Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун "Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 15-декабрынан 22-январга чейинки аралыкта жүргүзүлгөн "Шайлоо алдындагы жана кийинки дискурста кастык тили жана сарказм” изилдөөсүн сунуштайт.
Бул изилдөө көп тилдүү медиамониторингдин жана тандалып алынган онлайн медиа жана социалдык тармактардын контентиндеги Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо тууралуу талкууларда учураган кастык тилинин анализине негизделет.
Президенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы кастык тилинин документтештирилген деңгээли парламенттик шайлоо мезгилиндеги көрсөткүчтүн жарымына барабар болгону аныкталды. Бирок бул коомдо талаш-тартыштын маданияты же тармактык этиканын деңгээли жогорулаганын билдирбейт.
Эксперттер муну үгүт кампаниясынынпассивдүүлүгү, талапкерлердин бир өңчөй курамыменен шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өткөнү, ошондой эле ар түрдүү коомдук-саясий окуялар көп болуп кеткенинен улам журналисттер, колдонуучулар жана спикерлер "социалдык түгөнүүгө" дуушар болгону менен түшүндүрүшүп, бул себептер ошол учурдагы жагдайларга кызыгууну азайтып, коомдук талкууга да өз таасирин тийгизди деп белгилешет. Изилдөөчүлөр кастык тилинин тенденцияларын жана динамикасын изилдеп, аны чыдамсыздыктын түрлөрү боюнча классификациялашкан жана бир тенденция экинчи тенденциянын жайылышына түрткү берген себептерди аныкташкан.
Диаграмма 1. 2020 жана 2021-жылдардагы шайлоо дискурстарында талданган материалдардагы чыдамсыздык тенденцияларынын салыштырма динамикасы
Мындан тышкары, социалдык тармактарда жана форумдарда Интернеттеги жалпыга маалымдоо каражаттарындагы адепсиз лексика, жаргон жана кордоо сөздөрүнкамтыган материалдардын астынан бир катар куйкум жана маскаралоокомментарийлерижана сүрөттөр табылды. Маскаралоо, сарказм сөздөрү конкреттүү бир адамдыаудитория тарабынан негативдүү кабыл алышынкүчөтүү жана кастык тилин жашыруу үчүн колдонулган.
Ошондой эле интернеттеги талкууларда жана ЖМКларда түрдүү пикир келишпестиктерди чакырган, оппоненттердин позицияларын бурмалоогобарган туура эмес аргументациялар документтештирилди. Баяндамада кастык тилинин мындай лексикаларынын түрү Батышка каршы риторикада көрүнгөнү, талапкерлерге жана ар түрдүү инсандарга чындыкка туура келбеген паралеллдер айтылып, аларды жаныбарлар менен салыштырып, гумандуулукка жатпаганметафораларды түзүшкөнү айтылат.
Эксперттер аудиторияга коомдук дискурста толеранттуу технологиялардын натыйжалуулугун түшүндүрүү максатында маалыматтык кампанияларды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү, пикирлердин плюрализмин жана сөз эркиндигин эске алуу менен саясий туура лексика жана стилистиканы жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялык практикасына киргизүү боюнча ишти улантууну сунушташат. Ошондой эле азчылыктардын, калктын социалдык жана басмырланган топторунун үнүн жакшы чагылдырып, аудиторияга алардын конституциялык укуктарын түшүндүрүп берүү керек, ошондой эле медиада жарыяланган макалалардын астында жооптуу журналистика (модерация, алдын-ала модерация) менен иштөө керек. медиа.
«Шайлоо алдындагы дискурсундакастык тили» аттуу изилдөө Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасында Интерньюстун "Медиа-К" долбоорунун колдоосу менен 2020-жылдын 15-июлунан 10-октябрына чейин жүргүзүлдү.
Шайлоо өнөктүгү учурунда жек көрүүчүлүк жана басмырлоо тилин жоюу үчүн талкуу жүргүзүү жана өз пикирин билдирүү маданиятын жогорулатуунун үстүндө иштөө керек. Ошондой эле Кыргызстандын саясий мейкиндигинде жана медиа чөйрөсүндө туура полемиканын моделин түзүү абзел.
Сунуштардын жана корутундулардын топтому шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки талкууларда көп тилдүү мониторинг, документтештирүү, кастык тилин / троллингди талдоо жана экспертизалоо боюнча изилдөөлөр серияларынын жыйынтыктоочу баяндамасында берилген[1].
Диаграмма 1. Медиа мониторингдин бардык мезгил аралыгында табылган кастык тилинин динамикасы,%
Изилдөөчүлөр тандалып алынган онлайн-медиа жана социалдык тармактардын контентинен табылган кастык тилинин тренддерин жана динамикасын карап чыгышты.
Контент жек көрүү түрүнө жараша классификацияланып, белгилүү бир мезгилдеги медиа мониторингдин таралышын жана белгилүү бир тренддин себебин ачып берди.
Коомдук дискурста сабырдуулуктунтүрлөрү боюнча он тренд аныкталып, алар жыйынтыктоочу докладда кеңири талданды[2].
Диаграмма 2. Бардык мезгил аралыгындагы медиа жана онлайн- талкуулардагы сабырсыздык түрлөрү боюнча тренддердин динамикасы,%
Негизги корутундулардын ичинен изилдөөчүлөр буларды баса белгилешет:
- саясий партиялар, алардын программалары, талапкерлери жөнүндө ЖМКларда сапаттуу аналитикалык маалыматтын жоктугу,
- Интернеттеги жана коомдук мейкиндиктеги угуучулар үчүн өтө курч маселелер боюнча кастык тилин колдонуу;
- талапкерлердин жана алардын жактоочуларынын этностук жана регионалдык таандыктыгына шилтемелер;
- дебаттарды талкуулоодо дискуссиялардагы лингвистикалык сабырсыздык,
- Социалдык тармактардагы аял-талапкерлерге карата гендердик дисбаланс жана жек көрүү.
Изилдөөнүн жүрүшүндө троллинг жана жаңылыш аргументация, идентификация, айрым саясий партияларды жана алардын талапкерлерин кимдир бирөөлөр менен ассоциациялоо боюнча айыптоо, бөлүп-жарган тил, ыплас жана одоно лексика өңдүү көрүнүштөр визуалдык мазмундан да табылды.
Эксперттер шайлоо дискурсундагы ксенофобияны камтыган билдирүүлөр жана цитаталар угуучулар арасында сабырсыздыкты жандандырганы кабарлардын астындагы форумдарда жана социалдык тармактарда жазылган жек көрүү комментарийлеринен айкын көрүнгөнүн белгилешет.
Изилдөөчүлөр бийликке төмөнкүлөрдү сунушташат:
- бардык программаларды иштеп чыгууда БУУнун 2020-жылдын сентябрь айында кабыл алынган кастык тилине каршы күрөшүү стратегиясы жана иш-аракеттер планы эске алынсын;
- Кыргыз Республикасында басмырлоого каршы комплекстүү мыйзамдарды эртерээк кабыл алууга көмөктөшүү,
- мамлекеттик кызматкерлер үчүн туура полемиканын көп тилдүү моделдерин иштеп чыгуу;
- шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө спикерлерди жек көрүүчүлүктү жана чыдамсыздыкты жоюуга окутуу.
Донорлорго жана эл аралык агенттиктергекоомдук дискурстагы кастык тилинин профессионалдык мониторингин жана гуманитардык экспертизасын туруктуу жүргүзүп туруу, ошондой эле коомдук мейкиндикте басмырлабоого, кастык тилин жоюуга жана сөз эркиндигин колдоого багытталган жаңы медиа маданиятын өнүктүрө турган компоненттерди туруктуу кармап туруу сунушталат.
Негизги сунуштар журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү. Алар редакциялык көрсөтмөлөрдү жаңыртуунун зарылдыгына, альтернативага көмөк көрсөтүү жана аудиториянын сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү үчүн экзит-поллдорду практикага киргизүү зарылдыгына, ошондой эле кастык тилин колдонууга жол берген спикерлерге шилтеме берүүнүн эрежелерине көңүл буруулары абзел.
«Журналисттер аудиторияга онлайн чөйрөсүндө лингвистикалык агрессиянын бар экендиги жана анын таасири тууралуу маалымдашы керек. Интернеттеги талкууларда уюлдук этикет маселелерин көтөрүү, шайлоочуларды керектелген маалыматтарды сын менен карап талдоого тарбиялоо маанилүү”, - деп айтылат сунуштарда.
Бул басылмаАмерика Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элининжардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби жооптуу жана алUSAID-дин, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн же КРдагы Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.
Уюм жөнүндө. Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби - бул ЖМКны, коомдук мамилелерди өнүктүрүү, сөз эркиндигин жайылтуу, ЖМКлардагы кастык тилине жана басмырлоого каршы күрөшүү боюнча уюм. Уюм медиа-изилдөөлөргө жана онлайн-контентти экспертизалоого, ЖМКда, интернетте жана публикалык дискурста кастык тилин иликтөөгө, сезимтал тематикага кампанияларды уюштурууга, журналисттерге жана онлайн контентти уюштуруучуларга, укук коргоочуларга, анын ичинде талаш-тартыш бар аймактарда тренингдерди уюштурууга адистешкен.
https://www.facebook.com/peacemakingS/;
peacemakingandmediaca@gmail.com
[1] Мамлекеттик органдарга, ЖМКларга жана контент жаратуучуларга, о.э. эл аралык уюмдар менен донорлук агенттиктерге сунуштама, 13-б., «Кыргызстандагы шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки дискурстагы кастык тили», соңку чыгарылыш / июль-октябрь, 2020-жыл, URL
[2] Сабырсыздыктын түрлөрү боюнча тренддер, 28-б., ушул соңку чыгарылышта.
Үчүнчү Отчет "КАСТЫК ТИЛИ. КРдагы шайлоо алдындагы дискурста" БАдагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби тарабынан КРдагы Интерньюстун Медиа-К долбоорунун колдоосу менен даярдалды.
№ 3 чыгарылыш Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоонун алдындагы дискурста тандалган интернет-басылмалардагы жана социалдык тармактардагы кастык (жек көрүү) тилине улантылып келе жаткан мультитилдүү мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жыйынтыгы болуп эсептелет.
Медиамониторинг сындык дискурс-анализ жана контент-анализ сыяктуу сандык жана сапаттык методдорго негизделген. Маалыматты топтоонун жана аны документтештирүүнүн алгачкы баскычында талдоонун компьютердик лингвистикалык системасы менен катар контентти атайы индикаторлордун 1 жардамында кол менен жыйноо ыкмасы пайдаланылды.
Кыскача баяндоо жана жыйынтыктар
Жыйынтыктары 2020-жылдын 28-августунан 8-сентябрына чейинки убакыт аралыгындагы кыргыз жана орус тилиндеги онлайн-басылмалардагы жана колдонуучулар контентиндеги документтештирилген материалдардын анализине негизделди.
Жыйынтыктар аталган аралыкта 65 онлайн-басылмадагы жана Facebookтагы, Instagram жана Twitter 2 тармактарындагы 3 форумдарда, топтордо жана персоналдык аккаунттарда жайгаштырылган колдонуучу контенттен тандалып алынган 1117 документтештирилген (100% эсебинде алынды) материалдарга негизделген.
Мурдагы анализденген аралыкка караганда изилденген контенттин саны өзбек тилиндеги контентке кошумча мониторинг кылуу аркылуу көбөйдү.
Эксперттер Кыргызстандагы ар кандай топтордун жана азчылыктардын өкүлдөрүн түзгөн саясий партиялардын талапкерлерин журналисттер онлайн-медиада, комментаторлор форумдарда жана социалдык тармактарда кантип баяндап көрсөткөндүгүн анализге алышкан. Негизги көңүл чордонуна аял-талапкерлерге медианын мамилесине, ар кандай платформаларда талкуулоодо алардын образдарын аудиторияга трансляциялоону талдоого коюлду.
Отчеттук аралыктагы изилденген контент абдан каныккан болду, себеби үгүттөө материалдары башталды. Ошондой эле өткөн аралыктагыдай эле медиа басылмасынын редакциялык саясаттын жетекчилигине же тигил же бул партияга же талапкерге карата веб-баракчанын көз карашына ылайык ар түрдүү жаңылыктарды жана макалаларды жарыялап жатышты.
Эксперттердин жасаган биринчи жыйынтыгы боюнча, өткөн айдагыдай эле кээ бир талапкерлердин этникалык тийиштүүлүгү терс контекстте талкууланган ал эми комментаторлор менен троллдор этникалык кастыкты түзүү менен бул теманы улашкан.
Экинчи жыйынтык – 2020-жылдын август айынын аягы – сентябрь айынын башында аймактык өзгөчөлүккө шилтеме жасалган талкуулар болгон, ал да кастыктын бир түрүнө кирет.
Үчүнчү жыйынтык болуп отчеттук аралыкта кээ бир порталдарда жана веб-барактарда саясий партияларга жана талапкерлерге каршы багытталган пропагандалык макалалар, видеосьюжеттер пайда болду, алар авторлордун пикири боюнча «батышчыл» жана «грантка көз каранды» болуп эсептелет.
Сунуштамалар
Сунуштамалардын негизги пакети медиа мониторингдин финалдык жыйынтыгы боюнча 2020жылдын октябрь айынын акырында, ичине 2020-жылдын 15-июлунан 10-октябрына чейинки изилдөө маалыматтардын камтылуусу менен иштелип чыгат.
Бирок, аралыктагы жыйынтыктарда катталган маалыматтар төмөнкү факторлорго көңүл бөлүү керектигин баса көрсөттү:
1. Журналисттер талапкерлердин этникасын жазууда этият болушу керек, этникалык тийиштүүлүктү 2010-жылдагы этникалык зордук-зомбулук менен параллель келтирүүдөн качуу абзел, жөнсүз эле этникалык тийиштүүлүгүн келтире бербеген оң. Мына ушундай эле ыкманы талапкерлердин жана жарандардын башка – тилине, маданиятына, гендерине, динине, социалдык, аймактык, территориалдык, кесиптик статусуна жана саясий көз карашына байланыштуу факторлорду чагылдырууда колдонуу туура.
2. ЖМК коомдо, айрыкча шайлоо алдында көп түрдүүлүктү жайылтуунун үстүндө иштеши керек, аудиторияны Кыргызстандын бардык жарандарын – алар кандай статуска ээ болбосун бирдей кабыл алууга үйрөтүү зарыл.
3. ЖМК өзүнүн макалаларында жана репортаждарында көптөгөн түрлөрдүн катарын түзүп, партиялардын этникалык, тилдик, маданий, гендердик, диний, социалдык жана саясий көп түрдүүлүгүн, алардын программасынын ошол багытындагы аспекттери жөнүндө көп маалымат бериши керек. Партиялар мульти маданияттуулукту жана сабырдуулукту кантип ишке ашыраары, КРны Өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиясында «жарандардын өзгөчөлүктөрү
басынтуу үчүн негиз эместиги жана саясий процесстерге ал таасир этпейт» деп декларациялангандай коомдун калыптанышы үчүн шарт түзүшү зарыл.
4. Элге таанымалдар, Интернеттеги пикир лидерлери, колдонуучулар кастык тилинин, айрыкча конфликттик сезимтал маселелердин терс таасирин түшүнүшү, аларды келтирүүдөн качышы, өзүнүн сөздөрүндө колдонбошу, жаңылыш идентификация бар же коомду бөлүп-жарган билдирүүлөр менен бөлүшпөшү керек. Журналисттер аудиторияга онлайн-тармакта кастык, агрессиялуу тил бар экендиги, анын таасири жөнүндө маалымат бергени жакшы, онлайнталкууларда тармактык этикет жөнүндө маселелерди көтөрүшү, электоратты колдонуп жаткан маалыматтарды сын көз менен караганга үйрөтүүсү зарыл.
5. Журналисттер, эл алдында сүйлөгөндөр, Интернеттеги пикир лидерлери, колдонуучулар Кыргызстандагы талкуулоо маданиятын көтөрүү менен бирге кастык тилине, цензурага орун жок болгон плюралисттик талкууларга сөз эркиндигин колдошу зарыл.
Бул отчет Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоонун алдындагы дискурста тандалган интернет-басылмалардагы жана социалдык тармактардагы кастык тилине мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жыйынтыгы болуп эсептелет.
Жыйынтыктары 2020-жылдын 15-июлунан 15-августуна чейинки убакыт аралыгындагы кыргыз жана орус тилиндеги онлайн-басылмалардагы жана колдонуучулар контентиндеги документтештирилген материалдарга негизделди.
Дискриминациялык лексиканын талдоосунда негизги көңүл медианын аял талапкерлерге жана ошондой эле ар түрдүү топторго, азчылыктарга болгон мамилесине, бул топтордун медиадагы сүрөтүн, ал образдардын ар кыл аянтчалардагы талкууларда берилишин изилдөөгө бурулду.
Отчет БАдагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби тарабынан КРдагы Интерньюстун Медиа-К долбоорунунколдоосу менен даярдалды. Бул басылмаАмерика Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элининжардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби жооптуу жана алUSAID-дин, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн же КРдагы Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.
Бул жөнүндө «ЖКУ үчүн саясий мейкиндик: демократия + адам укуктары = туруктуу өнүгүү лабораториясынын катышуучулары билдирди.
Иш-чара Бишкекте, 2018-жылы 15-ноябрда өткөн адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык ХII фестивалынын алкагында өттү.
Катышуучуларды Франциядан Кыргызстанга атайын келген, расмий жолугушууларга жана жарандык коом менен аракеттешүү боюнча жолугушууларга катышкан FIDH адам укуктары боюнча Эл аралык федерациясынын президентиДимитрис Христопулос (DimitrisChristopoulos) куттуктады.
Өнөрканалардын отуздан ашык катышуучулары – укук коргоочулар, ЖКУнун лидерлери, эксперттер, КР юстиция министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Италиянын, Франциянын, Чехиянын өкүлдөрү «Сөз эркиндиги», «Жыйналыш эркиндиги», «Ассоциациялардын эркиндиги», «Аялдардын жана эмгек мигранттарынын катышуусу» аталыштагы төрт топто иштешти. Бул секциялар саясий мейкиндиктин функцияланышына жана Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүгө зарыл болуучу негизги эркиндиктерди жайылтууну талкуулоо үчүн түзүлгөн. Эксперттер Борбор Азиядагы бүгүнкү күндөгү реалийлерди жана жарандык коомдун көйгөйлөрүн эсепке алуу менен аталган эркиндиктердин кырдаалы боюнча докладдар менен чыгышты.
«Сөз эркиндиги боюнча региондун үч өлкөсүнүкү - Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын тең абалы окшош, - деди БАда Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин (Кыргызстан) программалык директору Инга Сикорская, «БАдагы сөз эркиндиги: чакырыктар тренддер, чечимдер» деген темадагы доклад менен чыгып жатып. - Негизги коркунучтар – чыр-чатак чыгаруу жөнүндө мыйзамдарды интерпретациялоо, ушул түшүнүктөрдү экстремизм менен чаташтыруу, мындай кемчиликтер көз карандысыз активисттерди, журналисттерди, укук коргоочуларды куугунтуктаганга жол берип жатат; биздин өлкөлөрдө социалдык жактан жактыра бербеген топторго болгон жек көрүүнүн жогорулашы, ошондой эле пропаганданын деңгээлинин жогору болуусу коомдук пикирдин жана публикалык дискурстун калыптануусуна таасир этүүсү бар " – деп айтты.
Катышуучулардын тобу бир нече саат бою талкуу кылышып, сунуштамаларды жана аракет планын иштеп чыгышты. Жыйынтыгында, ар бир секция өзүнүн иштелмелеринин пакетин презентация кылды.
Тажикстандык эксперт Муаттар Хайдароваассоциациялардын эркиндиги тармагындагы тенденциялар жана коркунучтар жөнүндө айтып жатып, ӨЭУну ички булактардан финансылоо боюнча мыйзамды жакшыртуу,кайрымдуулук менен алектенген уюмдур жөнүндө мыйзамды тез аранын ичинде кабыл алуу, салык мыйзамын Тажикстанда жарандык коомго басым жасоонун каражаты катары пайдалануу тажрыйбасын жоюу керектигин көрсөтүү менен жумушчу топтун сунуштарын айта кетти.
"Кылым Шамы” КФнын (Кыргызстан) өкүлү Гульшайыр Абдирасулова келгендерди тынч жыйналуу өткөрүү укугун ишке ашырууга байланыштуу иштерди сотто кароодогу өзгөчөлүктөр менен тааныштырды. Анын катышуусундагы жумушчу топ ошол тармактагы кырдаалды жакшырта турган бир катар кадамдарды сунуштады. Айта кетсек, соттор үчүн тынчтык жыйналуулар эркиндигин сактоо боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу, соттор жана укук коргоочу органдарга адам укугун коргоо маселелерин билүү боюнча аттестация процессин имплеминтациялоо, катышуучу мамлекеттерде жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын аткарылышын көзөмөлдөө менен алектенген БУУнун адам укуктары боюнча Комитетинин, уюмдардын чечим чыгаруу тажрыйбасын түзүү зарыл.
Казакстандан келген, «Эл аралык Укук Демилгеси» коомдук фондунун президенти Айна Шормонбаева «Аялдардын жана эмгек мигранттарынын катышуусу» жумушчу тобунун сунуштамаларын презентациялады.
«Өкмөт жана парламент коомдук кызыкчылыктарга жана талаптарга көңүл бурушу керек, бул ЖКУ үчүн ачык саясий мейкиндиктеги негизги принцип болуп эсептелет,- деди Шормонбаева.Бул жумушчу топко катышуу үчүн Кыргызстандын Нарын областына караган Жумгал районундагы Миң-Куштун жашоочулары, мындайча айтканда адамдар оорудан жана жакырчылыктан кыйналган, уран калдыктарын иштеткендиктен экологиялык коркунучтуу болуп калган айылдан келишкен. Активисттер бийликтегилерге бул кырдаал боюнча маселени колдон келишинче тез аранын ичинде чечүүнү сунушташты. Ошону менен катар, Миң-Куш кыштагындагы 23 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча чечимдин конкреттүү механизмин иштеп чыгуу зарыл.
"CABAR.asia” аналитикалык порталдын редакторуЭрмек Байсалов,БАда эксперттик жамаат менен жарандык коомдун уюмдарынын кызматташуусу маанилүү экендигине көңүл бурдурду. Эксперттик потенциал көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү база болуп саналат деп баса белгиледи ал.
Төрт жумушчу топ өлкөлөрдүн Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн керектелүүчү аталган эркиндиктерди жайылтуу боюнча аракет планын сунуштады. Сунуштардын ичинде – ЖМКда жана Интернетте душмандашууну ойготуу жана сөз эркиндигине тийиштүү болгон макалаларды түшүндүрүү боюнча Жогорку Соттун Пленумунун чечимин алуу, коомдун ар түрдүү топторунун укуктарын жана эркиндигин коргоо үчүн КРнын дискриминацияга каршы мыйзамын кабыл алуу, кайрымдуулук уюмдары боюнча мыйзам кабыл алуу, жумушсуздукту жана эмгек миграциясын кыскартуунун үстүндө биргеликте иш жүргүзүү, бийликтекыз-келиндердин болушу үчүн 40% квота киргизүү, коомдук жыйналуу жөнүндө мыйзамды пайдалануу укугуна коомдук экспертизаны жайылтууну практикалоо, БУУнун адам укуктары боюнча механизмдерин жайылтууну колдоо: БУУнун атайын процедураларына кайрылуу, адам укуктары боюнча БУУнун комитетине жекече билдирүү жасоо, БУУнун атайын докладчигине кайрылуу.
Алина Амилаева, Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар мектебинин программасынын ассистенти, Казакстан.
Бул макала XII Эл аралык фестивалдын медиакампания боюнча расмий өнөктөшү болгон Борбор Азияда Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар мектеби тарабынан даярдалган.
Мындай чечимди Бишкекте, 12- 16-ноябрда өткөн XII фестивалдын жабылыш салтанатында уюштуруу комитети тарабынан «Адам нарктуулугу үчүн!» ураанынын астында өтөт деп кабыл алынган.
«Фестивалдын маанилүү саясий ролу – бул адам укуктарын демократиянын принциптерин катары коргоо жана аны киноискусствонун жардамы менен жайылтуу, - деп белгиледи XII Эл аралык кинофестивалдын калыстар тобунун тңрагасы, КР Маданиятынын эмгек сиңирген кызматкери, режиссер Молдосейит Мамбетакунов.- Бул сыймыктуу кызмат жыл өткөн сайын өзүнүн деңгээлин жогорулатууда жана өзүнүн айланасында кадыр-барктуу адамдарды чогултууда. Бул көрүүчүлөрдү кубандырууда».
Фестивалдын жабылуу салтанатына КР Өкмөтүнүн, Бишкек мэриясынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, 14 өлкөдөн келген өкүлдөр, анын ичинде Франциядан FIDH адам укуктары боюнча Эл аралык федерациясынын президенти ДимитрисХристопулос (Dimitris Christopoulos), IPHR адам укуктары боюнча Эл аралык өнөктөштүктүн директору Брижит Дюфор (Brigitte Dufour), Франция, Таиланддан адам укуктары жана өнүктүрүү боюнча Азиялык форумдун аткаруучу директору Джон Самуел (John Samuel), Чех Республикасынан адам укуктары боюнча «Один мир» фильмдеринин Эл аралык фестивалынын директору Ондрей Каменицкий ошондой эле Италиянын, Швециянын, Нидерланддын, Борбор Азиянын, Грузиянын жана Россиянын өкүлдөрү бар.
Жабылышында он номинация боюнча жеңүүчү жарыяланды жана кинодокументалисттерге сыйлыктар ыйгарылды.
XII кинофестивалдын Гран-присин "Керексиз буюмдардын музыкасы»фильми (Парагвай / Бразилия / Норвегия / АКШ) жеңип
алды.
«Дүйнө бизге таштандыларды жиберет, а биз ага музыканы жөнөтөбүз!», - дейт фильмде таштандыдан жыйналган инструменттерден уюшулган, дүйнөдөгү алгачкы оркестрдин жетекчиси Фабио Чавес. Парагвайдын чакан шаарында Фабио жана анын досу экологиялык проблеманы музыканын жардамы менен чечет. Шаар көмүлүп калган тоодой таштандылар жаңы инструменттер үчүн материал катары кызмат кылышты жана ошол инструменттерде ойногон өспүрүмдөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Музыка шаардын башын бириктирди жана дем берди.[1]
Жеңүүчү
фильмдердин тизмеси пресс-релизге тиркелди.
Бир жума бою Бишкек шаарынын колдоосунда 24 документалдык тасма борбор шаардын ар бир районунда акысыз көрсөтүлүп, ага көптөгөн көрүүчүлөр барышты. Кино көрсөтүлгөндөн кийин көрөрмандар кинодокументалисттер менен талкууларга катышты, фильмдерде көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча кызыктырган суроолорду беришти.
«Фестивалдын командасы жана ыктыярчылары он эки жылдан бери жасаган иштерден 2018-жылдагы документалдык фильмдерден дем алган активдүү, кайдыгер эмес көрөрмандарды көрүштү – дейт «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоочу кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. – «Адамдар ачык болушту жана өзү менен айланадагылардын жашоосун жакшыртууга тилек кылышты».
Иш-чарада кыргызстандыктардын социалдык, маданий жана экономикалык укугуна жооп бере турган расмий адамдар болушуп, сөз алып, пикирин бөлүшкөндүгү жакшы болду. Мисалга айтсам, фестивалдын ачылышында КР ЖКнын депутаты Аида Касымалиева, вице-премьер, Адам укуктары боюнча Улуттук Кеңештин төрагасы Раззаков жана башка, жогорку деңгээлдеги коноктор жана эксперттер да катышты.
Фестивалдын алкагында бийлик жана бизнестин өнөктөштүгү аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон, туруктуу өнүгүүнүн максатына, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн креативдүү ыкмаларга арналган 10 инновациялык лаборатория өткөрүлдү. Укук коргоочу өнөрканалар «Бир Дүйнө» укук коргоочу кыймылы жана бир катар уюмдар тарабынан уюштурулду, ал эми лабораториялардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар бийликке жана эл аралык жамаатка арналган сунуштамалардын пакетин жана аракет пландарын кабыл алышты.
Уюштуруучу комитеттин чечими боюнча документалдык фильмдердин 2019-жылда өтүүчү XIII Эл аралык кинофестивалы БУУнун балдар укуктары боюнча Конвенциясынын 30 жылдыгына арналат.
Балдар укуктары боюнча Конвенциясы Бириккен Улуттардын Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1989-жылы кабыл алынган жана күчүнө 1990-жылы кабыл алынган. Конвенцияда балдар укуктарын аныктаганга арналган 54 берене бар жана ал беренелер мамлекет тарабынан камсыздалышы жана көзөмөлгө алынышы керек. Бул Конвенцияны дүйнөнүн бардык мамлекеттери аталган эл аралык документте бекитилген бардык укуктарын жана эркиндиктерин сактоону убада берүү менен ратификациялаган.
Маалымат үчүн: Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө укук менен эркиндиктин негизги темаларын көтөргөн активдүү аракеттеги Жарандык Платформа болуп эсептелет. Бул Борбор Азиядагы укук коргоо тармагындагы документалдык чындыкты талкуулоо үчүн ар кайсы өлкөдөгү кинематографисттердин башын бириктерип, кеңири мүмкүнчүлүк берген фестиваль болуп эсептелет.
Бул жылы 70 жылдыгын белгилеп жаткан адам укуктарынын жалпы декларациясы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган[2]. Бул документ ар бир адам ээ болгон жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктардын бири-бирине көз карандылыгын жарыялайт.
Толугураак маалымат үчүн: www.birduino.kg
https://www.facebook.com/birduinofest/?notif_id=1540181629171346¬if_t=page_admin&ref=notif
E-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com тел: +996312 383330
1.2018-жылдын фестивалынын күн тартибине жана инновациялык укук коргоочу лабораторияларга беш компонентти киргизүү жарандык агартуу үчүн кеңири аянтчаны түзүүгө жана жарандардын бардык деңгээлдерде чечим кабыл алуу процессине катышууга багытталган. Адамдардын тартылуусу жана катышуусу – бул коммуникациянын үзгүлтүксүз процесси жана ал өз учурунда бийликтин айкындыгына жана отчеттуулугуна дем берип коомчулуктун ишенимин жаратат.
2. Беш компонент Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүүсүнө жардамдашканга жөндөмдүү бардык жарандар үчүн өзүнчө чакырык катары эсептелет. Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнүн 20140-жылына чейинки Улуттук стратегиясы иштелип чыккан[1] Ал Максатка демократия жана адам укуктарынын принциптерин кармануу менен гана натыйжалуу жетсе болот. Беш компонентти ишке ашыруу ошол ишенимден кайтпай жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
3. Беш компонент көнүмүш алкактан чыгууга мотивациялайт,
дүйнөгө жана ар бир адамдын мүмкүнчүлүгүнө жаңы көз караш менен кароого,
инновацияларды издөөгө жана пайдаланууга, ТӨМгө жетүү үчүн жардамдашуу үчүн
кызматташууга шарт түзөт. Бул ааламдык чакырык кылган биздин дүйнө үчүн эң жаңы
жол: өзүбүздү өзгөртүү менен айланада да чоң өзгөрүүлөргө жетишүү.
[1] http://www.president.kg/kg/okujalar/12775_2018_2040_ghildari_kirgiz_respublikasin_nktrnn_uluttuk_strategiyasi_bekitildi
"Бир Дүйнө Кыргызстан-2018” адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин XII эл аралык фестивалын өткөрүүнүн аралыгында Туруктуу өнүктүрүүнүн алкагындагы укук коргоо мамилесин коштогон инновациялык лабораториялар жана мастер-класстар өткөрүлөт.Бүгүнкү күнү саясий жана диний фундаментализмдин ааламдык чакырыктары коомдук коркунуч алып келип, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешип тынчтыкта жашоого тоскоол кылууда.
Лабораториялар 13-15-ноябрда, Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Иш-чаранын катышуучулары балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эмгек укуктары, жабык мекемелерде кыйноо боюнча окуялар жөнүндөгү инструменттердин жана сунуштамалардын үстүндө иштешет.
«Ааламдык шторм: фундаментализмдин өсүүсү жана келечекке коркунуч» лабораториясы адамдын теңдиги жана нарктуулугу маселесине басым жасайт, укук коргоочулар финансылык сабаттуулук көйгөйүн жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө тышкы карыздын таасирин талкуулашат. Бишкек мэриясынын Өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте "Шаарлар шаарларга: жарандардын ролу, өнүгүү максатында өнөктөштүк” өнөрканасы уюштурулса, аялдар ӨЭУларынын форуму башка уюмдар менен биргеликте: укук коргоо мамилесин коштогон Туруктуу өнүктүрүүдөгү дүйнөлүк тажрыйбаны пайдалануу менен "Кантип өз өлкөңдүн ээси боло аласың” деген маселени изилдешет.
Документалдык кинодогу инновациялар боюнча мастер-классты Чыгыш Европа жана Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн жетектөөчү адистери алып барышса, Теңдеш коалициясынан уюштурулган коалиция теңдештик жана дискриминацияга каршы принциптери жөнүндө агартууга басым жасайт.
Иш-чаранын акыркы күнү жарандык коомдун уюмдары үчүн саясий мейкиндикти өнүктүрүүгө арналат. Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби мастер-классты негизги өнөктөштөр менен биргеликте: демократия + адам укуктары + адилет жана айкын бийлик туруктуу өнүгүүнүн кепилдиги принцибине таянуу менен өткөрөт.
«Бул жылы лабораториялардын форматы өткөн жылкыга караганда өзгөчө, себеби алар актуалдуу проблемаларга багытталган, - дейт "Альтернатива” Борборунун жетекчиси Лира Асылбек. «Өнөрканалар жетектөөчү эксперттерге, жарандык бирикмелердин өкүлдөрүнө жана бийликтегилерге бүгүнкү күндүн негизги чакырыктарына басым жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Адам укуктарынын ишке ашуусуна эмне жана ким тоскоолдук кылып жаткандыгын, айланада эмне болуп жатканын, ошол коркунучтарды кантип азайтуу керектигин, кайсы өлкөлөрдө позитивдүү өзгөрүүлөрдүн натыйжасы бар экендигин, ошол коркунучтарды кантип төмөндөтүш керектигин түшүнүүгө жана позитивдүү өзгөрүүлөр үчүн бийлик, бизнес структуралары менен тең өнөктөштүктү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Тажрыйба, пикиралмашуу, коомдогу маанилүү проблемалардын үстүндө иштөө мыкты инновациялык мамилени жана чечимдерди табууга жардам берет. Мында Интернет технологиялар дагы уникалдуу роль ойнойт.
Лабораториялардын программасы мында
Маалымат: адамды өнүктүрүүнүн конфигурациясы жөнүндө.
Адамдар: Адам өнүгүүсү адамдардын жыргалчылыгын жакшыртууга ыклас
коюлган, экономикалык өсүү автоматтык түрдө бардыгы үчүн жыргалчылыкка жетет дегенди алдын ала
болжолдогон эмес. Кирешенин өсүүсү анын аяккы жыйынтыгы эмес,
өнүгүүнүн каражаты катары каралган.
Мүмкүнчүлүктөр: Адам
өнүгүүсү адамдар үчүн орчундуу болгон жашоого көбүрөөк эркиндик берет. Иш
жүзүндө бул адамдардын жөндөмүн өнүктүрүү жана аны пайдаланганга мүмкүнчүлүк
берүү дегенди туюнтат. Мисалга, билим алуу көндүмдөрдү калыптандырганга жардам
берет, бирок адам иштегенге мүмкүнчүлүгү болбосо же жергиликтүү эмгек рыногуна
туура келбесе ал көндүмдөрдүн пайдасы жок. Адам өнүгүүсүнүн негизине үч
компонент жатат: адам узак, саламаттыктагы жана чыгармачыл жашоону жашашы
зарыл, татыктуу жашоо деңгээли үчүн керектелүүчү ресурстарды билиши жана ага
жеткиликтүү болушу керек.
Тандоо укугу: Адам өнүгүүсүнүн негизинде кеңири тандоо мүмкүнчүлүгү
жатат. Адамдарга мүмкүнчүлүктөр берилет,
ошого карабастан алар аны пайдаланганга милдеттүү эмес.
Адамды эч ким бактылуу болот деп кепил боло албайт, ал эми адамдын өзүнүн
тандоосу – анын жеке чечими. Өнүгүү процесси – адам өнүгүүсү – бери дегенде
адамдар үчүн, жеке жана коллектив үчүн, алардын потенциалынын толук кандуу
өнүгүүсү жана жемиштүү жана чыгармачыл жашоосунун жүргүзүү үчүн акыл-эс менен
калчанган мүмкүнчүлүктөргө чөйрө түзүп бериши керек.
Кыргызстанда өткөрүлгөн 11 фестивалда дүйнө жүзүнүн 450 өлкөсүнөн документалдык кинолор, анын ичинде Чыгыш Европа жана Борбор Азиядан келген документалистика да көрсөтүлгөн. Фильмдердин бардыгы коомдогу укуктуулук аң-сезимди калыптандырууга жана адамдын социалдык проблемалары жана укугу жөнүндө тасма тарткан режиссёрлорду колдоого багытталган.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоочу кыймылдын жетекчиси, фестивалды уюштуруучу Төлөйкан Исмаилова Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралардын маанилүү экендигин айрыкча белгилеген мурдагы фестивалдардан мисал келтирди.
Документалдык фильмдердин эл аралык фестивалынан 11 сүрөтү
Төлөйкан Исмаилова:
Бул 2010-жылдагы фестиваль эле, анда биз биздин бийликтин тышкы саясатка келгенде канчалык деңгээлде алсыз экендигине күбө болгонбуз. Бизге белгилүү укук коргоочу, Уйгур дүйнөлүк конгрессинин жетекчиси Рабия Кадырдын өмүр баяны жөнүндө "Сүйүүнүн 10 шарты” деген тасмасын көрсөтпөй, тыюу салышкан. КР Президентинин Администрациясынын экс-башчысы, атайын кызматтар Кытайдын Кыргызстандагы Элчилиги жактырбайт дешкен.
Биздин иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн мыкты эксперттердин келгендиги суктандырат, айрыкча бизге таасир бергени - "One World" адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин эл аралык фестивалынын мурдагы директору фестиваль Игорь Блажевич Прагадан эки жолу келди. Ал биздин фестивалды элдик деп белгиледи! Ал активдүү жаштардын жана лидерлердин катышуусунда өткөрүлөт. Келечегибиз бар! Алар чыгармачыл келишет, жана "стигмасы” жок. Фестивалдын темалары дайыма аялуу адамдардын толгоосу жеткен проблемаларын көтөргөндүгүнө байланыштуу, биз дүйнөдө эмне болуп жаткандыгынын баарын билебиз жана талаш-тартыштардын алдын алуу менен алектенгенге жана Туруктуу өнүгүүнү айтып жатып, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин жогорку принциптерине көңүл койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар.
3.Анан албетте, үчүнчүсү, бул – фильмден кийин көрсөтүүлөр менен дискуссиялар гана болбостон, өнөктөштүктүн жана тилектештиктин аянтчасы түзүлүүдө, тажрыйба алмашуу, жарандык көпүрөлөрдүн өнүгүүсү жүрүүдө. Эң негизгиси – кыргыз тилинин өнүгүүсү, себеби бардык документалдык фильмдер көрүүчүлөргө субтитрлер менен көрсөтүлөт. Бул фестиваль ар бир адам үчүн!
Дүйнө жүзүнөн, анын ичинде Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн келген 450 документалдык фильм.
Иш-чара ар жылы чыгармачыл жана инновациялык форматта өткөрүлөт, себеби ал катышуучу фестиваль.
Аялуу адамдардын толгоосу жеткен орчундуу проблемаларын
көтөрөт, биз дүйнөдө
эмне болуп жаткандыгынын баарын билебиз жана талаш-тартыштардын алдын алуу
менен алектенгенге жана Туруктуу өнүгүүнү айтып жатып, адам укуктарынын жана
эркиндиктеринин жогорку принциптерине көңүл койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар.
«Адам нарктуулугу үчүн!» темасындагы ХII Эл аралык укук коргоочу документалдык фильмдер-2018 фестивалы
БУУнун адам укуктары боюнча Жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналды жана "Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз” деген девиз боюнча өтөт. Жыл сайын өтүүчү «Бир Дүйнө-Кыргызстан» уюштурган фестиваль бишкекте, 2018-жылдын 12-16-ноябрында Бишкекте өткөрүлөт.
Конкурска Кыргызстан, Норвегия, Швеция, Китай, Чехия, Швейцария, Россия, Германия, Польша, Бельгия, АКШ, Австралия, Индия, Улуу Британия, Канада, Украина, Парагвай, ТАРдай 18 мамлекетинен 55 фильм келген. Комиссия алардын ичинен эң мыкты жана күчтүү картиналарды тандаган.
Бул жылдагы документалдык фильмдердин сценарийи балдардын, аялдардын жана аялуу топтордун, жабык мекемелердеги кыйноолорго, мигранттарга, дискриминациядан запкы тарткан жана соттук адилеттүүлүккө жеткенге мүмкүнчүлүгү жок адамдарга арналган. Ошондой эле кинотасмалар экологиялык жактан кооптуу аймактарда жашаган жана оор менен жакырчылыктан жабыр барткан адамдар айтат. Темалардын палитрасы өтө түрдүү, бирок аларды бир нерсе бириктирет – ар бир адамдын татыктуу жашоосуна жалпы адамзаттык камкордук.
Фестивалдын идеясын бул жылы Бишкек шаарынын мэриясы, борбордун акимияттары колдоду жана документалдык тасмалар шаардын ар бир районунун кинотеатрларында: «Манас», «Россия», «Октябрь» жана «Ала-Тоо» кинотеатрларында көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр үчүн эшик ачык. Ар бир тасмадан кийин документалисттер менен жолугушуу өтөт жана көрүүчүлөр алар менен баарлаша жана өзүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышат. Талкууга аудитория менен кошулуп тасманын каармандары, бийлик өкүлдөрү, эксперттер жана журналисттер катышат. Фильмдерди талкуулноонун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштамалар жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарына, адам укугу боюнча улуттук укук коргоо институттарына жөнөтүлөт жана тилектештик тармактары боюнча жайылтылат.
Фестивалдын акыркы күнүндө конкурстук эмес негиздеги, иденттүүлүгү айкашкан коомчулук туш болуп жаткан дискриминациялоо жана социалдык адилетсиздиктерге тийиштүү ар кандай маселелерди ачкан фильмдер көрсөтүлөт.
«Биздин фестиваль бир нече жылдан бери – долбоор эмес, тилектештердин, активисттердин, искусство адамдарынын жана укук коргоочулардын биргелешкен волонтёрдук иши экендигине сыймыктанабыз», - дейт Бир Дүйнө Кыргызстан укук коргоочу кыймылынын директору Төлөйкан Исмаилова. – Бүгүн биз жаңы мамилени, инновациялык жолдорду издеп жатып, укук коргоочу күн тартиби жана гендердик теңчилик менен Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясына натыйжалуу салым кошконго умтулуп жатабыз».
Кинофестиваль Кыргызстандын бийлигинин аймактарда чакан жана орто ишкердикти колдоо, инвестицияларды тартуу, региондорду өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган долбоорлорду кредиттөө боюнча финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирүүнү колдоонун жаңы форматында өтөт[1].
Фестивалдын алкагында бийлик жана бизнестин өнөктөштүгү аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон, туруктуу өнүгүүнүн максатына арналган 10 инновациялык лаборатория жана мастер-класстар, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн креативдүү ыкмалары өткөрүлөт. Лабораториялар жарандык агартуу үчүн платформаларды түзөт, чечим кабыл алууда жарандардын катышуусун стимулдаштырат, анын ичинде өнүгүү маселелеринде КРда ак ниет башкаруунун принциптерин сүрөмөлөп жатып, мамлекеттик деңгээлде дагы жаңы саясатты шарттайт[2]. Бул мастер-класстык сабактарды «Бир Дүйнө Кыргызстан» улуттук жана эл аралык өнөктөштөрдүн патронаждыгы алдындагы белгилүү атактуу чет элдик жана регионалдык эксперттер өткөрүшөт. А кинодокументалисттер үчүн мастер-класста өзүнүн тажрыйбасы менен казакстандык «Партизандык кино» медиа-тобу бөлүшөт.
Маалымат үчүн: Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө укук менен эркиндиктин негизги темаларын көтөрүп жаткан активдүү аракеттеги Жарандык Платформа болуп эсептелет. Бул Борбор Азиядагы укук коргоо тармагындагы документалдык чындыкты талкуулоо үчүн ар кайсы өлкөдөгү кинематографисттерди тартуу менен талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк берген фестиваль болуп эсептелет.
Бул жылы 70 жылдыгын белгилеп жаткан адам укуктарынын жалпы декларациясы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган[3]. Бул документ ар бир адам ээ болгон жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктардын бири-бирине көз карандылыгын жарыялайт.
Толугураак маалымат үчүн: www.birduino.kg
https://www.facebook.com/birduinofest/?notif_id=1540181629171346¬if_t=page_admin&ref=notif
E-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com тел: +996312 383330
[1] Указ президента КР об объявлении 2018 года Годом развития регионов, http://www.president.kg/ru/sobytiya/ukazy/5794_prezident_sooronbay_gheenbekov_podpisal_ukaz_ob_obyavlenii_2018_goda_godom_razvitiya_regionov
[2] https://rus.azattyk.org/a/28385722.html, http://www.gov.kg/?page_id=16966
[3]http://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/declhr.shtml
Состоялся обучающий курс для молодых политических советников Центральной Азии по стратегическому планированию, который ежегодно организуется…
Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?
Это – позитивная журналистика?
Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?
Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?
Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.
Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.
Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",
"Как освещать многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.
Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.
Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.
Группа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.
Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:
·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;
·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);
·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);
·аналитические обзоры по заданной тематике;
·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);
·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;
·консультации по созданию медиа-кампаний;
·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;
·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;
·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);
·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;
·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;
·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;
·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).
Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker