Информация к новости
  • Просмотров: 1227
  • Автор: admin
  • Дата: 16-03-2015, 10:53

КР радио-телеберүүлөрдөгү, басмадагы, он-лайн жана социалдык тармактардагы душмандашуу тилине жасалган изилдөөлөрдүн кезектеги этабынын аягына чыкты.

 16-03-2015, 10:53    Категория: Кыргызча, Жаңылыктар


 

КР радио-телеберүүлөрдөгү, басмадагы, он-лайн жана социалдык тармактардагы душмандашуу тилине жасалган изилдөөлөрдүн кезектеги этабынын аягына чыкты.

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология Мектеби жергиликтүү демилгелерди колдоо (CFLI) Канадалык фонду тарабынан каржыланган КР радио-телеберүүлөрдөгү, басмадагы, он-лайн жана социалдык тармактардагы душмандашуу тилине жасалган изилдөөлөрдүн кезектеги этабынын аягына чыкты.

Акыркы үч айда: 2014-жылдын декабры жана 2015-жылдын январы менен февралы аралыгында, Кыргызстандын аймагында көрсөтүлгөн жана чыгарылган 47 ЖМКга контент-анализ жасалган, анын ичинде кыргыз жана орус тилиндеги: 33 гезитке, 11 он-лайн медиага, 2 телеканалга, 1 социалдык медиага жүргүзүлгөн. Анализдөөгө алынган ЖМК түрлөрү калктын калың катмарына, мамлекеттин аймактарынын көбүнө жеткиликтүүлүгүнө карай тандалган. Бул медиа-мониторингге кошумча индикаторлор кошулган, изилдөөгө чет жактагы аймактарда жана жергиликтүү компакттуу жашаган аз сандагы этностордон түзүлгөн фокус-топтор кирген.

Душмандашуу тилине коомдук-саясий турмуштун таасири

Изилдөөгө алынган убакыттарда медиа-тексттердеги жана репортаждардагы аз сандагы улуттарга карата жек көрүү тилинин курч тиби жана ачык күнөөгө жыгуулары, ачыктан ачык басым кылуусу азайгандыгы белгиленген. Ошого карабай, толеранттуу эмес, жек көрүүсү көмүскө формада жазылган тексттер басымдуу болгон. Адамдардын эникалуулугу, алардын башка улутка тиешелүүлүгү боюнча жектөө риторикасы саясий, экономикалык жана социалдык маселелерге карата реакция жасоонун линзасы катары караса болот.

Эгерде саясий аренада (парламентте, өкмөттө ж.б.) негизги фигура болгон адамдар же буюмдар башка этноско же башка мамлекетке тийиштүү болсо, анда ЖМКлар чагылгандай тездик менен сезимдерге же кол салууга аракет катары көргөн, стереотиптүү пикирлерди таркатып жиберишет.

 

Эксперттер жек көрүү чабуулу багытталган этностордун саны көбөйгөнүн белгилешкен. Эгерде мурда өзбек улутуна карата риторика документтелсе, азыр болсо башка этникалык топтор да кошулган. Кытайларга, орустарга, корейлерге, уйгурларга карата адамгерчиликсиз чабуулдар жана каралоочу метафоралар квалификацияланган.

ЖМКда Украинадагы окуяларга байланыштуу журналисттер менен саясатчылардын америкалыктаргажана россиялыктарга каршы, Кыргызстандын ЕврАзЭСке кирүүсүнө, Кыргызстанга КЭРден агылган миграцияга каршы кескин терс маанай ачык байкалууда.

2015-жылдын январь-февраль айларындагы изилденген медиада "Кырк Чоро” Коомдук бирикмесинин максаттары, милдеттери жана абалы жөнүндө кенен баяндоолорго көп орун берилип, улутчулдук сезимин козгой турган аудиториянын көңүлүн бурдурган этникалуулукка каршы риторикага бай окуялар чагылдырылып жатты.

Кээ бир репортерлор "душмандашуу тилинин сөздүгүн” компетенттүүлүгүнүн жоктугунан пайдаланышат. Ошого карабай, ЖМКда жектөөнү жайылтуунун социалдык кесепети көрсөткөндөй, коомдо этносторго карата ксенофобия сезиминин, негизсиз кооптонуунун жана жек көрүү сезиминин бар экендигин көрсөтүүдө. Мисалга, он-лайн форумдарды жана Facebook социадык форматтарды пайдалануучулар ксенофобдук билдирүүлөр менен демилгелерди активдүү колдошкон.

 

Душмандашуу тили коомдук дискурста

Аудиторияга жана коомдук пикирге терс таасирин тийгизүүдөгү негизги проблема – коомдук дискурстагы транляциялык стереотиптер жана душмандашуу тили болуп кала берүүдө. Душмандашуунун бул тибинин болуусу демократиялык жактан коомдун өнүгө электигинин тикелей көрсөткүчү болуп калууда. Көбүнчөсү репортерлор ойлонуп отурбастан эле ар кайсы спикерлердин ксенофобдук билдирүүлөрүн толугу менен цитаталай беришет, керектүү комментарийи жок эле өзүнүн ЖМКсында ачык улутчулдук пропагандалоону көздөгөн тексттерге орун беришет.

Фокус-топтордогу сурамжылоолор саясатчылардын төмөнкүдөй сөздөрү чыңалууну жана жек көрүүнү ойготушу мүмкүн, мисалга, Т.Сарпашевдин, КР биринчи вице-премьеринин жакында болгон Ош областык коллегиясынын жыйынындагы сүйлөгөн сөзүн айтса болот. Өзүнүн сөзүндө ал Араван жана Кара-Суу райондорун Украинанын согуш жүрүп жаткан[1]. Донецк жана Луганск облустарына салыштырган.

ЖМКда Бишкектеги АКШнын элчилигинин маңдайындагы "Русский мирдин” өкүлдөрү жана коммунисттер катышкан митингди чагылдырууда ксенофобдук жана расисттик айтууларын жана билдирүүлөрүн цитаталоо жана трансляциялоо комментарийлөө[2] бөлүмүндөгү тикелей душмандашуунун бир катар мисалы боло алат.

 

Charlie Hebdo «эффекти»

 

Аудиторияга душмандашуу тилинин таасир өтүүсүнүн деңгээлин 2015-жылдын 2 айлык изилдөөсүндө диний душмандашуунун деңгээлинин капыстан жогорулаганын көрсөттү. Бул башка жактан Кыргызстанга келип, жергиликтүү ЖМК тарабынан жайылган маалыматтарга көбүрөөк тийиштүү.

Респонденттердин үчтөн бири ЖМКдан алардын башка диний топторго жектөө сезимин пайда кыла турган маалыматты же окушкандыгын же угушкандыгын айтышкан. Кээ бирөөлөрдүн кооптонуулары мусулмандардын терс медиа образынын берилгендигине, аймактагы радикализмдин жогорулашына жана Сирияда согуш болуп жаткандыгына байланышкан. Жергиликтүү контентке баа берип жатып, кээ бир респонденттер Кыргызстандын жарандарынын Сириядагы согушка катышкандыгын жана алар "өзбектер менен тажиктер” экендигин, алардын этникалык тийиштүүлүгүн белгилеген жергиликтүү ЖМКдын терс маалыматтарына шилтеме жасашкан. Бул факт нааразычылык туудурган жана ошол топтордун кооптонуу сезимин ойготкон.

Сурамжылоого катышкан көрүүчүлөр жана маалымат окугандар аларга «Charlie Hebdo эффектинин» таасир кылгандыгын белгилешкен, анын айынан аларда христиан агымынын өкүлдөрүнө жек көрүү сезимин калыптандырган. Аудиториядагы кооптонуу сезимдери Франциядагы жума сайын чыгуучу сатиралык басылмага карата теракттан кийин пайда болгон, ал журналда Мухаммед пайгамбарды сатиралык маанайда тарткан сүрөттөр басылган. Бул теманы жергиликтүү жана чет элдик ЖМКларда кайра-кайра сөз кылуу көптөр үчүн жүрөктүн үшүн алган окуя болду. Ошол эле учурда, окурмандар өзүнүн көңүлүн ар кайсы жамааттардын[3] таарынычын пайда кыла турган ксенофобиялык клишелери жана достукка каршы лексемалары бар, кыргыз тилиндеги прессалардагы басылган сатирады жана анекдотторду кадыресе көрүшүүдө.

 

Эксперттик топ ЖМКда жана коомдук дискурста душмандашуу тилинин жайылтылышынын алдын алуу боюнча жагдайды жакшыртууга, аз улуттарга карата алдын ала жаман пикирде болууга жана ага байланышкан терс стереотиптерге каршы күрөшүү боюнча багытталган рекомендациялардын топтомун иштеп чыкты. Бирок ЖМКдагы душмандашууну күчөтүүгө каршы күрөшүү сөз эркиндигин буубашы керек, анын ичинде Интернет эркиндигин дагы. Кыргызстан 2014-жылдын[4] көрсөткүчү боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин ичиндеги прессанын эркиндиги боюнча рейтингинде эң жакшы жетишкендиктерин сактап калганга аракет кылышы зарыл.




 


 

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры