдер
б) чыр-чатактын ар бир тарабынын максаттары эмне
с) тараптарды чырга алып келген эмне кѳйгѳйлѳр бар.
Элден чыр-чатактар алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасирин тийгизгенин, кандай ѳзгѳрүүлѳр болушун каалаганын, лидерлеринин позициясы жалгыз жана мыкты натыйжа болуп-болбогонун сурагыла.
Ошондой эле, тараптарды алардын лидерлерине гана цитата келтирип сыпаттабагыла.
Бул эрежелерди сактоо менен, силер конфликттин эки тарабы үчүн бирдей баяныӊардын «оӊуштуу» деп аталган жалпы бейпил багытын пайда кылып, аны чечүү үчүн талкуу жарата аласыӊар. Мындай иш-аракетиӊер менен чырдашкан эки тарапты бирдей карайсыӊар, репортажыӊарда экѳѳ теӊ «жеӊишке жете алат». Ошентип, балансты камсыздаган болосуӊар.
Мисалы, кишилердин социалдык топторунун: шаардын кичи райондорундагы парк аймагына жакын кѳп кабаттуу үйдѳ жашаган, жер, экология үчүн күйүп-бышкан жарандар менен базарда иштеген, жеке турак-жайлары жок, медициналык кызматтар жеткиликтүү болбогон ички мигранттардын ортосунда чыр чыкты. Алар балдарын алып барып, дарылатып турчу оорукана жакын жерде орун алгандыктан, парктын аймагына жайгашып алышты. Кичи райондун тургундары буга каршы чыгып, ортодо чыр-чатактар башталды.
Аудиторияда ар бир тараптын муктаждыктары боюнча күмѳн саноолор болбошу үчүн силер бул эки проблеманы теӊ бирдей даражада кѳрсѳтүүгѳ тийишсиӊер. .
Баяныӊардын оӊуштуу багыты ошондой эле кѳӊүлдү конфликтке буруу жана келип чыгуусу мүмкүн болгон КѲРҮНБѲГѲН кесепеттердин алдын алуу максатында жаӊжалды проблема катары карап чыгуу үчүн ачык мейкиндикти түзүү дегенди да билдирет. Кѳрүнбѳгѳн кесепеттерге оору, травма, зордук-зомбулук, структуралык, маданий, экологиялык зыяндар кирет.
Фактыларга багытталуу
Группа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.
Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:
·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;
·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);
·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);
·аналитические обзоры по заданной тематике;
·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);
·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;
·консультации по созданию медиа-кампаний;
·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;
·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;
·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);
·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;
·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;
·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;
·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).
Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker