Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту


COVID-19 пандемиясы үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө алып келди

 15-03-2021, 12:38

COVID-19 пандемиясы үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө алып келдиКыргызстандагы кризистик борборлордун адистеринин пикиринде, уланып жаткан эпидемия шартында кесепеттерди жумшартуу үчүн таасирди күчөтүү жана чаралардын атайын комплексин иштеп чыгуу талап кылынат.

Коронавирустун жайылышы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө "тымызын пандемия” – аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун күчөшү менен коштолууда. Кыргызстан да бул көрүнүштөн четте калган жок.

Жергиликтүү укук коргоочулар үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыгуучу стресске түрткү болгон жана аялдар менен балдарга карата зомбулук коркунучун күчөткөн социалдык обочолонуу маалында документтештирген айрым кейстерге көңүл буруп жатышат.

Адатта үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын аты-жөнү жана окуясы алардын жеке коопсуздугу үчүн ачыкка чыгарылбайт, бирок кээ бир кейстер ачыкталып, көйгөй канчалык курч экени көрүнүп турат.

Мисалы, карантин учурунда Ысык-Көл облусунда жашаган бир аял кичине балдарына байланыштуу "ишеним телефонуна” кайрылган. Күйөөсү жана кайындары аны үйдөн кубалап жиберип, балдарын алып калышкан. Дагы бир аял кошунасынын сексуалдык зомбулугуна кабылганын айтып кайрылган. Жардам сураган келиндердин дагы бири күйөөсүнүн жана кайындарынын ур-токмогуна кабылып жатканын айтып берген. Өлкө аймагы боюнча каттоого алынган мындай окуялар аз эмес.

"Сезим” кризистик борборунун маалыматына караганда, 2020-жылы карантин учурундагы бир ай аралыгында эле Бишкектен жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынан жардам сураган 92 кайрылуу түшкөн.

КРнын Теңчилик үчүн Коалициясынын мүчөсү болгон «Шанс» кризистик борборунун кызматкерлери да үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынан кайрылуу көбөйгөнүн белгилешти.

Алардын айтымында, 2020-жылдын биринчи жарымында эле жардам сурап телефон чалгандар он эсе көбөйгөн. Аялдар жакындарынын уруп-согуусуна, басымына жана зомбулуктун башка да түрлөрүнө кабылып, натыйжада ден соолугу жана психикалык саламаттыгы жабыркаган, алардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун изилдөөчүсү Хиллари Марголис Кыргызстанда зомбулукка кабылганын айтууга аракет кылган аялдар абдан катуу  басымга дуушар болушу коркунуч жаратып жатканын белгилөөдө.

Мунун баары коркуунун айынан, зомбулуктун курмандыгы арыз жазып, жазык ишин козгото ала турган мыйзам бар экенине жана ага карата жасалып жаткан ырайымсыз мамиледен арылууга жардам берүүчү кызматтарга карабастан болууда.

Бирок пандемия жана социалдык обочолонуу маалында жумушсуздуктун көбөйүшү, айлык маяна албай калуу, мектептердин жабылышы зомбулукка кабылып келген аялдардын коркунучун ого бетер күчөттү.

Ошол эле учурда, кризистик борборлордун адистери белгилегендей, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы биргелешип реакция жасоону күчөтүү маанилүү.

Бул чаралардын катарында алар өзгөчө кырдаал учурунда Шелтер кызматтарын калыбына келтирүү жана ылайыкташтыруу, иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу, укук тартибин коргоо жана медицина мекемелери менен, "базалык” деп эсептелүүчү жана өкмөттүн планына кирүүчү социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөр менен кызматташтык түйүнүн бекемдөө зарылчылыгын атап жатышат.

Макала Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин "Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылды.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.





МАЙЫПТУУЛУГУ БАР АЯЛДАР КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН ЧЕГИНДЕ

 27-02-2021, 07:31

МАЙЫПТУУЛУГУ БАР АЯЛДАР КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН ЧЕГИНДЕЖарымынан ураганы калган үй, короодо агып жаткан сууга жеткенге мүмкүнчүлүктүн жоктугу, дарынын жетишсиздиги – бул 34 жаштагы Айгеримдин (аты өзгөрүлдү) COVID-карантин маалында башынан өткөргөн кыйынчылыктардын толук эмес  тизмеси. Ал кол арабанын жардамы менен жүргөн майыптуулугу бар ички мигрант аял.

Пандемия күчүнө кирген маалда киргизилген карантин учурунда Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилген жана медициналык кызмат чектелүү болгон учурда Айгерим өтө кыйынчылыктарда жашады. Ал Пандемия баштала элек учурда Баткенден Бишкекке келип, майыптуулугу бар  адамдар үчүн тренингдерге катышып жүргөн жана андан кийин үйдөн иштей баштаган.

Бирок COVID-19  анын пландарын өзгөрттү.

Анын дене табы көтөрүлүп, алы куруп бир нече күн кыйналды. Айгерим өтө кыйын кырдаалга туш келди, себеби ага ажатканага баруунун өзү эле чоң түйшүк жаратты. Өз алдынча суу алып, суусунун кандыруу мүмкүнчүлүгү да кыйынчылыкка турду.

Мурда жардам берип жүргөн, Чүй облусунун жанындагы айылда жашаган ассистент коменданттык сааттын жана Бишкек шаарына санитардык-карантиндик посттон өтүүгө тыюу салынгандыктын айынан Айгеримге жете албай жатты.

Майыптуулугу барлардын көбүнүн мындай оор кырдаалга кептелгендиги мындай адамдардын социалдык коргоо системасынын даярдыгынын жоктугуна байланыштуу ого бетер тереңдеген. Алар кыйналышып, дене табы ысып жатышты, медициналык кызматка жана дары-дармектерге жеткиликсиз  болушту.

«Кыргызстанда карантин киргизилгенде мындай өзгөчө кырдаалда калган адамдарга жардам берүү үчүн маалыматтын топтому жок болчу», – дейт үч жүз майыптуулугу бар жарандын башын бириктирген «Равенство» майыптуулугу бар адамдардын бирикмеси» КБнын төрайымы  Гульмира  Казакунова.

Дагы башка көйгөй – өзгөчө кырдаалдарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жардам берүү механизмдеринин укуктук базасынын жоктугу болду. Ошондуктан, активисттер бул оор кырдаалда жардамдарды  колунан келишинче өзүлөрү уюштурушту же персоналдык арыздар менен профилдик уюмдарга кайрылып жатышты.

Пандемия маалында калктын аялуу катмарына карата стигманын жана басынтуунун көбөйгөн, ал фактыларды КРдагы Теңчилик үчүн коалициянын эксперттери документтештиришкен.

«Назик Кыз» уюмунун маалыматы боюнча бул расмий эмес бирикмеге кирген майыптуулугу бар көптөгөн аялдар карантин маалында ачкачылыкта калышкан. 2020-жылдын апрелиндеги пандемияда капыстан киргизилген Өзгөчө кырдаалга байланыштуу алардын басымдуу бөлүгү өзүлөрүнүн пенсияларын же жөлөк пулдарын  ала албай же банктан чыгара албай калышкан. Майыптуулугу бар адамдардын өз алдынча банкка жетүүсү жана кезекке туруусу өтө кыйынга турган, себеби коомдук транспорт дагы иштеген эмес.

«Майыптуулугу бар аялдардын ачкачылыгынын кооптуу деңгээли, медициналык жардамга жеткиликтүүлүгү, жашоого каражатсыз калуусу алардын колдоо жана жардам алууга мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты», – дешет  коалициядагылар.

2020-жылы КРдагы бир катар уюмдар чыгарган «КРдагы аялдардын жана эркектердин абалына COVID-19 оорусунун таасири. Оперативдүү гендердик талдоо» деген изилдөөнүн маалыматына караганда алгачкы таанылган майыптуулугу барлардын ичинен аялзатынын саны 43%ды түзгөн.

Карантин маалында майыптуулугу бар аялдар репродуктивдүү саламаттык тармагындагы медициналык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу кошумча түйшүктөргө жана чакырыктарга туш болгон.

Макала Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин "Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылган.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.





Пандемия майыптуулардын медицинага жеткиликтүүлүгүн чектеди

 21-02-2021, 07:34

Пандемия майыптуулардын медицинага жеткиликтүүлүгүн чектедиПандемия маалында чектөө иш-чаралары Кыргызстандагы социалдык  аялуу топторду басынтууну күчөтөт жана алардын укугун чектейт.

Майыптууларды басмырлоо фактыларын документтештирген активисттер  жалгыз калган майыптууларга, көзү начар көргөндөргө жана начар уккандарга, ошондой эле менталдык жактан майыптарга жекече кам көрүү керектигин айтышууда.  

Социалдык жардам көрсөтүүчү атайын топтор, «ишеним телефондору», жашоого маанилүү дары-дармектердин кошумча тизмеси жана кайра калыбына келтирүү бөлмөлөрү – бул пандемия маалында майыптууларга колдоо көрсөтүүчү жана өмүрүн сактап калчу аргалар.  

Аскар Турдугулов, активист, «Жизнь после травмы позвоночника» (Омуртка жаракат алгандан кийинки жашоо), видеоканалын алып баруучу, майыптуулардын кырдаалдарына көз салган блогер. Ал  карантин маалында менталдык жактан жабыркаган адамдар эмне болуп жаткандыгын түшүнө да алышкан жок дейт. Мына ошонун  кесепетинен кээ бирлер депрессияга түшүп кетишти, кээ бири андан да жаман абалда болду. Бирок, эч жактан жардам келген жок деген оюн билдирген. 

«Жакында менталдык майыптыгы бар бир кыз өтүп кетти – дейт блогер. – бул көңүл чөккөндүгүнөн болду».  

Турдугулов Кыргызстандагы  2020-жылдын мартында катталган COVID-19 пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдын киргизилишиндеги медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктүн бузулушуна көңүл бурдурган. 

Ал «туура эмес дарылоо  же өз убагында дарылабоону», «дарыгерлердин жоктугун», «[Майыптууларга] үйгө дарыгерлерден эч ким келбей койгондугун» факт катары келтирген. Мындан бөлөк, анын сөзү боюнча «гуманитардык жардам [майыптууларга] көрсөтүү зарылчылыкка жараша эмес, баш-аламан болгон». 

Кыймыл-аракети чектелген, майып араба пайдалангандар COVID-19 оорусунун биринчи толкунунда транспорттук чектөө киргизилгендигине жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишмердигинин өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу физикалык жеткиликтүүлүгү чектелген – дейт Балдардын укугун жана кызыкчылыгын жайылтуу боюнча Коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын изилдөөчүлөрү. 

«Эгерде бирөө жарым COVID-19 менен ооруп калса алар инфраструктуранын ыңгайлашпагандыгынын жана финансылык каражаттарынын жоктугунун жана дары ала албагандыгынын айынан КТдан өткөнгө, өпкөсүн рентгенге тарттырганга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болгон», – делет Ассоциация жакында жарыялаган отчетунда.

Карантин маалында майыптыгы бар аялдардын арасында ачка калгандар көп болгондугун Теңдик үчүн Коалиция, адам укуктары  жана басынтуунун бардык формалары жана ксенофобияга каршы күрөшкөн  Кыргызстандын расмий эмес   бир катар уюмдары каттаган. 

Өзгөчө кырдаал маалында майыптуу аялдардын көбү өзүнүн жөлөк пулун же пенсияларын ала албай же банк эсептеринен албай калышкан. Майыптуу адамдарга өз алдынча банкка барууга жана ал жерде кезек күтүүгө өтө оор болгон, себеби коомдук транспорт иштебей жаткан. 

Мында кырдаал жашоо менен аёосуз күрөшүүгө мажбурлаган деп белгилейт Коалиция.

Майыптуу, үзгүлтүксүз жардамга муктаж аялдардын дагы бир тобу саламаттык сактоо системасына жеткиликтүүлүктө кыйынчылыкка кептелишкен, ал эми алардын жардамчылары аларга жете алышкан эмес.  

Жалгыздап жашаган майыптуу адамдар Кыргызстандагы  өзгөчө кырдаал  жарыяланган шаарлар боюнча эркин жүрө алган эмес. 

Майыптуу адамдарга ошол оор мезгилде негизинен ыктыярчылар жана ӨЭУлар  жардам берип жатышты, бирок бул жеткиликтүү болгон эмес. 

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын март айынан баштап бул макала жарыяланган аралыкта Кыргызстанда COVID-19  менен ооругандардын  саны 85 071 жеткен, ал эми алардын ичинен  1 426 каза болгон. 

Күн сайын чыккан статистикада оорунун саны мурдагы жылкыга салыштырганда аз көрүнгөнү менен укук коргоочулар  пандемия коркунучу бар дешүүдө. 

Ошондуктан мамлекет адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугунун кепилдеши жана  басынтуудан алыс болуусун камсыздашы керек.

Анан да бийликтегилер майыптууларга жардам берүүдө ишти жакшы башкарышы үчүн Турдугулов бардык операторлордон акысыз чала турган ишеним телефон каналын, ал эми начар уккандар үчүн Telegram-бот  ачууну сунуштады. 

Майыптуулардын укугун жайылтуунун башка чарасына ооруканаларга жеткиликтүүлүк, кезек күтүүдө жана тез жардам чакырууда тоскоолдуксуз тейлөө болушу керек.  Буга ошондой эле, өтө муктаж дары-дармектердин тизмесин дагы кошуу туура.  

«Социалдык коргоонун райондук башкармачылыгында майыптуу жалгыз жашаган адамдардын тизмеси болушу керек. Биринчиден мына ошолорго барып, алардан кабар алып, телефон чалыш керек болчу. Бирок, эч ким анткен эмес»,- дейт активист.

2019-жылы Кыргызстан БУУнун Майыптуулардын укуктары жөнүндө конвенциясына кошулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жеткиликтүү чөйрө жана инфраструктура менен камсыз кылуу, аларга бардык укуктар менен эркиндиктерди камдоо, ошондой эле жакынкы 10 жылга финансылык пакет каралган бул программаны ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган. 

Фото Аскар Турдугуловдун жеке архивинен

Макала Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылган. 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт. 





«КАРГАШАЛУУ ИЮЛЬ»: майыптуулугу бар аялдын окуясы

 15-02-2021, 07:45

«КАРГАШАЛУУ ИЮЛЬ»: майыптуулугу бар аялдын окуясы55 жаштагы Айсулуунун  экинчи топтогу майыптыгы бар. "Мен да так COVID 19күчөп турган маалда оорудум. Тез  жардамды тааныштарым, жакын туугандарым  5-6 топ болуп чакырдык. Ошонун баарына тең келбейт. Жеке тез жардамды да чакырдык. Эртеси күнү да жок. Классташыма чалсам: "Айсулуу, сен аларды күтпөй, Исанов көчөсүндөгү Тез жардамдын кеңсесине өзүң бар, ошол жерден жардам берет” – деди.

Эртеси күнү Айсулуу Бишкектин Исанов көчөсүндөгү Тез жардам кызматы жайгашкан  жакка барып, укол алып келген. "Жакшы болуп калгам. Бирок кечинде өпкөм кыстыгып, кайра паника башталды. Түн ичинде жалгыз жаткам да, дем жетпейт. Тез жардамга кайра чалам, албай койсо кайра корком. Кесиптештерим, Москвадагы эжелерим да  баарылап коммерциялык тез жардамга чала башташты. Мен өзүм бармай болдум, шаарда транспорт жүрбөйт, коңшумду сурандым Фучик жактагы, түрктөр курган ооруканага чыктым. Жолдо өлүп кала жаздадым эле демигип,  бирөө мага аэрозоль берди. Эптеп жетсек ал жакта мени каттооң жок – деп [оорукана жайгашкан райондо катталган эместигим үчүн] киргизбей койду.  Кароолчусу эшикти жаап алды” – дейт Айсулуу ошол жайдагы окуяны эстеп.

Аркамдан келген коммерциялык Тез жардамдын баасы 2 000 сом экен, дарыгери мага дары жазып берди. Сол өпкөмдүн сатурациясы 83, оң өпкөмдүкү 93 экен. Дарыларды алып, кайра үйгө бардым да, ийне салдырдым.

Айсулуу бутуна байланышкан оорунун айынан бир ай мурда эле ооруканага жатып чыккан. Ошондуктан, ковид оорусуна чалдыкканда каражаты да жеткиликсиз болуп калган. "Дарыларды үч күнгө гана жазып бериптир. Аны алып бүткөн соң мен кайра ооруй баштадым. Көрсө дарыны 10 күн алыш керек экен да. Же дарыгер кантип дарыланышты толук айтып койбойт” – деп кошумчалайт ал.

"Москвадан эжелерим КТга түшүш керек деп, акча салышты.

Мени көнүгүү жаса дешти да. Мен же аны билбейм. Себеби мен бир ай мурда эле өпкөм таза деп чыккан болчу. КТда сол өпкөм пневмания экен деп чыкты. Ооруканага жатуу үчүн тааныш издедим. Эптеп таап, 10 күн дарыланып жаттым. Гепарин жана башка дарыларды алдым. Анан бир медайым: "Үйүңүздөн эле дарыланыңыз. Бул  жерде ооруп, өлгөндөр көп. Аны көрүп жаман болосуз” – деп көрдү.  Мен үйдө ийне салган киши жок – деп такыр болбой, кетпей койдум.

Мен ооруканада абдан таң калыштуу окуя болду. Жатканда бир аял жаткан эле. Кызыл зонага анын кызын да караганга жаткызды! Керек болсо акча болсо же тааныш болсо кызын деле киргизе беришет тура – деп калдым.

Дагы айтсам – дарыгерлер жазып берген дарыны ооруган кишиден: "мындай дарыңыз барбы?” – деп сурашат экен. Анан ооруган адам акыркы малын сатып болсо да алып келгенге аргасыз болот. А эгер жок десе гана өзүлөрүнүкүн сайышат экен. Бир сөз менен технично адамды дары алдырганга мажбур кылышат.

Мен жаткан ооруканага сырттан киши келбейт экен. Жалаң тааныштар же акчалуулар жатты. Бир сөз менен айтканда: "Таанышың болсо таңкасың, таанышың болбосо маңкасың” – экен дейт кошумчалап Айсулуу.

КР Теңчилик үчүн Коалициянын юристи тилек кызы Эльвира жарандардын дарылануу укугуна тоскоолдуктарды комментарийлеп жатып, Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо жаатындагы  бир катар алешемдиктерге токтолду.

Кыргызстан ратификациялаган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 12-беренесине ылайык, ар бир адамдын физикалык жана психикалык саламаттыгынын эң жогорку жетишүүсүн ишке ашыруу үчүн мамлекеттер төмөнкү иш-чараларды ишке ашырышы керек:

Ден соолукта болууга укук – деген саламаттыкты сактоо мекемелерде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жетиштүү көлөмдө болушу зарыл. Калктын бардык катмары, мигранттардын тобу үчүн дагы физикалык жана экономикалык планда басынтуусуз камсыздандырылышы керек.   Медициналык этикага жана  маданий критерийлердин принциптерине туура келиши зарыл. Илимий жана медициналык көз карашта туура келиши жана жогорку сапатта болушу шарт.

Мамлекет коронавируска байланыштуу саламаттык сактоонун бардык  кызмат көрсөтүүлөрү  басынтуусу жана стигмасыз камсыздалышы зарыл. Ички мигранттардын жашаган жерине катталганбы же каттоосу жокпу, бай-кедейине карабай жардам берилиши талап кылынат.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2021-жылдын 30-январында КРда COVID-19 диагнозу менен ооругандардын саны 84 453 адам, алардын ичинен 2020-жыл аралыгындагы  пневмонияны кошкондо көз жумгандардын саны 1411 адамга жеткен.

Макала Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин "Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID 19 жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылган.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.





Азчылыкты жана социалдык группаларды жек көрүүдөн жана стигматизациялоодон коргоо

 13-02-2021, 07:41

Азчылыкты жана социалдык группаларды жек көрүүдөн жана стигматизациялоодон коргооКРнын публикалык дискурсундагы дискриминациялоо жөнүндө доклады: азчылыкты жана социалдык группаларды жек көрүүдөн жана стигматизациялоодон коргоо жана дискриминацияга каршы мыйзамдарды кабыл алууну тездетүү.

Бүгүн жарыяланган «Кыргызстандын публикалык дискурсунда дискриминациялоо жана жек көрүү» боюнча пилоттук изилдөөдө азчылыкка жана түрдүү социалдык топтордун  өкүлдөрүнө болгон медиадагы мамилеге мониторингдин жана анализдин жыйынтыктары келтирилген. Анда ал адамдардын ЖМКда жана Кыргызстандын социалдык тармактарында мүнөздөлүүсү, алардын образын аудиторияга трансляциялоо, респонденттердин пикирин изилдөө каралып, респонденттердин пикири жана ар кандай коомдук-саясий контексттеги дискриминациялык дискурстун пайда болуусу  изилдөөгө алынган.

Изилдөө 2020-жылы, Кыргыз Республикасынын теңчилик үчүн Коалициясынын алкагында Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар Мектебинин эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн.

Докладда келтирилген мисалдар дискриминациялык лексиканы түшүндүрүү жана квалификациялоо менен коштолгон.

Өткөн жылдарда медиасферада душмандашуу тилинин деңгээли бир топ түшкөнүнө карабастан, жек көрүүнү стимулдаштырган бир катар проблемалар калууда жана тынчсыздандырууну пайда кылууда.

Мисалга, Кыргыз Республикасында бүгүнкү күнгө чейин жалпы дискриминацияга каршы мыйзам жок, публикалык дискурс аркылуу коомчулукта дискриминациялык көрүнүштөр жана ага байланыштуу тандалма ксенофобияны колдонулган идеология байкалууда. 

Изилдөөчүлөр контенттик дискриминацияда мурда белгилүү болгон ксенофобиялык стереотиптер жана топторду стигматизациялоо формаларынан башка дагы, азчылыктардын жана ар кайсы социалдык топтордун өкүлдөрүнүн публикалык дискуссияларда жана медиасферада катышуусунун аздыгын, ошондой эле Кыргызстанда ксенофобиялык практикаларга каршы пикирин билдирген адамдарды жана лидерлерди айыптоолор бар экендигин аныкташкан.

Мындай маалыматтар жана корутундулар кийинкиде структуралык жана дискурсивдик өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. 

Контентке медиамониторинг, экспертиза жүргүзүүнүн, чөйрөнү анализдөөнүн жана  респонденттерди сурамжылоонун жыйынтыгынын негизинде эксперттер КР дискурсундагы дискриминациялык формалар  менен күрөшүү үчүн рекомендациялардын пакетин иштеп чыгышты.

«Тең укуктуулук ага жетүүгө мүмкүнчүлүк берген механизмдер бар болгондо гана жетишилет. Публикалык дискурстагы дискриминация жөнүндөгү доклад КРда дискриминацияга каршы мыйзамдын зарыл экендигинен кабар берет» – дейт КРда тең укуктуулук үчүн Коалициянын координатору Надира Масюмова.

Толук отчёт менен шилтемеден тааныша аласыз

Макала Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин "Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID 19 жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылган.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.





ПАНДЕМИЯ МААЛЫНДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК

 11-02-2021, 07:38

ПАНДЕМИЯ МААЛЫНДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКЭксперттер үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып, Кыргызстанда абал эпидемия жаңы башталып, өзгөчө чаралар киргизилген чакта оорлогонун баса белгилеп жатышат.

КРнын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январынан март айына чейин Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 2319 кайрылуу келип түшкөн. Бул 2019-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 65% жогору көрсөткүч.

Жабыркагандардын 95% — жаш курагы 21ден 50гө чейинки аялдар.

Укук тартибин коргоо органдары үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 105 жазык ишин козгоп, 214 убактылуу коргоо ордерин жазып беришкен.

Социологдордун айтымында, катталган окуялардын көпчүлүгү көрүнбөгөн бойдон кала берүүдө, себеби аялдар COVID-19ду жугузуп алуудан коркуп, жарааттарын ооруканадан каттатуудан баш тартып коюшкан. Көпчүлүгү милиция аларды коргобой коет деп ойлоп, зөөкүр менен кайра эле чогуу жашоого туура келеринен кооптонгондуктан укук тартибин коргоо органдарына арыз жазуудан коркушат.

Кыргызстандын бир катар өкмөттүк эмес уюмдарынын жана "БУУ-аялдар” комитетинин изилдөөчүлөрү COVID-19дун Кыргызстандагы эркектерге жана аялдарга таасири тууралуу баяндамасында бир катар сунуштарын келтиришти. Алардын арасында ыкчам гендердик чара көрүү, өзгөчө кырдаалдын (ӨК) кесепеттерин азайтуу аракеттерин камсыз кылуу үчүн мамлекетте так нускамаларды жана иш процедураларын калыптандыруу зарылчылыгы бар.

Макала Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин "Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн "COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылды.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.






  • Жоокерлер машине бөлүктөрүнүн базарынын жанында массалык башаламан убагында Ош ш., июнь 2010-жыл

  • Медиация жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тренингдин катышуучулары “Тынчтык мунарасын” куруп жатышат, Бишкек, апрель, 2011-жыл

  • Стереотиптерди бузуу боюнча журналисттер үчүн тренинг, Бишкек, апрель, 2012-жыл

  • Мультиулуттук журналисттик топтордо командалык репортаждарды жасоо боюнча семинар, Бишкек, август, 2012-жыл



Карта инцидентов




Билим берүү жана тренингдер


Зордукчул экстремизм  менен медианы жана калкты маалымат менен кабардар кылууну күчөтүү аркылуу күрөшүү

Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектеби,Network ofSocial Mediators, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык…

Калганы


Вебинарлар


Медиаторлуктагы уюштуруу саясаты

Калганы


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее

Медиа-инновациялар лагери



Ичкериден кароо





Өнөктөштөр