Информация к новости
  • Просмотров: 1682
  • Автор: admin
  • Дата: 12-12-2017, 14:54

Зордукчул экстремизм менен медианы жана калкты маалымат менен кабардар кылууну күчөтүү аркылуу күрөшүү

 12-12-2017, 14:54    Категория: Билим берүү жана тренингдер, Фокустагы программалар, Жаңылыктар


Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектеби,Network ofSocial Mediators, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен медианы жана калкты маалымат менен кабардар кылууну күчөтүү аркылуу экстремиздин жайылышын алдын алуу боюнча долбоорду ишке ашырууда.

 

Долбоордун эксперттери тарабынан жүргүзүлгɵн медиа жана интернет тармагын иликтөөсүнүн жыйынтыгы өлкөдөгү диний терс кɵрүнүштɵрдɵн улам келип чыккан карама-каршылыктуу маалымат башка маалыматтын түрлөрүнө караганда, экстремисттик идеологиянын таралышына олуттуу өбөлгө болоору айтылган. Көбүнчө өлкөдөгү ар кандай медиа борборлору интернет аркылуу таратылган маалыматты колдонуу менен материал даярдашат. Мындай учурда алар коомчулукка ар түрдүү маалымат берүү менен катар, өздөрү кимдир бирөөлөрдүн азгыруусуна кирип, кайсыл бир экстремисттик идеяны таратуучу болуп калганын байкабай калышат. Ошол эле мезгилде, ар кандай түз алып көрсөтүүчү интернет сайттардын аң-сезимге ɵтɵ таасирдүү видео, аудио же сүрөттөрү ошол бойдон колдонулган учурлар кездешет. Өз мезгилинде мындай ыкмалар менен жазылган жаңылыктар зордукчул экстремизмдин идеялары өзгөртүүсүз таратып калат.

Иликтөөнүн жыйынтыктарына таянуу менен долбоордун кызматкерлери массалык маалымат каражаттарындагы жана интернет айдыңындагы зордукчул экстремизм идеяларынын таралышынын алдын алуу боюнча сунуштарды жана аны менен күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгышты. Алардын катарына журналисттер жана коомчулук менен байланышчу адистерди окутуу программасы, ошондой эле медиакампания кызматкерлери коомчулуктун кеңири катмарында тараган жогорудагыдай көйгөйлүү маселелерди кантип туура чагылдыруу ыкмалары жөнүндө мыкты жол жоболор камтылган.

Аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында медиадагы терс көрүнүштөрдүн орун алышына жол бербөө максатында экстремисттик идеялардын жайылышын алдын алуу үчүн биз өз-ара түшүнүүчүлүктү күчөтүү ыкмасын колдонобуз. Бүгүнкү күнү коомчулукта ар кандай экстермисттик идеялар таралып жаткан учурда журналисттер жана коомчулук менен иш алып баруучу адистер үчүн экстремисттик идеялардын жайылышына каршы күрөшүүдө зарыл болгон колдомо куралдары жетишсиз болуп калган учурлар кездешүүдө. Ошондуктан, биздин башкы максатыбыз, аларды керектүү колдонмо материалдар менен жетишээрлик деңгээлде камсыз кылуу» - дейт Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектебинин директору Инга Сикорская.

 

Долбоордун алкагында журналисттер жана интернет активистери экстремисттик идеялардын жайылышын дароо таанып билүүсүнө зарыл болгон заманбап ыкмаларды колдонууга үйрөтүлөт. Экстремизм жана терроризмди чагылдырууда жогорудагыдай ыкмаларды колдоно билүү, ислам маселесин терең түшүндүрүү жана түз эфирде таратылган тескери таасирдеги күчтүү маалыматтарды туура колдонууга жардам берет.

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Жоокерлер машине бөлүктөрүнүн базарынын жанында массалык башаламан убагында Ош ш., июнь 2010-жыл

  • Медиация жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тренингдин катышуучулары “Тынчтык мунарасын” куруп жатышат, Бишкек, апрель, 2011-жыл

  • Стереотиптерди бузуу боюнча журналисттер үчүн тренинг, Бишкек, апрель, 2012-жыл

  • Мультиулуттук журналисттик топтордо командалык репортаждарды жасоо боюнча семинар, Бишкек, август, 2012-жыл



Карта инцидентов




Билим берүү жана тренингдер


АДАМ УКУКТАРЫН ЧАГЫЛДЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГГЕ КАТЫШУУ ҮЧҮН СЫНАК

Борбор Азиядагы Тынчтыкты Орнотуу жана Медиа Технологиялар Мектеби Бишкекте 2022-жылдын октябрынын аягында, ноябрь айынын башында,…

Калганы


Вебинарлар


Инга Сикорская: чыр-чатактарды чагылдырууда тынчтыкты орнотуучу журналистика

 

Инга Сикорская: чыр-чатактарды чагылдырууда тынчтыкты орнотуучу журналистикаТынчтыкты орнотуучу журналистика же тынчтык журналистикасы деген эмне экенин, анын эл аралык практикада кандай аталарын билесиӊерби?

Бул – позитивдик журналистикабы?

Бул – бийлик кѳйгѳйдү кантип чечип жатканы жѳнүндѳ айтып берген баяндардын эсебинен чыр-чатактарды жумшартуубу?

Же бул – чагылдырып жаткан жаӊжалдын калыс хронологиясына негизделген фактылар менен пикирлердин теӊдемиби?

Жогорудагы үч суроонун бири дагы тынчтыкты орнотуучу журналистика болуп эсептелбейт. Себеби, журналистиканын бул багыты таптакыр башка принциптерге негизделген.

Тынчтык журналистикасындагы үч «БОЛБОЙТ» эрежеси:
– Чыр-чатакты жумшартууга БОЛБОЙТ; – Чыр-чатакта күнѳѳлүүлѳрдү издегенге БОЛБОЙТ; – Пикирлер менен талаптарды аныкталган факты катары тираждоого БОЛБОЙТ.

Тынчтыкты орнотуучу журналистика редакторлор менен кабарчыларга конфликттерди чагылдырууда ТАНДОО мүмкүнчүлүгүн берет. Башкача айтканда, алар аудиториянын конфликтке карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуусун камсыздоо үчүн кайсы фактыларды жана кандай контекстте берүү туура боло тургандыгын чече алат. Жаӊжалдар медиалардагы күндѳлүк жаӊылык билдирүүлѳрүнүн негизги бѳлүгүн ээлейт жана эл зордук-зомбулук жѳнүндѳгү маалыматты тынчтыкты сактоо үчүн  иш-аракеттин стандарттуу багыты сыпатында кабыл алып, түшүнѳт.

Бул болсо, маалымат ресурстарында алдыӊкы орундагы сенсациялуу жана согуш жѳнүндѳ жаӊылыктарга суроо-талап менен бирге, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын ролу да ѳсүп жатканын түшүндүрѳт. Журналисттер бейпилдик демилгелерин жаратуу үчүн коомдук пикирди пайда кылуу менен чыр-чатактын, согуштун же зомбулуктун ар кандай перспективаларын түшүнүү максатында  изилдѳѳ, талкуулоо жана диалог түзүү кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ тийиш.

Тынчтык журналистикасы – редакторлор менен кабарчылар коомго чыр-чатакка карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуу мүмкүндүгүн берүү максатында аудиторияга кайсы окуяларды жана кандай жол менен билдирүү керектигин тандоосу.

Эл аралык журналистиканын тарыхында ММКлар чыр-чатактарды козутуу боюнча айыпталган учурлар да бар. Кѳбүнчѳ бул же конфликттик абалды туура эмес чагылдырууга, же жеткилеӊ текшерилбеген маалыматка байланыштуу.

Ошондуктан, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын принциптерин түшүнүү этнос аралык, конфессия аралык, бир диндин ичиндеги, топтор аралык жана социалдык конфликттер сыяктуу эӊ татаал маселелерди чагылдырууда чыгармачыл ык-амалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Тынчтык журналистикасынын аспаптары тѳмѳнкү маселелерди чагылдыруу үчүн колдонулат:

  • этнос аралык
  • конфессия аралык
  • бир диндин ичиндеги
  • топтор аралык
  • социалдык чыр-чатактар.
  • Тынчтык журналистикасынын принциптери:

    Тынчтыкка багыттуулук

    Биринчи жана эӊ негизги эреже: эгер силер жогорудагы конфликттердин бирин чагылдырып жатсаӊар, анда проблеманы  тѳмѳнкү 3 негизги аспект боюнча изилдеп чыгуу зарыл:

    а) бул конфликттин тараптары кимдер

    б) чыр-чатактын ар бир тарабынын максаттары эмне

    с) тараптарды чырга алып келген эмне кѳйгѳйлѳр бар.

    Элден чыр-чатактар алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасирин тийгизгенин, кандай ѳзгѳрүүлѳр болушун каалаганын, лидерлеринин позициясы жалгыз жана мыкты натыйжа болуп-болбогонун сурагыла.

    Ошондой эле, тараптарды алардын лидерлерине гана цитата келтирип сыпаттабагыла.

    Бул эрежелерди сактоо менен, силер конфликттин эки тарабы үчүн бирдей баяныӊардын «оӊуштуу» деп аталган жалпы бейпил багытын пайда кылып, аны чечүү үчүн талкуу жарата аласыӊар. Мындай иш-аракетиӊер менен чырдашкан эки тарапты бирдей карайсыӊар,  репортажыӊарда экѳѳ теӊ «жеӊишке жете алат». Ошентип, балансты камсыздаган болосуӊар.

    Мисалы, кишилердин социалдык топторунун: шаардын кичи райондорундагы парк аймагына жакын кѳп кабаттуу үйдѳ жашаган, жер, экология үчүн күйүп-бышкан  жарандар менен базарда иштеген, жеке турак-жайлары жок, медициналык кызматтар жеткиликтүү болбогон ички мигранттардын ортосунда чыр чыкты. Алар балдарын алып барып, дарылатып турчу оорукана жакын жерде орун алгандыктан, парктын аймагына жайгашып алышты. Кичи райондун тургундары буга каршы чыгып, ортодо чыр-чатактар башталды.

    Аудиторияда ар бир тараптын муктаждыктары боюнча күмѳн саноолор болбошу үчүн силер бул эки проблеманы теӊ бирдей даражада кѳрсѳтүүгѳ тийишсиӊер. .

    Баяныӊардын  оӊуштуу багыты ошондой эле кѳӊүлдү конфликтке буруу жана келип чыгуусу мүмкүн болгон КѲРҮНБѲГѲН кесепеттердин алдын алуу максатында жаӊжалды проблема катары карап чыгуу үчүн ачык мейкиндикти түзүү дегенди да билдирет. Кѳрүнбѳгѳн кесепеттерге оору, травма, зордук-зомбулук, структуралык, маданий, экологиялык зыяндар кирет.

    Фактыларга багытталуу


Калганы


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее

Медиа-инновациялар лагери



Ичкериден кароо





Өнөктөштөр