Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту


Көп түрдүүлүк деген эмне жана эмне үчүн ал бизге маанилүү болушу керек?

 6-05-2014, 11:42

Көп түрдүүлүк деген эмне жана эмне үчүн ал бизге маанилүү болушу керек?Улуттук, саясий жана экономикалык айырмачылыктарга карабай, биз барыбыз тиги же бул жамааттын мүчөлөрүбүз жана жалпы коомдун айрылбас бөлүгү болгубуз келет.





“ЖМК аркылуу ар түрдүүлүктү жайылтуу” долбоору ишке кирди

 17-04-2014, 17:22
"Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” Коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби “Сорос – Кыргызстан” Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырыла турган “ЖМК аркылуу ар түрдүүлүктү жайылтуу” деген жаңы долбоорду жарыялоодо.



Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектеби “Кыргыз Республикасындагы ЖМКда жана Интернетте душмандашуу тили-2013” жыл сайынкы докладын сунуштады

 17-02-2014, 23:16

Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектеби “Кыргыз Республикасындагы ЖМКда жана Интернетте душмандашуу тили-2013” жыл сайынкы докладын сунуштадыДокладдын орус жана англис тилдериндеги толук версиясы сайтта жарыяланган http://ca-mediators.net/ru/ru_news/81-yazyk-vrazhdy-v-smi-i-internete-sostoyalas-prezentaciya-ezhegodnogo-issledovaniya.html

Бул изилдөө 2013-жылдын март-апрель жана октябрь-ноябрь айларындагы медиа-мониторинг тобу тарабынан өткөрүлгөн.

Отчет Ош, Жалалабат жана Баткен облустарында басмадан чыккан гезиттердин жана ошондой эле Бишкек менен Чүй облустарында таратылган басма ЖМКларынын, он-лайн басылыштардын жана социалдык тармактардагы посттордун алардын ичинде чыр-чатактык стереотиптердин жана ксенофобдук пикирлердин камтылуусун текшерген контент-анализинин натыйжаларын чагылдырат.

ЖМКнын учурдагы контент-анализи изилдөөнүн актуалдуулугун жана өз убакытында жасалганын көрсөтүп, Кыргызстандын коомунда конфликтогендиктин бар болушун айкындаткан бир катар факторлорду тапты. Докладда душмандашуу тилинин тенденциялары, салыштырмалуу анализи жана динамикасы, субъекттери жана курмандыктары, эң көп тараган клише жана стереотиптердин мисалдары келтирилген.





КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ ЖУРНАЛИСТТЕР ҮЧҮН ТЫНЧТЫКТЫ ОРНОТУУЧУ ЖУРНАЛИСТИКА БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

 1-11-2013, 00:00

2013-жылдын  24-25-26-27-октябрларындаБишкектеОш, Жалал-АбаджанаБаткеноблустарындагыжурналисттерүчүнтынчтыктыорнотуучужурналистика,  талаш-тартыштардычагылдыруутехникасыжанастереотиптердижоюубоюнча « АрачылардыэлдештирүүчүТармагы» (Network of Social Mediators) коомдукфондунунТынчтыктыорнотуужанамедиа-технологияларМектеби (School of Peacemaking and Media Technology) уюштургантренингболупөттү.

 

Иш-чаранынмаксатыкатарырепортерлордукоомдогутирешүүконфронтациясынынкүчүнтөмөндөтүүүчүн  медиа-инструменттергеүйрөтүү, сырттанкелген, туруктуулуктанчыгарган,чыңалуунукүчөткөнмаалыматаргакаршытуруутехникаларынүйрөтүү; талаш-тартыштарданкийинжурналисттердинөзүн  реабилитациялоо, ЖМКнынтынчтыктыорнотуучуаракетининнатыйжалуулугунжогорулатууүчүнбиргелешкенмеханизмдериниздөөкоюлган.

Тренинг интерактивдүү дискуссия формасында өткөрүлдү. Журналисттер талаш-тартыштарды чагылдыруунун теориясы менен таанышты, ошондой эле өзүнүн билимин Мектептин  тажрыйбалуу тренерлери Ариф Алиев (Азербайджан) жана Ашот Меликян (Армения) даярдаган интерактивдүү оюнга катышуу аркылуу бекемдешти.

 

Ошондой эле, тренингдин катышуучулары ксенофобиялык стереотиптерди жеңүү боюнча жергиликтүү журналисттердин душмандашуу тили камтылган макалаларын иштеп жатып өзүнүн билимдерин пайдаланышты.

 

Тренерлердин жардамы менен журналисттер стереотиптердин Глоссарийин иштеп чыгышты, бул талаш-тартыштуу зоналарда иштеп жаткан журналисттер үчүн күнүмдүк пайдалануучу китеп болушу керек.

 

«Мен тренингде көп пайдалуу билимдерди алдым. – дейт тренингдин катышуучусу, «Ош шамы» гезитинин корреспонденти Апизахан Амитова. Эми мен талаш-тартыштарды кантип туура чагылдыруу керектигин билем».

«Oshmedia» сайтынын корреспонденти Алина Сыдыкова ага кошумчалап, биздин региондо чагылдыра турган маселелер көп экендигин, бирок бул иш кооптуу экендигин  айткан. «Бул тренинг бизди талаш-тартыштарды чагылдырууга, ошондой эле журналисттер талаш-тартыштардан кийин кантип калыбына келиши керектигин үйрөттү».

Ушул күнгө чейин Кыргызстандын түштүгүнөн тынчтыкты орнотуу жана жаңы медиа-технологиялар Мектебинен  80ден ашык журналист даярдыктан өттү. Окутуу дүйнөдөгү талаш-тартыштуу зоналар: Балкан жана Кавказдагы медиа-диалогду түзүү боюнча практикалык тажрыйбаларга негизделип, атайын иштелип чыккан методикалар менен өткөрүлгөн. Мектептин алкагында стереотиптерди, клишелерди бузуу жана ЖМКда душмандыктын образын бузуу боюнча вебинарлар өткөрүлдү.





Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technology) түштүк Кыргызстандын кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде басып чыгарылган жана онлайн басмаларынын журналисттери үчүн тренинг-семинарга катышууга конкурс жарыял

 9-09-2013, 16:12

Тренинг ЖМКда тынчтыкты орнотууну илгерилетүү, тынчтыкка жетишүү үчүн жаңжалдардын көйгөйлөрүн ачык-айкын талкуулоого журналисттердин жөндөмдүүлүктөрүнө демилге берүү, карама каршы турган жактардын ортосунда “көпүрөлөрдү” түзүү ыктарына, маектешүүгө даяр болгон ар кандай коомдордон жигердүү топторду таап чыгуу техникаларына, бар болгон стереотиптерди талдоого жана аларды бузуу ыкмаларына үйрөтүү максатында уюштурулган.

Түштүк Кыргызстандын журналисттери үчүн төрт күндүк тренинг-семинар Балкандар жана түштүк Кавказ сыяктуу дүйнөнүн жаңжалдуу зоналарында медиа-маек түзүү боюнча иш жүзүндөгү бай тажрыйбасы бар медиа-эксперттердин тажрыйбалуу командасынын кол алдында өткөрүлөт. 

Иш-чара интерактивдүү талкуу, теория менен практиканы айкалыштыруу формасында болуп өтөт.

Өткөрүлө турган жер – Бишкек, датасы – 2013-жылдын 24-, 25-, 26-, 27- апрели (келүү – 23-апрель, кетүү -28- апрель).Баардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

Тренинг-семинарга катышуу үчүн 2013-жылдын 10-октябрьда чейин www.ca-mediators.com сайтындагы электрондук анкетаны толтуруу же резюмеңиз менен жүйөлүү катты дарек боюнча жөнөтүү зарыл. Жүйөлүү катта эмне үчүн Сиз бул тренингге катышкыңыз келерин, жана андан ары бул Сиздин кесиптик иш-аракетиңизге кандай таасир этерин белгилешиңиз керек. Ошондой элеpeacemakingschool@gmail.comэлектрондук адресине паспортуңуздун сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтүүзарыл.  

Конкурстук табыштамалар толук жыйнак болгондо гана каралат. 





«МЕДИА-ИННОВАЦИЯЛАР ЛАГЕРИНИН» ЖМК-ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ ТЕХНИКАЛЫК ЖАРДАМДЫ ТАПШЫРУУ БАШТАЛДЫ

 5-09-2013, 16:12

Техникалык жардамды тапшыруу 2013-жылдын 06-сентябрында «Арачылардын элдештирүүчү тармагы» КФ (Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар) офисинде өткөрүлөт.

 

 

Сынакта жеңишке ээ болгон эң мыкты мультимедиялык жети долбоор  кайтарымсыз негизде 13 ноутбук жана нетбук, компьютер, 3 диктофон, 5 видеокамера жана фотоаппараттарды, смартфондорду, офистик копировалдык техниканы, 3G-модемдерди, ошондой эле кошумча аксессуарлар менен алмаштыруучу тетиктерди алышат.

Мындан тышкары жеңүүчүлөргө Интернетке, веб-иштелмелерге сарпталчу каражат жана «СуЛей-Инфо» (Исфана, Баткен облусу), «Шахтер жолу» (Сүлүктү ш.) жана «Аймак» (Жалал-Абад шаары) гезиттеринин редакцияларында консультация өткөрүп, алардын он-лайн продуктун жолго койгон техникалык адистин кызмат акысы да төлөнүп берилет.

Алты ай аралыгында «Арачылардын элдештирүүчү тармагы» КФ жеңүүчүлөргө этабы менен программалык камсыздоо жана флэш-карта түрүндө кошумча техникалык жардам берип турат.

Жергиликтүү редакцияларды колдоо жана алардын мультимедиялык контентке өтүүсүнө өбөлгөлөө - 2013-жылы июль айында өткөн «Медиа-инновациялар лагери» долбоорунун негизги этаптарынын бири.

Анда жергиликтүү ЖМКнын 19 журналисти мультимедиялык мозаика түзүүнүн, фотонун, видеонун жана инфографиканын, мультимедиялык сценарийди жайгаштыруунун, жөнөкөй сайттарды иштеп чыгуунун, Интернете контентти илгерилетүүнүн, медиа-менеджменттин техникасынын, полиэтникалык аудитория үчүн обьективдүү макалаларды жазуунун  заманбап методдору боюнча интенсивдүү сабактар өткөрүлгөн. 

 

              

 

             Мультимедиялык долбоорлордун ТИЗМЕГИ:

 

      -Жалал-Абад шаарынын «Аймак» гезити («Этника аралык мамилени жакшыртуу боюнча долбоор»)www.aymak.kgвеб-сайт модернизациялап жатат, он-лайн контентти башкаруунун дизайнын жана башкаруунун жаңы түзүмүн иштеп чыгууда. Иштин экинчи этабында сайтты «Менин шаарым» деген рубриканын алдында ар бир этникалык топко арналган тематикадагы маалымат менен толтуруу пландалып жатат.

 

     -Сүлүктү шаарындагы «Шахтер жолу» гезити («Түркүн медианы пайдалануу менен калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча долбоор»), жергиликтүү органдарды «Элдик жаңылыктар», «Батыл репортер бол!» деген сынактар аркылуу тартып, жергиликтүү калк менен аракеттешүүгө чакырганга аракет кылышат. Бул максатта редакция сайт үчүн кошумча мобилдик мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгып, анын ыкчамдыгын жогорулатат.

 

  -    Бишкектик «Финансист» гезити («Интерактивдүү он-лайн платформаларды түзүү аркылуу экономикалык маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү»), сайттын бир нече тилдеги платформасын иштеп чыгат. Сайтта кирүүчүлөрдүн, жаңылыктардын рейтингин статистикалык каттай турган функциясы, кирүүчүлөр каттала турган мүмкүнчүлүгү, инфографикалык элементтери, таймлайны, панорамалык жаңылыктары бар болот.

 

    -  Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарындагы «СуЛей-Инфо» гезити («Райондун жашоочуларынын социалдык проблемаларын маалымат  таркатуу жана процесске тартуу аркылуу чечүү долбоору») жергиликтүү жаңылыктарды камтыган рубрикалар менен толтурулган мультимедиялык сайты ишке киргизишет.  Иштин башкы этабында редакция сайттагы жаңылыктарды кагазга чыгарып, калктын арасындагы маалымдуулукту жогорулатууну көздөп жатышат.

 

    -Ош шаарынан «Данек» гезити («Жаш, мультимедиалык журналисттерди даярдоо жана контентти илгерилетүү долбоору») жаш журналисттерди он-лайн чөйрөдө контент жаратуу жана илгерилетүү боюнча мультимедиялык техникаларды үйрөтүүгө багытталган. Аны үчүн редакция мультимедиялык материалдар менен иштөө жана сайта репортаждарды жайгаштыруу боюнча тренинг өткөрөт. 

 

  -Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын «Жумгал KG» веб-сайты («Райондо маалыматтын тартыштыгын жоюу долбоору»), подкасттарды, инфографиканы жана башка мультимедиялык элементтерди пайдаланат. Сайт өздөрүнүн жеке каражаты аркылуу реклама жана жарыялардын айынан камсыздандырылат.  

 

     - «АКИpress-Ош» маалымат агенттиги, («Жаштар медиа-демилгелери калкка көмөк катары») Ош шаарындагы олуттуу социалдык көйгөйлөрдү издөө жана чагылдыруу менен алектенген жаш, жарандык журналисттерди ишке тартат.





Кантип мультимедиялык журналист болсо болот?

 20-08-2013, 16:15

Алгач өз алдынча жөнөкөй техника менен фотого жана видеого тартканды өздөштүрүп алыш керек, интернеттеги жеткиликтүү акысыз сервистерде инфографика жасап көрүп туруп, аны бириктирүү талап кылынат, деп кеңеш берет медиа-инновациялар Лагеринин мультимедиялык репортаждарды өндүрүү боюнча жетектөөчү тренерОксана С

Мультимедиялык журналист бул адистик. Ар бир адистиктей эле кесип базалык принцип менен көндүмдөргө негизделет. Мультимедиалык журналистжакшы жазат, жакшы тартат, фото менен инфографиканы да жакшы жасайт.

 Эгер сиз мурда гезит үчүн гана жазып жүрсөңүз, анда сиз фотосүрөт тартууну үйрөнүшүңүз, композиция деген эмне, түс деген эмне экенин жогорку деңгээлдеги  адис катары эмес, негизги талаптарын билишиңиз керек. Бул композициялык жактан туура жайгаштырууда абдан зарыл болгон фотолорду тартуу үчүн керек. Мындай базалык билимди аралыктан эле үйрөнсө болот. Интернетте ага арналган китептер көп, ошондуктан чамдагыла! Андан соң күнүмдүк көнүгүү гана керектелет.

 

Фотого тартууну өздөштүргөндөн кийин, видеону баштасаңыз болот. Видео фотодон эмнеси менен айырмаланат, монтаж деген эмне, кандай пландар бириктирилет, кайсылары жок? Кайра эле Интернеттен “видеомонтаждоонун негиздери” деген китепти издейбиз, окуйбуз, тартабыз. Анда деле классикалык,  кымбат, чоң камеранын болушу шарт эмес.

 Супер адистердин чоң техникасын өздөштүргөнгө умтулуунун деги эле кажети жок! Аны телевидениеде иштегендерге койгула. Вебге жайгаштырганга жарай турган, жакшыраак сүрөт тартса боло турган смартфон эле жетиштүү. Мультимедиялык журналисттехнологиялары менен эмес (аны билсе да), аны жайгаштыра билгендиги менен белгилүү.

 Мультимедиялыкжурналист – булокуяны айтып бергенге куштар репортер. Ал бир көйгөйдү көрдүбү, анын атынан окуяны көрөт. Ал окуяны көрүп туруп эле, ошол эле маалда катардагы классикалык журналист катары маалымат чогултат. Бирок ал ошол эле мезгилде ал окуяны өзүнүн мээсинде мультимедиялык форматта бириктире баштайт: “Бул жерде абдан көп адам чогулган го! Балким мен бул окуяны жакшыраак чагылдыруу үчүн панораманы 360 градуска жасайм го” - дейт.

 Же мисалга, окуя көптөгөн кыймылдар менен коштолот дейли. Адамдар жүгүрүп баратат, велосипедчендер айдап баратышат, бир нерсе кулады, кимдир-бирөө кыйкырды. Мунун баарын видео аркылуу берген жакшыраак. Мультимедиялык журналист буга бат реакция кылат, шак смартфонун алып, тарта баштайт, элдердин пикирин жыйнайт, офисине чуркап барып (же ошол эле жерден ноутбугунда) майда бөлүктөрдөн – чакан тексттерден, фотолордон, бир аз инфографикадан окуяны жыят. Азыркы технологиялар адамдарга жогорку деңгээлдеги программаларга ээ болтурбай эле койгонго мүмкүнчүлүк берет, бирок сандар жана маани-маңызга ээ болуусу, алар менен иштеше билүүсү милдетүү.

 Сен мультимедиялык журналистикага окуп жатканда классикалык журналистиканы да, маалыматы издөөнү жана аны текшерүүнү, каармандарды издөөнү, туура суроолорду берүү аркылуу методдор менен аларды ачууну, сандарды салыштыруу жана маалыматтарды текшерүүнү  унутпай, көңүлдө алып жүрүш керек. Бул технологиялар менен алмашылбай турган нерселер.

 Мультимедиялык журналист болуу үчүн көп эмгектенип, көндүм чогултуу керек. Күнүмдүк көп сааттар бою эмгектенгендикти эч кайсы университет менен лекциялар алмаштыра албайт.  Мына ушундай жол менен гана мультимедиялык кесипке үйрөнсө болот. Ката кылгандан коркпогула, улам жакшы жасаганга жана андан ырахат алганга умтулгула!





“Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын жети (7) басылма жана он-лайн ЖМКсына техникалык жабдуу менен камсыз кылуу үчүн тендер жарыялайт:

 3-08-2013, 16:16

Лот №1 Компьютерлержанаага кирүүчү жабдуулар (ноутбуктар, нетбуктар)

Лот №2 Фотоаппараттар, камералар, диктофондор

Лот №3 Интернет кызматтар, веб-дизайн, сайтты иштеп чыгуу

Жабдуулардын так тизмегин жана тендердик документацияларды Бишкек ш,. Манас проспекти 101/1, 412 бөлмө. Тел: 694015, 0778 692893 (Камилла Асыранкуловадан),

Email: peacemakingschool@gmail.comwww.ca-mediators.net дарегинен аласыздар.

 

Тендердик табыштамаларды 2013-жылдын 20-августунда, саат 18:00 кеч эмес, чапталган конвертте жиберүү зарыл.





Биз жөнүндө

 27-02-2013, 16:17

“Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” Коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби(SchoolofPeacemakingJournalismandMediaTechnology)жаңжалдан кийинки мезгилде окутуу жана жергиликтүү журналисттик коомдоштуктун дараметин куруу үчүн 2010-жылдын июнунда түзүлгөн.

Мектептин негизги окутуу программалары Кыргызстан түштүгүнүн жана Фергана өрөөнүнүн көп улуттуу кабарчыларынын топтору үчүн көп деңгээлдүү тренингдерден турат.

Көпкө чейин жаңжалдардын зоналарында иштеген тажрыйбалуу эл аралык жана жергиликтүү медиа-адистерден жана конфликтологдордон турган Мектептин эксперттеринин жана тренерлеринин кесипкөй командасы жаңжалдан кийинки Кыргызстан үчүн тынчтыкты орнотуу журналистикасынын концепциясын иштеп чыккан. Дээрлик үч жылдын ичинде анын негизинде жергиликтүү кабарчыларды стереотиптерди жана клишелерди бузуу, душмандын элесин жеңүү, ар кандай этностук коомчолордун ортосунда ачык маекти куруу, медиа аркылуу коомду жаңжалдан кийин реабилитациялоо техникаларына үйрөтүү ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле Мектептин тренерлери тынчтыкты орнотуу журналистикасы боюнча жаңы медиа-инструменттерди – командалык репортаждарды өндүрүүнү окутууга киргизген. А дегенде бул техникалар жаңжалдан кийинки мезгилде Македонияда, Балкандарда ийгиликтүү жүзөгө ашырылган, ал эми 2012-жылы Кышкы Мектептин убагында курстун автору Эран Френкель тарабынан биздин окутуу программабызга киргизилген.

Ош шаарындагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектебинин(SchoolofPeacemakingJournalismandMediaTechnology) Сырттагы офисине негизделген медиа-мониторинг тобу кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде чыккан ЖМКдын контентин аларда душмандыктын тили жана конфликтогендик стереотиптердин бар болушу тууралуу изилдейт. Бул изилдөөлөр тренингдик материалдарды иштеп чыгуу, ошондой эле журналисттик стандарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн негиз катары колдонулат.  

Ошондой эле “Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” Коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби (SchoolofPeacemakingJournalismandMediaTechnology)Кыргызстандын жана Өзбекстандын активисттеринин жана укук коргоочуларынын бир нече тобун арачылык техникаларына жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмаларына, жаңжал мезгилинде жана андай кийин ӨЭУ үчүн жаңжалдык топтомдорду иштеп чыгууга үйрөткөн. Бул ыкма АКШнын Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Гарвард мектебине таандык жана биринчи жолу биздин окутуу курсуна биздин долбоор менен кызматташкан Гарварддын бүтүрүүчүлөрү тарабынан киргизилген.







  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры