ӨЭУнун көп түрдүүлүк, азчылыктар жана Кыргызстандын булуң-бурчундагы социалдык топтордогу маселелер боюнча иштешкен активисттер Бишкекте 2017-жылдын 23-ноябрында өткөн семинарда ЖМКдагы натыйжалуу коммуникацияга үйрөнүштү.
Тренингдин программасы интерактивдүү сессиялар жана топтогу тажрыйбалык көнүгүүлөрдөн турган. Катышуучулар коммуникациянын максаттары жана маалыматтык түрткүлөр жөнүндө билишти, ЖМК үчүн стандарттуу окуяларды кызык кылып сунуштоону, азчылыктын проблемасынын контекстиндеги ӨЭУнун ишмердигинБардык адамдардын укугу бирдей. Дискриминация же болбосо, басмырлоо, адам укуктары приницибине карама-каршы келет. Дискриминацияга туш болгон адам өз укуктарын жана эркиндигин колдонууну чектейт. Дискриминация учурлары экономика, саясат, коом, маданият болобу, бардык тармакта жайылган. Мындай басмырлоодон балдарыбыз дагы корголгон эмес.
Дискриминациядан балдарды кантип алдын алабыз деген суроого Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн Бейөкмөтбирикмесинин юристи Мирлан Медетов жооп берет.
-Кыргызстанда балдарга карата дискриминациянын түрү кайсы тармакта жайылган?
-Баарынан дагы ички мигранттардын балдары дискриминацияга көп душар болот. Бизде жашаган жерине карата катталат эмеспи. Тилекке каршы, мамлекеттен көрсөтүлгөн колдоонун баары жергиликтүү катталууга байланыштуу болот. Муктаж үй-бүлөлөр социалдык жардамга жетпей келет, бул негизинен саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында. Ички мигранттар балдары ооруканадан эч кандай жеңилдиктерди албайт. Мектептер дагы албай кыйналышат.
-Мындан улам, акча берип мектепке окуткан учурлар катталса керек?
-Ооба, мектептер толо болгондуктан орундар чектелүү экенин баары билет. Мындан тышкары, жарды үй-бүлөлөрдүн балдары дискримиинацияланат. Мамлекет жөлөк пул берүүдө үй-бүлөнүн кирешесин карайт. Эгер ал 900 сомдон бир сомго эле ашса, пособие берилбейт. Менимче, бул ачык эле дискриминация. Биринчиден, 900 сомго кантип жашаса болот? Экинчиден, кирешеси 950 сом түзгөн үй-бүлөнүн балдарын кантип жөлөк пулдан ажыратууга колу барат? 950 сом деле 900 сомдой аз эле, баарибир пособиеге муктаж экени көрүнүп турбайбы.
-Демек, мында мамлекеттен тарабынан дискриминация болуп жатат да?
-Ооба. Кирешеси 900 сомдон ашкан үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пул берилбейт деп мыйзамда жазылган. Менимче, бул мыйзам оңдолууга тийиш. Анткени көптөгөн адамдардын укугу бузулуп жатат. Анысы аз келгенсип, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары мектептен да запкы жейт. Мектеп фонду ата-энелерден төлөм чогултат. Колунда жоктор бошотулат дегени менен андай эмес. Кокус, акчаны төлөбөгөн окуучуларга карата мүдүр, мугалим тарабынан кадимкидей басым көрсөтүлөт.
-Адис катары абалдан чыгуунун кандай жолдорун көрөсүз?
-Биз балдардын укугун коргогон бирикмелердин кызыкчылыгын билдиребиз. Бул дагы чоң жетишкендик, анткени жалгыз уюмдун колунан аз нерсе келет, эгер биригип иш кылсак, үнүбуз катуу чыгат. Азыркы кезде иштеп жаткан мыйзамдардарды таасирин текшерип, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз. Эгер кайсы бир мыйзам мамлекеттик тейлөөгө бөгөт койгонун көрсөк, тиешелүү органдарга кайрылабыз. Ошондой эле коомчулукка дагы коңгуроо кагабыз.
-Балдарга карата дискриминациянын билинбеген түрлөрү кандай?
-Баарынан дагы балдарга карата жашына байланыштуу дискриминация көрсөтүлөт. Өзгөчө сот тармагында өкүм чыгарууда баланын пикирин көңүлгө алышпайт. Баткенде өспүрүмдү зордуктап койгон учур катталып, биздин кесиптештер коргоого алышкан. Жабыркаган баланын ата-энесине басым көрсөтүлүп, натыйжада алар доо арызын кайтарып алышкан. Зөөкүр жазадан кутулуп кетти. Бул окуя бир айылда орун алды. Баланын оюн эч ким сураган жок. Мүмкүн бала зөөкүрдүн түрмөдө отурушун каалайт. Бир айылдан жолуктуруп калса кандай абалда калаарын эч ким ойлогон жок.
-Ошондой эле ата-энеси ажырашкан учурда дагы бала ким калаарын баладан сурабаган учурлар көп....
-Ооба. Эгер ажырашуу соттук негизде жүрсө 10 жаштан тарта бала ким менен жашагысы келет деген суроо эс ке алынат. Бирок бала 8-9 жашында деле өз оюн билдире алат. Балдарды атасы менен жолуктурууда дагы көп катачылыктар бар. Мисалы бала көбүрөөк атасын көргүсү келсе, сот эки жумада бир жолу деген чечим чыгарып коет.
-Дискриминацияга учураган өспүрүм кайсы кызматка чалып жардам алса болот?
-Балдардын укугун жайылтуу боюнча атайын долбоор баштаган жайыбыз бар. Иш жүрүп жатат. Ага ылайык, мектептерде дискриминацияга учураган балдар арыз менен кайрыла алат. Мындан тышкары Акыйкатчы институтунда 115 ыкчам телефону бар. Социалдык коргоо министрлигинин астында 111 телефонуна чалып кеңеш жана жардам алса болот.
-Маегиңизге рахмат.
Маалыматтык тармак азыркы учурда жалган жаңылыктар менен толуп кеткен. Жалган жаңылыктарды ("утка”, "фейк”) жалпы агымда айкындап билүүгө мүмкүн эмес. Алар кең коомдук тармакка токойдогу өрттөй тез жайылат. Бул маалыматтык таштандыларды кантип тапсак болот, чын жаңылыктарды жалгандардан кантип айырмалай алсак болот?
АКШдан келген журналистика профессору Светлана Куликова "Коомдук тармактардагы саясий дискурстар” лекциясында өткөн жылкы АКШда өткөн президенттик шайлоолорун негизинде жалган жаңылыктардын түзүү технологиясы жөнүндө маалымдап берди.
Фейк Facebook’та кантип иштейт
— Материал түзүлөт – жана сырткы сайтында көчүрүлөт.
— Шилтеме өзгөчө аталышы менен бир нече өзгөчөлөнгөн саясий топтордо жайылат.
— Топтун жазылуучулары шилтеме боюнча топко киришет, ошондо сайттын ээлери жарнамадан пайда табып, кийин достору менен бөлүшүп алышат.
— Көбү жөн гана кирип койбой, кошумча дагы эмоциялуу комментарий жазып коюшат.
— "Фейк”тер дагы көп деталдар жана майда-чүдө менен өсүп андан да кең жайылып кетет.
— Барган сайын окурманга маалыматтын булагын тапканы кыйын болуп барат, жана анын чын болгонун далилдөөгө мүмкүндүк калбай калат.
Фейкти кантип айкындап билсе болот
— Ким жаңылыкты жиберди – жарыялап койду (коомдук ойдун башчылары жана саясий наркомандар)
— Жаңылыктын булагын табып билүү (вебсайт)
abcnews.com же abcnews.com.co.
— Жарыяга көрүнүктүү кесипкөй жана ишеничтүү медиялар шилтемелешкенби текшерип көрүү.
— Өзгөчө тейлөөлөрдө факттарды текшерип көрсө болот
www.politifact.com www.factcheck.org www.snopes.com.
— Жарыяда цитаталар барбы экен карап көрүү жана алардын чындыгын сынап көрүү.
— Жарыяга жабышкан комментарийлерди окуп көрүү.
— Эгер сүрөтү бар болсо, аны Google’дун издөөчүсүнөн өткөрүп көрүү.
— Эгер жарыянын чын болушуна шектериңиз бар болсо, аны таратканы сунушталбайт.
Терс таасирлери
Светлана Куликова уктоо таасири жөнүндө:
Эгер элге берилип жаткан жаңылык терс болуп, бирок шектүү булактардан чындыкка жакын маалымат берилип жатса, убакыт өткөнчө адамдар булагын унутуп, ал жаңылыкты чындай кабыл алышат (бул ушактардын сакталгычтыгын түшүндүргөн теорияларынан бири).
Агым жана кайталануу таасири: Эгер баары ал нерсе жөнүндө талкуу жаратып жатышса, анда ал чындык болушу керек.
2016-жылдын 15-февралында Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар Мектеби уюштурган "Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминация”деген коомдук дискуссия өттү.
Иш-чарага Канаданын Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы элчиси Шон Стайл, КР Президентинин Аппаратынын этника, дин саясаты жана жарандык коом менен өз ара байланышуу бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин мониторинг Борборунун жетекчиси Аблабек Асанканов эл аралык, жарандык, диний уюмдардын өкүлдөрү жана медиа эксперттери катышты.
2016-жылдын 4-февралында "Сова” (Россия) маалыматтык-аналитикалык борбордун директору, эксперт Александр Верховскойдун "Сөз эркиндиги: кантип ЖМКдагы жана Интернеттеги айткандар үчүн жапа чекпесе жана антиэкстремисттик мыйзамды бузбаса болот. Кыргызстандагы чындык жана Россиядагы практика” деген аталыштагы интерактивдүү лекция өткөрдү.
Иш-чарага эксперттер, адвокаттар, журналисттер, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келишти.
Тынчтыкты орнотуучу жана медиатехнологиялар мектеби"ЖМКдагы, Интернеттеги жана коомдук дискурстагы душмандашуу тили - Кыргызстан-15” боюнча аралык отчетун берди. Отчетто 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында кыргыз жана орус тилиндеги басылма, теле-радио, онлайн медиа жана социалдык тармактардагы анализдин жыйынтыгы жана жылдардын башка убактылары менен салыштыруу, ошону менен катар талаа изилдөөлөрүнүн негизинде чыгарылган жыйынтыктар чагылдырылган.
Отчетто 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында кыргыз жана орус тилиндеги басылма, теле-радио жана онлайн медиа жана социалдык тармактардагы анализдин жыйынтыгы жана жылдардын башка убактылары менен салыштыруу, ошону менен катар талаа изилдөөлөрүнүн негизинде чыгарылган жыйынтыктары чагылдырылган.
Кыргызстандын медиа талаасындагы ой-пикир эркиндиги ачык эле ксенофобиялык сөздөргө, саясий сыпаасыздыкка негизделген жек көрүү лексикасы менен тыгыз чектешүүдө жана ЖМКдагы журналисттик стандарттын төмөнкү деңгээлине басым жасалган, ал эми социалдык тармактагы посттор кээде тармактык агрессияга үндөйт. Кыргызстан Борбор Азиядагы кошуна мамлекеттердин ичинен сөз эркиндигинин рейтингинде[1], жогорку көрсөткүчтөрдү ээлесе да, этика маселесинде көп кемчиликтерге ээ.
ЖМКнын өнүгүүсү жана душмандашуу тили боюнча алектенген Тынчтыкты орнотуучу жана медиатехнологиялар мектеби кээ бир орус жана жергиликтүү жалпыга маалымат каражаттары, онлайн басылмалардын «Кыргызстандагы башкы мамлекеттик канал улутчулдукту пропагандалоодо» деген аталыштагы «Арстандар жана чөөлөр жөнүндө» деген аттуу макала боюнча медиадагы жана Интернеттеги полемикалар менен комментарийлерди иликтеп чыккан.
Макала 2015-жылдын 19-майында, «Московский Комсомолец-Азия» гезитинде жана веб-сайтында жарыяланган. Анда сөз КР жазуучулар Кошунун мурдагы төрагасы жана коомдук ишмер Абдрахман Алымбаевдин 2014-жылдын декабрь айындагы КТРКнын эфиринде «Тоолуктардын ток шоусу» деген телеберүүсүндөгү орой сүйлөгөндүгү жөнүндө болгон. Аталган программанын алып баруучусу жана эфирдин коногу Кыргызстанда жашаган этностордун арасындагы айырмачылыктарды талкуулашкан. «МК-Азия» гезитиндеги макаланын автору А.Абдрахмановду жана КТРКны «улутчулдук идеяларын билдирүүдө» деп күнөөлөөдө. Ошондой эле 2015-жылдын 19-майында You Tube сайтына телеберүүнүн ошол бөлүгүн чагылдырган 4 мүнөттүк видео жайгаштырылган.
Тынчтыкты орнотуучу жана медиатехнологиялар мектебинин эксперттери акыркы жума ичинде ЖМКда жана Интернетте бул теманы талкуулаган 150 кыска макаланы, постторду, комментарийлерди аныкташкан. Публикациялардын бир топ бөлүгү жек көрүүнүн лексемаларын, ксенофобиялык клишелерди жана стереотиптерди камтыган, эки тарапка тең тийиштүү адамгерчиликсиз метафораларга бай келген. Бул маселе боюнча пикирин билдирген коомдук спикерлерди цитаталоодо, журналисттер жек көрүүгө толгон сөздөрдү пайдаланган. Мындай кадам өз кезегинде аудиторияга жана комментаторлорго терс таасирин тийгизген жана алар да кемсинтүүчү тилди трансляциялашып, дискуссияга тартылган.
Тынчтыкты Oрнотуу жана Mедиатехнологиялар Mектеби жергиликтүү ЖМКдагы жана Интернеттеги сөз эркиндигине анализдин жыйынтыктарын чыгарды. Эксперттер медиа-контенттин калыптануусуна коомдук-саясий окуялардын күн тартиби таасир кылаарын белгилешти. Анализдөө ЖМК акыркы 4 айда эң көп көңүл бурулган 7 негизги теманы аныктады. Анан да макалалар менен посттордун көбү жек көрүүнүн лексикасы менен коштолгон. ЖМК менен Интернеттеги тема болуп кытай экспансиясы жана Кумтөр маселеси, ошондой эле репортаждар макала менен посттор Кыргызстандын Бажы Союзуна кирүү маселесин арналган.
Состоялся обучающий курс для молодых политических советников Центральной Азии по стратегическому планированию, который ежегодно организуется…
Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?
Это – позитивная журналистика?
Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?
Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?
Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.
Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.
Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",
"Как освещать многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.
Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.
Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.
Группа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.
Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:
·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;
·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);
·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);
·аналитические обзоры по заданной тематике;
·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);
·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;
·консультации по созданию медиа-кампаний;
·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;
·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;
·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);
·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;
·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;
·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;
·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).
Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker