Интернеттеги агрессивдүү баарлашууга кантип каршы туруу керек жана киберкуугунтук онлайн агрессиянын башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат? Астанада Казакстандын Жогорку сотунун судьялары Тынчтыкты сактоо жана медиа-технологиялар мектеби тарабынан иштелип чыккан жаңы инструменттер боюнча окуудан өтүштү.
Медиа тренер жана Тынчтыкты орнотуу мектебинин жетекчиси Инга Сикорская бир нече практикалык сабактарды өткөрдү, анда 30 судья жана сот кызматкерлери Жогорку Сотто оффлайн режиминде жана Казакстандын облустук сотторунун 250 катышуучусу онлайн режиминде катышты.
Катышуучулар эффективдүү стратегияларды үйрөнүп, натыйжалуу баарлашууга жардам берүү үчүн баалуу билимге жана көндүмгө ээ болушту. Топтордо иштөөдө катышуучулар реалдуу учурларды колдонушту жана инструменттердин жардамы менен агрессивдүү байланышты башкарууну үйрөнүштү.
Окутуу ЕККУнун Астанадагы Программалык кеңсесинин колдоосунда сот администрациясы тарабынан «Юридикалык медиа борбору» КФ менен биргеликте уюштурулган.
Аны үчүн алгач ЖМКга катуу көзөмөлдөө жүргүзүү жана контентти цензуралоо аракетинен баш тартышы зарыл.
Акыркы беш жыл ичиндеги окуялар сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткендигин көрсөтүүдө.
Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин эксперттери журналисттик ишмердүүлүктүн кооптуулугу беш жыл ичинде катуу өзгөргөндүгүн баса белгилешүүдө. 2018-жылы медиа кызматкерлерге каршы 17 иш каралса, 2019-жылы анын саны – 49 болгон. 2020-жылы 102 окуя болсо, 2021-жылы 44 окуяга төмөндөп, 2022-жылы болсо бир топ көбөйгөн.
Кыргызстандагы медиа кызматкерлерине карата кол салууларды / коркутууларды талдоодо жана каттоодо 2022-жылы 130 инцидент аныкталган, бул мурдагы жылыга караганда үч эсе көп.
1-диаграмма. 2018-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта катталган кол салуулар менен коркутуулардын динамикасы
Юридикалык механизмдерди пайдалануу журналисттерге, блогерлерге жана медиа кызматкерлерге карата басым кылуунун негизги куралы болуп калды.
2022-жылы медиага жарыяланган материалдардын жыйынтыгы боюнча камалуулардын, кармоолордун, сурактардын санынын өсүүсү катталган, ошондой эле журналисттерди жана блогерлерди күбө катары маектешүү үчүн чакыруу көп болгон.
Медиа кызматкерлер
үчүн дагы бир тобокелчилик – коркутуулар жана онлайн-атакалар: троллинг,
буллинг, хакерлердин кол салуусу, анын ичинде социалдык тармактарда түз
эфирлерге чыккан маалда хакерлердин онлайн кол салуусу кирет.
Коррупцияны чагылдырган, башка өтө талылуу маселелерди көтөргөн жана репортаждарында карама-каршы көз карашты билдирген журналист-иликтөөчүлөрдүн кесиптик ишмердиги жана коопсуздугу абдан опурталдуу болууда.
2-диаграмма. 2022-жылы катталган инциденттердин категорияларга бөлүнүп аныкталган саны
Иликтөөчү-журналист Болот Темировго каршы кылмыш иши жана аны өткөн жылы Кыргызстандан кубалап чыгуусу жана башка ушуга окшош кейстербуга далил боло алат.
«Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоожөнүндө» мыйзамга негиздеп, ошол шылтоо менен «Азаттык Медиа», «ResPublca»сайттарын блоктоо, 24.kg маалымат агенттигин блоктоого аракет кылуу – мыйзам бийликтин медиа ландшафтын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгүн кеңейткендигинин кесепети болду.
Мындай кооптуулукка бүткүл медиаларды кайра каттоодон өткөрүүнү талап кылган «ЖМК жөнүндө» мыйзамды коомдук талкууга коюу да кирет. Бул мыйзам чет мамлекеттен каржылоого өзгөчө чектөөлөрдү киргизет жана көп деле түшүнүксүз болгон «сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу» үчүн санкцияларды киргизүүнү камтыйт.
Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө биз бийликти көз карандысыз журналистиканы, плюрализмди, медиа түрдүүлүктү колдоого жана адамдын бул негизги укугуна кысымдан баш тартууга чакырбыз.
Бүгүн Кыргызстанда азчылыктарды жана маргиналдашкан топторду басмырлоо жана укуктарын бузуу кейстерине мониторинг жүргүзүү, документтештирүү жана талдоо боюнча укук коргоо уюмдарынын эксперттери жумушчу жыйын өткөрдү.
Canada Fund for Local Initiativeнин (CFLI) колдоосундагы «Азчылыктардын жана маргиналдашкан топтордун укугу жөнүндө медиа-контентке үйрөтүү жана аны жасоо аркылуу медиа-эркиндикти, көп түрдүүлүктү жайылтуу» долбоорунун алкагында ага тийиштүү окуяларды изилдөөнүн методологиясы, маркерлери жана документтештирүү үчүн форма иштелип чыкты.
Долбоорго тартылган эксперттер жана өнөктөштөр маалыматтарды жыйноонун инновациялык методдору жана мониторингдин атайын техникалары менен таанышты. Алар кейстерди эл аралык стандарттардын негизиндеги деталдуу талдоонун методдоруна үйрөтүлдү.
Бул кейстер аналитикалык топ жана журналисттер тарабынан иреттештирилет жана веб-сайттарда жарыялоо үчүн иштелип чыгат.Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин кайрылуусунда - Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жана согуштук аракеттердин жүрүшү жөнүндө аудиторияга маалымат берген Борбор Азиянын ЖМКсы жана журналисттери өзүлөрүнүн материалдарында тынчтыкка багытталган каражаттарды колдонушу керек деп айтылат.
Медиадагы күнүмдүк жаңылыктардын негизги бөлүгүн кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусу ээлегенин медиа айдыңына жүргүзүлгөн анализ көрсөткөн.
Аудитория кагылышуу, курмандыктар, зомбулуктар жана аскерлердин аракеттери жөнүндө маалымат алып жатты. Бирок медиаконтенттин көбү согушка басым жасады.
ЖМКда тынчтыкты демилгелөөнүн ар түрдүү варианттарын анализдеген жана сунуштаган, аны чечүүгө багытталган материалдар жокко эсе болду.
Тынчтыкты орнотуу мектеби журналисттерди жана интернетте контент жаратуучуларды тынчтыкты орнотуучу журналистиканын ыкмаларын пайдаланууга чакырат.
Бул метод редакторлор менен репортерлорго болуп жаткан окуялардан кайсынысын тандоо керектигин жана кантип бериш керектигин, конфликтиге зордук-зомбулукка түртүүчү реакция кылбаганга мүмкүнчүлүк берет.
Төмөндөгү бир катар сунуштар бул максатка жетүү үчүн силерге жардамчы болот:
1. Тынчтыкты орнотуучу журналистиканын
принциптери тынчтыкты куруу аракетин, фактыларга, карапайым адамдарга көңүл
бурууну жана чечимдерге багытталгандыкты сунуштайт. Материалды даярдап жатып өзүңөргө: «Жаңжалдын басаңдашына мен кандай жардам бере алам?»
- деген суроо бергиле.
«Каршы тарапка жетүү» методун пайдаланып, согуш араларын бөлгөн карапайым адамдар үчүн жалпы ыкмаларды издегиле.
2. Жаңжалга катышкан тарапты лидерлеринин сөзүн
келтирүү менен аныктабагыла. Өзүңөрдүн репортажыңарда «ЖОК» деген 3 эрежени кармангыла:
- конфликтти жумшартпа;
- Күнөөлүүлөрдү издебе;
- ой-пикирлер менен дооматтарды аныкталган факт катары жайылтпа.
3. Талаш-тартышты аудиторияга ачык-айкын жеткирүү зарыл. Чек арадагы куралдуу кагылышууну көйгөй катары карап, талаш-тартыштын себептерин көңүл чордонуна коюу абзел.
4. Репортаждарда зордук-зомбулуктун көрүнбөгөн кесепеттерине (жаракаттар, структуралык / маданий чыгым) көңүл буруу керек.
5. Фактыларга таянып жалган маалыматты ар тараптан ашкерелөө зарыл.
6. Куралдуу кагылышууну баяндоодо көңүлдү аскерлерге эмес, адамдардын массасына койгула – кыйынчылыкка туш болгондорго, аялдарга, кары-картаңдарга, балдарга. Азчылыктарга сөз бергиле жана жөнөкөй тынчтыкка данакер адамдарды тапкыла.
7. Жеткиликтүү булактардан маалымат жыйноодо тынчтыкты орнотуучу ыкмаларга таянуу абзел жана Борбор Азиянын медиа чөйрөсүндөгү мультитилдүү контекстти эске алуу керек. Региондордогу жергиликтүү тилдерге которулган, ар кайсы тилдерде жайылтылган маалыматтар бир аз туура эмес кабылданышы мүмкүн. Ошондуктан ыкчам маалыматты жарыялоодогу бардык билдирүүлөрдө цитаталарды келтирүүдө жана окуяларды баяндоодо тактап алуу абдан маанилүү.
Репортажда ЖАСАЛБАЙ турган нерселер:
1. Жаңжалды ким баштаганын жазып, күнөөлөөдөн алыс болуу керек. Анын ордуна жалпы проблемаларды табуу туура болот.
2. Талаш-тартышты бир максатты гана көздөгөн эки каршы тарап катары бербеген жакшы. Мунун логикалык жыйынтыгы – бирөө жеңиши жана бирөө жеңилиши керек. Тынчтыкты жактаган журналист бул эки тарапты көптөгөн топторго бөлүп, көптөгөн максаттардын башын ачып, бир катар жыйынтыктарга жетүү менен бир топ чыгармачылык потенциалды ачып «ажыратышы» керек.
3. Өз тарабыңдагы лидерлердин сөздөрүн билдирүү менен тараптарга өзүңө карата бир жактуу деген пикир калтырба.
Анын ордуна чыныгы максатты аныктагыла:
Жаңжал адамдардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этип жатат? Алар кандай өзгөрүүлөрдү каалашууда?
Лидерлер билдирген позиция жалгыз эле туура жолбу, башкалардын ичинен эң жакшысыбы?
4. Зордук-зомбулук саясатынын артыкчылыктарын анын бир гана көзгө көрүнгөн натыйжаларына жараша баалоодон качкыла.
Анын ордуна салыштырмалуу байкалбаган натыйжаларды издөөгө аракет кылган туура. Мисалга: психикалык травмалардын узак мөөнөткө созулган залакасы, балким, жабыр тарткандар келечекте башка адамдарга карата заалим болот же зомбулук кылаттыр. Же жабыр тарткан топтор башка топторго, башка мамлекеттерге каршы чыгышы мүмкүн.
5. Репортаж жана жаңылыктарда «бузулган», «заалим», «айбандарча» жана «жапайы» деген сын атоочтордон качыңыз.
Бул сөздөр бир тарапты баяндап жатып, экинчи тараптын эмне кылгандыгына басым жасайт. Анын ордуна жасалган иштер жөнүндө кабардар экендигиңерди билдиргиле, канча маалымат билсеңер ошону бергенге аракет кылгыла.
13. «Террорист», «экстремист», «фанатик» деген клишелерди колдонбогонго аракет жасагыла. Булар дайыма «биз» тараптан «башка тарапка» багытталат. Бул сөздөрдү өзүн баяндоо үчүн эч ким колдонбойт, мындайча айтканда, бул клишелерди пайдаланган журналист эки тараптын бир тарабына жан тарткан болуп эсептелет. Анын ордуна адамдарды өзүдөрү берген ат менен атоого аракет кылгыла.
14. Кийинки чечимдер үчүн бир гана «өз» тараптагы лидерлердин билдирүүсүн күтүүдөн качкыла. Анын ордуна кайдан болбосун, тынчтыкты орнотуучу демилгелерди изилдегиле.
Азыр, медиа чөйрө жалган маалыматтарга толуп турганда тынчтыкты орнотуунун демилгелери үчүн коомдук пикирди түзүү маанилүү.
Муну жаңжалдын пайда болуу себептерин, аны изилдөөгө көңүл бурган аналитикалык жана иликтөөчү репортаждардын жардамы менен ишке ашырса болот. Бул көзгө урунбаган мүмкүн болгон кесепеттердин алдын алууга жардам берет.
Иш-чара кыргыз жана орус тилдеринде өтөт.
Тренингге катышууга Кыргызстандын журналисттери жана редакторлору чакырылат. Бардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.
Сынакка катышуу үчүн толтурулган арызды, катышууну каалаган өкүлдүн резюмесин, паспортунун сканерин, ошондой эле катышууга кандай мотивация себеп болуп жаткандыгын жазган катты топтоп, peacemakingandmediaca@gmail.com деген дарекке «Тренингге» деген ат менен салып жибериш керек.
Катышуучуларды тандоонун негизги критерийине алардын бүгүнкү күндө ошол тармактагы ишмердиги, адам укугунун жана ЖМКда азчылык менен аялуу катмардын маселесин ЖМКда чагылдыруунун маанилүүлүгүн түшүнүү болуп эсептелет.
Арыз 2022-жылдын 5-октябрында, саат 17.00гө чейин гана кабыл алынат.
Бул мөөнөттөн кийин келген арыздар каралбайт. Команда тандоонун ыкмаларына түшүндүрмө бербейт жана сынактан кийин суроо салган каттарга жооп жазбайт.
Иш-чара Тынчтыкты орнотуу Мектебинин медиа-эркиндикти жана көп түрдүүлүктү колдоо программасынын алкагында, Канаданын жергиликтүү демилгелер фондунун (CFLI) колдоосу менен ишке ашырылууда.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Биз, Кыргызстандын 36 коомдук уюмдарын жана эксперттерин бириктирген Теңчилик үчүн Коалиция, эл аралык кырдаалдын курчушунун фонунда жарандарга маалыматка объективдүү жана тең салмактуу жетүүнү камсыз кылуу үчүн өлкөбүздүн бийлигине кайрылабыз.
Теңчилик үчүн Коалициясы биздин коом Орусиянын маалымат мейкиндигинен бир жактуу гана маалымат алып жатканына, ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары окуя болгон жерде өз кабарчыларынын жоктугуна байланыштуу кыргыз элине маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугуна кабатыр.
Биздин провайдерлердин санарип пакетине кирген орус каналдарынан келген жаңылыктар жергиликтүү аудиториянын муктаждыктарын канааттандырбай жатат. Интернеттеги жана медиадагы маалымат согушунан, фейк маалыматтардын көптүгүнөн жана ошондой эле Кыргызстандын калкынын бүгүнкү болуп жаткан окуялар туурасында түшүнбөстүгүнөн коомчулукта терс кесепеттерди алып келе турган пикир келишпестиктер жаралууда.
Ушуга байланыштуу ачык-айкын жана чын маалыматтардын элге жеткиликтүү болуусун камсыздоо үчүн Кыргыз бийлиги туура чечимдерди кабыл алуусу зарыл деп эсептейбиз.
Теңчилик үчүн Коалициясы орусиялык маалыматтык берүүлөрдү мамлекеттик жана расмий тилдеги жергиликтүү маалыматтык телеканалдарга алмаштыруу аркылуу санариптик пакеттердеги Орусия мамлекеттик маалыматтык телеканалдардын көрсөтүүлөрүн жөнгө салууга чакырат.
Андан сырткары, биз КТРКнын журналисттерин учурдагы эл аралык кырдаалдар жөнүндө маалыматты кененирээк берүүгө чакырабыз.
Теңчилик үчүн Коалициясынын координатору
Айзат Русланова
+996703058058
Теңчилик үчүн Коалиция жөнүндө: Кыргыз Республикасындагы бир катар уюмдардын расмий эмес уюму 2013-жылы, адам укуктарына тийиштүү маселелерде аракеттешүү жана дискриминация менен ксенофобиянын бардык түрүнө каршы күрөшүү, дискриминацияга каршы мыйзамды иштеп чыгуу жана имплементациялоо, Кыргызстанда тең укуктуу, адилеттүү жана толеранттуу коомду түзүү үчүн түзүлгөн. Коалициянын түзүмүнө азчылыктын, калктын аялуу топторунун укуктарын коргоо, юридикалык жардам берүү, көп түрдүүлүктү колдоо, медиадагы жанапубликалык дискурстагы дискриминацияга жана душмандашуу тилине изилдөө жана мониторинг, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, адвокациялык кампанияларды өткөрүү менен алектенген 36 уюм кирет.
Толук маалымат: https://equality.kg/
Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин эксперттериАКШнын өнүктүрүү (USAID) боюнчаэл аралык агенттигинин каржылоосундагы Кыргыз Республикасында Интерньюстун Медиа-К долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 28-августунан 28-сентябрына чейинки «КРда шайлоо алдындагы дискурста кастык тили» медиамонитрингинин 1-чыгарылышын сунуштайт.
Бир ай бою изилдөөчүлөр КР Жогорку кеңешине депутаттарды шайлоо темасындагы кастык тилинин тренддерин, динамикасын изилдешти, жек көрүүнүн форма менен түрлөрүнталдашты. Ага тандалып алынган 63 онлайн-ресурс, анын ичинде форумга жайгаштырылган колдонуучулардын контенти, Facebook, Twitter жана Instagram группаларынын жана жеке баракчалары да кирген.
Эксперттер бул шайлоо кампаниясынын аралыгындагы документтештирилген кастык тилинин деңгээли 3,5%ды түзгөндүгүн, бул өткөн 2020-жылдагы парламенттик шайлоодогуга караганда 2% төмөн экендигин белгилешти. Ачык дискурска мындай таасир берүү бир нече факторлор менен байланышкан. Алардын ичинде өлкөдөгү саясий жана конституциялык өзгөрүүлөрдүн айынан шайлоонун бир «жылга кечиккендиги», COVID-19 пандемиясына байланышкан кырдаал, электр энергиясынын кымбаттоосу, баалардын өсүүсү, Кумтөр алтын кен ишканасынын мамлекеттик башкаруусуна өткөндүгү, мыйзамдардын жаңы КР Конституциясына ылайык инвентаризацияланышына окшогон бир катар коомдук көйгөйлөрдүн актуалдуу болушу таасир берди.
Башка жыйынтыктардын ичинде кастык тилин жайылтуучулар бутага белгилүү саясатчыларды, жана эмки шайлоого да партиялык тизме же бир мандаттуу округдардан аттанаарын билдирген ЖКнын депутаттарын, ошондой эле аял-талапкерлерге жана саясий партиялардын тарапташтарын алгандыгы, дискуссиялык группаларда кемсинтүүчү клишелер, жаңжал чыгаруучу стереотиптер, карама-каршылыктуу жана уят лексика, ошондой эле адамгерчиликсиз метафоралар менен эмоционалдык жана маданий коннотациялар пайдалангандыгы көрсөтүлдү.
ЖМК коомго онлайн-чөйрөдө жакшыраак багыт алуусуна жардам бериши керек. Бүгүнкү күндөгү орун алган жек көрүү риторикасы, троллинг жана жалган маалымат шарттарында так ишеничтүү булактарды аныктай билүү, сапаттуу маалыматты жана фактыларды жалган маалыматтардан ажырата алуу, объективдүү журналисттик иликтөөнү жүргүзө билүү абзел.
Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби Кыргызстандагы Интерньюстун АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Медиа-К» долбоорунун колдоосунда жана кастык тилине улантылып жаткан мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун алкагында онлайн чөйрөдөгү кептик агрессиянын учурларын документтештирүүдө.
Ачык мейкиндиктеги кастык тилинин динамикасы анын өтө жогорку деңгээлде калгандыгын көрсөтүүдө.
Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата алынган жыйынтыктар, мониторинг жасалган контенттин дээрлик үчтөн биринин ар кандай формадагы жек көрүүчүлүк сөздөрүн камтыгандыгын көрсөттү. Бул айрыкча КРнын Конституциясын өзгөртүү боюнча өткөн референдуму, 2021-жылда[1] өткөрүлгөн жергиликтүү жана мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо туурасында онлайн-талкууларда өзгөчө байкалды.
Сабырсыздыктын жана бурмаланган маалыматтардын толкуну 2021-жылдын апрелинин акыркы күндөрүндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жөнүндө кабарлар пайда болуп, күчөгөндө да аныкталды.
COVID пандемиясы маалындагы кризистен улам күч алган Кыргызстандагы мазмундуу коомдук-саясий күн тартиби журналисттерди жана интернет колдонуучуларды өз пикирлерин жигердүү билдирүүгө түртүүдө. Бирок бул маалыматтык таштандылар, текшерилбеген маалыматтар жана атайын бурмалоолор менен коштолууда.
Ушундан улам, эксперттер социалдык тармактардагы аныкталган жана жасалма аккаунттардан тараган кастык тили, троллинг жана дайыма эле ишенимдүү боло бербеген билдирүүлөрдүн ортосундагы корреляцияны катташкан. Үзгүлтүксүз маалымат агымы, кептик агрессия, дезинформацияаудиториянын арасында эмнеге ишениш керек деген суроону курч коюуда. Ошондуктан, ал маалымат фактылары жана алардын жайылыш масштабы, маалыматты бурмалоо процессинин башкы катышуучу адамдары жана алардын максаттары жөнүндө журналисттик иликтөөлөр өтө зарыл[2].
Бул жерде туура маалыматты коргоо жана жайылтуу үчүн контент түзүү жана жайылтуунун жаңы жолдорун пайдаланган ЖМК башкы ролду ойношу керек. Аудиторияны маалыматты сын көз менен баалоосуна үндөп, жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, медиа сабаттуулугун жакшыртуусун колдогон ЖМК.
Пикирин эркин билдирүү укугун сактап, аны коргоо зарылдыгы жөнүндө өкмөттөрдүн жана коомчулуктун маалым болушун жогорулатуу максатын көздөгөн Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү журналисттерге жана Интернеттеги контент жаратуучуларга жогорку стандарттарды жана этиканы сактоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Бул маалыматтык экологияны жакшыртууга жана кастык тили менен жалган билдирүүлөргө жооп кайтаруунун узак мөөнөттүү чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи.
Аял-журналисттер жана активисттер онлайн-тармактагы гендердик кырдаал жана стигма боюнча кырдаалды талкуулашты, басынтууну айырмалоону жана ага каршы күрөшүүнүн каражаттарын, агрессивдүү кырдаалдарда өзүнүн психо-эмоционалдык абалын жакшыртуу үчүн тобокелчилик факторлорун баалоону үйрөнүштү.
Семинар Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар тарабынан Canada Fund for Local Initiatives (CFLI) колдоосунда уюштурулган.
Өзүнүн кесиптик ишмердигинде коркутууга, агрессияга жана стереотиптүү мамилеге кабылган көпчүлүк журналисттер жана активисттер интернет-чөйрөдө гендердик сабырсыздыкты заманбап аныктоонун усулдарын, терс кесепеттерди жумшартуу үчүн алдын алуучу техникаларды жана жолдорду билишти.
Басынтууну аныктоо жана классификациялоо боюнча топторго бөлүштүрүлгөн практикалык сабактарда катышуучулар басынтуунун түрлөрүн аныктоого жана алардын айырмасын ажыратууга үйрөнүштү.
Акыркы сессияда журналисттердин жана активисттердин иш маалындагы психоэмоционалдык абалын талдоого көңүл бурулду. Тобокелчилик факторлорун аныктоого багытталган аналитикалык көнүгүүлөр жана интерактивдүү дискуссия жана коргонуунун персоналдык механизмдерин иштеп чыгуу көптөрүнө ички резервди кантип иштетүү керектигине жана зарылчылык келип чыкса өзүндөгү ички психологиялык жардам берүүнү кантип уюштуруу керектигин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Ошондой эле иш-чарада Кыргызстанда аялдарга карата көп жайылтылып колдонулган стереотиптерди, сабырсыздыкты жана коркутууларды аныктаган «Кыргызстандын медиатармагындагы гендердик стереотиптер» аттуу изилдөөнүн бет ачары өттү.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча бир катар сунуштамалар даярдалган жана аларды иш-чаранын катышуучулары талкуулашты. Сунуштамалар бийликтегилерге, ЖМКларга жана жарандык коомдун уюмдарына жөнөтүлөт.
Состоялся обучающий курс для молодых политических советников Центральной Азии по стратегическому планированию, который ежегодно организуется…
Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?
Это – позитивная журналистика?
Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?
Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?
Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.
Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.
Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",
"Как освещать многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.
Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.
Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.
Группа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.
Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:
·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;
·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);
·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);
·аналитические обзоры по заданной тематике;
·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);
·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;
·консультации по созданию медиа-кампаний;
·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;
·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;
·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);
·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;
·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;
·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;
·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).
Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker